Бишкектин монументтери: “Эл куту” монументи

маданият 06.08.2018

Бишкектин монументтери: “Эл куту” монументи

Джошик Мурзахметов

Бул материал «Бишкектин монументтери» журналынан алынды (Май, 2018). Бул чыгарылышта биз мурдагыдай эле шаардагы объектилерге кайрылабыз. Бул жолу биз монументтерди жана эстеликтерди колго алдык. Саясий жана социалдык-экономикалык контекст өзгөргөндүктөн улам, алар дискурстун доминантасын белгилеп, же тескерисинче убакыттын өтүшү менен ошол доминантаны жоготуп, символикалык объектилер катары өз милдетин аткарганы үчүн бизди кызыктырышат. Биз мындайча бул объектилер пайда болгон, трансформацияланган жана өмүрүн уланта берген процесстерге жана нарративдерге өз көңүлүбүздү бурабыз.

“Мурда, эстеликтин постаменттеринде өткөн мезгилдеги көрүнүктүү ишмерлердин колодон куюлган статуялары турган, алар колунда саясий, социалдык-маданий бийликти толугу менен кармап турушкан, – деп, “Эл куту” скульптуралык-архитектуралык композиция тууралуу жаш сүрөтчү Бермет айтып берет, – айкелдердин жоголушу менен, эстелик башкача мааниге ээ болуп калды: эскиге байланып кала бербей, азыркы жаштардын колуна бийликти өткөрүп берүү керек. Ошентип, биз “өмүрүмдө чоң жетишкендиктерге жетип көрө элекмин” деп эсептеген жаштар менен чогуу перформанс иш-чарасын өткөрдүк. Бул монумент, ар бир киши анын үстүнө тырмышып чыгып, постаменттерине туруп алууга кызыктырат. Мен да ага чыгып көргөм” (Бермет, интервью, 22-апрель, 2018).

“Эл куту” монументи, автору скульптор-монументалист Тургунбай Садыковдун каржылык колдоосу менен 1995-жылы Бишкекте Жаштар аллеясында тургузулган. Кыргызстандын коомдук турмушунда 90-чу жылдар – өткөндүн жана учурдун “каармандарын” кайрадан баамдап, башкача түшүнүү аркылуу, советтик интеллигенциянын иденттүүлүктү аныктоо багытында мамлекеттик жана жеке өздөрүнүн демилгелеринин өкүм сүргөн мезгили болгон. Кыргыз интеллигенциясы жаңы өзгөрүүлөр доорунда, өлөр-өлбөс болуп, араң жаны менен советтик мезгилден бери энчиге калган, элес-булас болуп көрүнгөн бийликке эптеп карманып турган эле. Ал шуулдаган бойдон дүркүрөп, өнүгүп-өрчүп бара жаткан капитализмдин акыркы вагонуна секире кирип калганга жетишпей калып, элдир-селдир болуп, өз тобуна кирбегендерге жана тайманбаган жаштарга карата романтикалык мүнөздөгү солипсизми менен коштолгон парадоксалдык позасында туруп, XXI кылымдын жолунун четинде калып калышты.

Сүрөт: Мусуркулов. 1998. 0-60355. КР БМА.

“Мунун баары 90-жылдарда, бардык жерлерде эстеликтер ырайымсыздык менен талкаланып баштаганда пайда болуп баштады. Буларды өз көзүң менен көрүү өтө өкүнүчтүү”, – деп, Т.Садыков аркы-беркини көп түшүнө бербеген, жакыр кыргыз коомунун ошондогу акыркы күндөрү жөнүндө айтат (Sputnik.kg, 2015).

“Эл куту” скульптуралык-архитектуралык композициясы Кыргызстандын тарыхый доорунун 29 коомдук ишмеринин башын бириктирген: алардын арасында автордун замандаштары болгон жана өткөн мезгилде жашап кеткен коомдук ишмерлер, маданият, көркөм өнөр ишмерлери болгон. Алардын арасында академик, Кыргызстандын ошол кездеги президенти Аскар Акаев да бар эле. Бирок, эстеликтин мындай көрүнүшү шаар топографиясында башталыш күндөрүндө гана сакталган. Ондогон жылдардан бери эстелик, алгачкы коннотациясын жоготуп, бөтөнчө баамдалат. “Мен Кыргыз улуттук университетинде окуп жүргөн кезимде эле бул эстеликке көңүл буруп калгам, мен бул бир кызыктай болгон эстеликтин жанынан күнүгө өтөр элем. Жүрөккө, же кандайдыр бир бак-даракка окшогон эстелик эмне үчүн, кимдин урматына тургузулганы мага түшүнүксүз болчу. Бир жолу, ушунчалык кызыгып кетип, эстеликке жакыныраак басып келдим да, анын бетинде мурда жашаган атактуу кишилердин аты-жөндөрү жазылып турганын көрүп калдым. Алардын аты-фамилияларынын үстүндө шаңдуу айкелдери турганы түшүмө да кирмек эмес. Кийинчерээк гана, айкелдер түстүү металл катары өткөрүү үчүн уурдалып кеткендерин билдим. Менин оюмча, ата-бабаларыбыздын айкелдери жок болгон бул эстелик коомубуздун учурдагы акыбалын анык мүнөздөп турат: жүрөгүбүздө өтүп кеткен доорго болгон кусалыгыбызды алып жүрөбүз, бирок азыркы учурда баатырлар пайда болбой жатат. Баатырлар өткөн мезгилде калды, интернетте, социалдык тармактарда жалпы элге жашообузду ачык кылып көрсөтүп, турмуш сүрүп жатсак дагы, азыркы турмуштун бөтөнчө бир касиети, өзгөчөлүгү деле жок” (Эрик, интервью, апрель, 2018).

