Бишкектин монументтери: Айкөл Манас / Эркиндик / Ленин эстеликтери

маданият шаар 30.07.2018

Бишкектин монументтери: Айкөл Манас / Эркиндик / Ленин эстеликтери

Алмаз Исаков

Бул материал «Бишкектин монументтери» журналынан алынды (Май, 2018). Бул чыгарылышта биз мурдагыдай эле шаардагы объектилерге кайрылабыз. Бул жолу биз монументтерди жана эстеликтерди колго алдык. Саясий жана социалдык-экономикалык контекст өзгөргөндүктөн улам, алар дискурстун доминантасын белгилеп, же тескерисинче убакыттын өтүшү менен ошол доминантаны жоготуп, символикалык объектилер катары өз милдетин аткарганы үчүн бизди кызыктырышат. Биз мындайча бул объектилер пайда болгон, трансформацияланган жана өмүрүн уланта берген процесстерге жана нарративдерге өз көңүлүбүздү бурабыз.

Ала-Тоо аянтындагы Айкөл Манас эстелиги изилдөө ишин жүргүзүү үчүн кызыктуу объектилердин бири болуп эсептелет. Жалпы жонунан, дал ушул жерде бул эстелик турганы таң калычтуу эмес. Ала-Тоо аянты Бишкектин, өлкөнүн башкы аянты. Советтик долбоор кезинде эле ал физикалык мейкиндикте жайылган идеология болчу. Ленин атындагы музей, Ленин эстелиги. Бул жер үстөмдүк кылган идеологиянын манифестациясын кылат. Кыргызстан эгемендүүлүгүнө жеткенден кийин, СССРдин башка республикалары сыяктуу эле советтик архитектураны мурас кылып сактап калган.

Жаңы көз карандысыз мамлекеттин жетекчилигинин алдына, өткөн мезгил менен келечекти жаңыдан жаза турган, ошол эле кезде жаңы иденттүүлүктүн жалпы сүрөтүн тарта турган жаңы идеологияны белгилөө маселеси коюлган. Бул изденүүлөр башка чоң маектин себеби болуп саналат. Бизди болсо мындагы процесстин бир кубулушу катары 2004-жылы Т. Садыковдун колунан жаралган Эркиндик эстелиги Ленин эстелигинин ордуна тургузулганы кызыктырат. Эркиндик эстелиги боз үйдүн түндүгүн колунда көтөрүп кармап турган, шардын үстүндө жайгашкан канаттуу аялдын сөлөкөтүнөн турчу. Жаңы саясий күч идеологиялык мейкиндикти өздөштүргөнү үчүн, бул аракети логикалуу болуп көрүнөт. Мындан кийин жаңы идеологиянын бул белгиси шаар тургундарынын жана туристтердин күнүмдүк турмушуна кирип калган. Өзүнө улуттук символиканын бир бөлүгүн сиңирип алса да, эстелик сыпайы мүнөздө кала берет. Бул көрүнүш Акаевдин саясатында да мыйзам ченемдүү болгон, Кыргызстанда идеологияны изилдеген илимий ишке ылайык, ал советтик интеллигенция менен салттуулукту айкалыштыра билген (Асель Мурзакулова, Джон Шоберлин, 2009). Бирок, 2011-жылы Эркиндик эстелиги алынып, ордуна Айкөл Манас эстелиги тургузулган. Бул алмаштырууну ошол кезде деле апачык мааниге ээ болгон деп айтуу кыйын, себеби Азаттык радиосунда эстеликти алдырууга “макул” болгондор менен “каршы” болгондордун добуш бериши тараптардын тең абалда болгонун көрсөткөн (Радио Азаттык, 2011). Айкөл Манас эстелиги 2010-жылдагы окуялардан 1 жылдан кийин гана тургузулганын белгилей кетүү зарыл. Ал эми Эркиндик эстелигине көтөрүлүштөн кийин бир ай өткөн соң биринчи жолу кол салынган (24.kg, 2010). 2011-жылы жалпы элдик саясат мейкиндигинде дагы эле башаламандык өкүм сүрүп турган. Кызыктарлардын көбүндө саясий бийликке басым жасаганга аракет кылып, коомдук майданда өз кызыкчылыктарын жактоо мүмкүнчүлүктөрү болгон. Бирок, ошол эле учурда, бул процесстерди Асел Мурзакулова менен  Джон Шаберлиндин Кыргызстандагы идеологияны изилдөө боюнча жүргүзгөн ишинин кененирээк мазмунга салынганы, бул окуяларды саясий дискурсту түзүүдөгү демократиялык процесс катары сыпатталат (2009). Башкача айтканда, саясатты, маанилерди жана символдорду жаратуу майданы децентрализацияга учурап, өзүндө мамлекеттен тышкары башка акторлорду да камтыйт, болгондо да мамлекет үстөмдүк кылган актор катары белгилене албайт. Ошондой эле, бул изилдөөдө улуттук идеологияны иштеп чыгарууда күчтөрдүн ушундай тартипте бөлүштүрүлүшү Борбор Азия чөлкөмүндө уникалдуу үлгү болгонун билдирген салыштырмалуу анализ жүргүзүлгөн. Себеби, Өзбекстан, Тажикстан, Түркмөнстанда жана Казакстанда идеология мамлекеттин прерогативасы болуп саналат жана негизинен президенттик институту тарабынан белгиленет.

Сүрөт: КР БМА.

Мындай демократиялык процесс биз жашаган коомдо ишеним туудурушу керек дегендей сезим жаралат. Бирок жалпы элдик саясатта эгалитардуулук белгилеринин жөн гана болушу, анын демократиялуулугун далилдениши үчүн жетишсиз. Ошондуктан, процессти мүнөздөөнүн жөнөкөй аракетинен ары жыла берип, биз бул процесске катышкан күчтөрдүн риторикасын анализдөөгө карай жол алабыз. Албетте, мындай риторика традиционалисттик, националисттик, жана табигый түрдө имплициттик-патриархалдык болот. Мен “Кыргыз Эл” коомдук бирикмесинин активиситтери менен кылган маегимден эки фразаны гана мисал келтиргим келет:

“Биз ар дайым башка элдерди, өлкөлөрдү үлгү кыла беребиз, Чыңгызхан, Ататүрктү эстейбиз, эмне үчүн кыргыздар өз тарыхына кайрылбайт, эмнеге өз баатырларын үлгү кылбайт? Бизде Манас, Дүйшөнкул Шопоков, Чолпонбай Түлөбердиев, 7-апрель баатырлары, 1999-2000-жылдары Баткен окуяларында курман болгон жоокерлерибиз бар” (Knews, 2011). “Кыргыз каада-салты боюнча, аял киши түндүктү эки учурда гана – уруунун бардык эркектери өлгөндө же өлтүрүлгөндө, же эркектердин баары согушка кеткенде көтөргөн, ошондо деле түндүктү кичинекей эркек балдар көтөрүшкөн” (Knews, 2011).

Жогоруда белгилүү кишилердин арасында аялдардын жоктугуна, же өлкөдө кыргыздардан башка улуттар да жашаганы этибарга алынбаганына көңүл буруңуз. Экинчи сүйлөмдө биз татаалыраак метафизикага туш келебиз. Каада-салттарга кайрылуу мифологемаларды жаратуудан башка эч нерсе болуп бере албайт. Башкача айтканда, биз бул жерде жөн гана кырдаалдардын айкалышынын концептуализациясын, же коомдук түзүлүштүн белгилүү эзотерикалык билимге жана жогорку деңгээлдеги ырым-жырымдарга консервацияланышын байкайбыз. Мындай ыкма традиционалисттик логика үчүн кадыресе көрүнүш. Бул мисалдын өзгөчөлүгү консервативдик идеологияда имплициттик түрдө жашаган мизогинияны так чагылдырып көрсөтөт. Консервативдик парадигмада аялдын образы моралдык-адеп-ахлактык негиздеринин субституту болуп саналат, бул да каалаган девиацияларды агрессивдүү түрдө басып токтотууга алып келет. Ошондуктан, көпчүлүк учурда аял улуттун же сыймыгы, же шермендечилиги болуп көрсөтүлөт.  Дал ушул себептен улам, кыргыз улутчул-патриоттор чет өлкөдөгү эже-карындаштарынын жүрүм-турумуна ушунчалык бушайман болушат. Дал ушул себептен улам, түндүктү көтөрүп турган аял “кыргыз улутунун” камкорчуларын тынчын алат.