Бишкектин калаа жетекчилиги бир нече айкел уурдалгандан кийин, калган жез айкелдерди оңдоп-түзөө үчүн алардын ордунан алып салуу чечимин чыгарган. “Мэрия эстеликти акча каражаттардын жоктугунан улам калыбына келтирбей жатат. Бирок менде “Эл куту” боюнча бардык эскиздер, калыптар, сынамыктар сакталган, мен эстеликти мурдагы тарыхый көрүнүшүнө тез эле келтирип коё алмакмын. Анын үстүнө, мен муну көптөн бери өтүнүп жүрөм, – деп, “Эл куту” эстелигин автору жана демилгечиси Т.Садыков айтат – эстеликти тургузуу жери кокусунан тандалган эмес. Бул жерге жакын турган Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде билим алган жаш муун тигил же бул атактуу кыргыз жаранынын өңү кандай болгонун билгенин каалайт элем”, – деп, автор эстеликтин турган жери жөнүндө айтат (Sputnik.kg, 2015).

Топографиялык жактан алып караганда, монументти тургузуу жери кызыгууну туудурат: Кыргыз улуттук университетинен башкы имаратынан Кыргызстандын эл аралык университетине алып барган Жаштар аллеясы тандалган. Ошол эле жерге жанаша Филармония, Бишкек шаарынын мэриясы да жайгашкан. Бул мейкиндикте “Эл куту” скульптуралык-архитектуралык композициясынын айланасындагы мейкиндиктин иштешинде жана образды жаратууда катышкан айланып жүрүүчү тексттердин топографиясынын катмарлануу процесси жүрөт. Эгерде монументтин айланасында болгон окуя жөнүндө баян анын акыркы бөлүмү болбогондо, аны беймарал түрдө өткөн доорго кошуп жиберсе болор эле. Алмазбек Атамбаев Япониядан белек катары алып келген сакура көчөттөрүн тигүү үчүн жерди тандоо жөнүндө шаардын бир уламышы, эстеликтин азыркы абалы жөнүндө талаш-тартышты кайрадан күн тартибине алып келип, мындайча шаар тургундарына “Эл куту” эстелигинин алгачкы мааниси жөнүндө эстетти. Алыс жактан алынып келген сакура көчөтүн тигүү үчүн, ошол кездеги президент Жаштар аллеясын, Турусбеков жана Рыскулов көчөлөрүнүн кесилишиндеги, дал ошол “Эл куту” эстелигинин жанындагы жер тилкесин тандаган. Маселенин баары бул жер тилкеси шаар башкармалыгына таандык болбой калып, 2007-жылы жеке менчик колго өтүп кеткен имиш болгонунда эле, мунун натыйжасында сакура көчөттөрүн шаардын башка жеринде тигүү чечими чыгарылган. Мындай шаар уламыштары шаардагы окуялар жөнүндө кепти жаратып гана калбастан, шаардын “бөтөнчө” аймактарын белгилеп, маңыздык мазмунун өзгөртүп, шаар ландшафтын – өзүнчө бир шаар-текстти түзүүдө да катышат.

Шаар тургуну шаар текстинин топографиясына чөмүлүп, шаарды элестердин, окуялардын картасы катары идентификациялайт: жаман-жакшы, коркунучтуу окуялар, түшүндүрүлгүс окуялар жөнүндө аңгемелер, ушак-шыкактарды кыскача айтып берет. Каармандар жөнүндө сөздөр шаар мейкиндигинде ашыкча жүк болуп турган кезде, сакура шаарга чакырылбаган коноктой болуп келип калып, эстеликтин жана анын ички маанилеринин олку-солку болуп турган абалына чекит койду.

Булактар:

  1. Жаштар аллеясы жаштарга жана шаардыктарга берилсин (Аллею молодежи — молодежи и горожанам). (2010, 22-июль). Булак: http://www.meria.kg/index.php?option=com_newscatalog&view=article&id=263&Itemid=339&lang=kg
  2. Президент сакура көчөттөрүн тиккиси келген Филармониянын жанындагы жер тилкеси кимге таандык болгонун “Бишкекбашкыархитектура” билдирди. («Бишкекглавархитектура» сообщила, кому принадлежит участок земли у филармонии, где президент хотел посадить саженцы сакуры). (2013, 8-апрель). Булак: http://news.rambler.ru/world/18467919/?utm_content=rnews&utm_medium=read_more&utm_source=copylink
  3. Кыргызстан – жалпы баарыбыздын үйү: улуттар аралык карым-катнаштар (Кыргызстан — наш общий дом: межнациональные отношения). (2014, 28-июнь). Булак: https://www.open.kg/about-kyrgyzstan/political-entity/domestic-policy/589-kyrgyzstan-nash-obschiy-dom-mezhnacionalnye-otnosheniya.html
  4. Мэрияга суроо: “Эл куту” эстелиги качан калыбына келтирилет? (Вопрос мэрии: когда будет восстановлен памятник Эл куту?) (2015, 18-ноябрь). Булак: https://ru.sputnik.kg/vopros/20151118/1020206172.html