Сүрөт: КР БМА.

Жыйынтыкта эмнеге жеттик? Демократиялык процесс консерватизмдин үстөмдүгүн алып келсе, аны прогрессивдүү деп эсептесе болобу? Албетте, өкүлдүк демократиянын баарыбызга белгилүү тубаса кемчилигине – көпчүлүктүн бийлигине шылтай салсак деле болот. Бирок Эркиндик эстелигин бузууга каршы болгондор, макул болгондордон саны боюнча кем эмес болчу.

Бул маселе боюнча эки сын-пикирди белгилей кетүү туура болуш керек деп ойлойм: Айкөл Манас эстелигин тургузууну түрткүлөгөн активисттердин мамлекеттик бийликке көбүрөөк таасири болгон, анткени алар бул долбоордун үстүндө бир топ убакыттан бери иштеп жаткандарын моюнга алышкан (Knews, 2011). Алардын таасири алардын коомдогу артыкчылыктуу ордуна байланыштуу болушу ыктымал – өздөрү айтканы боюнча, бул кыймылдын мүчөлөрү негизинен коммерция тармагынын өкүлдөрү болушат (Knews, 2011). Экинчи сын-пикир – Эркиндик эстелигин сактап калууну жактагандардын аракети күрөш үчүн жетишсиз болушу ыктымал, же зарыл болгон аракеттерди көрө алышкан эмес. Бул абал бизди кайра эле төмөнкүгө ишендирет: процессте демократиялык белгилер болсо да, анын саясий күрөшкө камтылган болушу аны инклюзивдик потенциалдан ажыратат жана базистин белгилерин – эки тараптын күчү тең эмес болгондогу айгышкан күрөшүн ачып көрсөтөт.

Сүрөт: КР БМА.

Булактар:

  1. Асел Мурзакулова, Джон Шоберлин (2009). Мыйзамдуулукту табуу: Кыргызстанда эффективдүү улуттук-мамлекеттик идеологияны иштеп чыгарууда күрөштөр (The Invention of Legitimacy: Struggles in Kyrgyzstan to Craft an Effective Nation-State ideology). Евразия таануу (Europe-Asia Studies) журналы, 61-том, 7-саны, Терең таасир калтырган саясат: Борбор Азияда символизм жана бийлик (Politics of the Spectacular: Symbolism and Power in Central Asia), 1229-1248-б.
  2. Эркиндик эстелиги Ала-Тоо аянтындагы ордунан алынды (Статуя «Эркиндик» демонтирована с площади Ала-Тоо). (29 июля, 2011).
  3. Булак: https://kloop.kg/blog/2011/07/29/statuya-erkindik-demontirovana-s-ploshhadi-ala-too/
  4. Эркиндик эстелигинин ордуна Айкөл Манастын эстелигин тургузуу зарылбы? (Нужно ли вместо статуи Эркиндик ставить памятник Манасу?) (26 июля, 2011). Булак: https://rus.azattyk.org/a/28293773.html
  5. Бишкекте Ала-Тоо аянтында Эркиндин эстелигин бузуу аракети көрүлдү (В столице Кыргызстана предпринята попытка снести памятник Эркиндик на площади Ала-Тоо). (15-май, 2010). Булак: https://24.kg/archive/ru/bishkek24/74127-v-stolice-kyrgyzstana-predprinyata-popytka-snesti.html/
  6. Активисттер: “Эркиндик” эстелигинен түндүктү кыйып салышсын да, аны каалаган жагына коё беришсин! (Активисты: «Пускай со статуи «Эркиндик» спилят тундук, и тогда ставят ее куда властям угодно»). (3-август, 2011). Булак: http://knews.kg/2011/08/aktivistyi-puskay-so-statui-erkindik-spilyat-tunduk-i-togda-stavyat-ee-kuda-vlastyam-ugodno