Бишкектин монументтери: “Манас” архитектуралык-монументалдык комплекси

маданият шаар 23.07.2018

Бишкектин монументтери: “Манас” архитектуралык-монументалдык комплекси

Юлия Чалова

Бул материал «Бишкектин монументтери» журналынан алынды (Май, 2018). Бул чыгарылышта биз мурдагыдай эле шаардагы объектилерге кайрылабыз. Бул жолу биз монументтерди жана эстеликтерди колго алдык. Саясий жана социалдык-экономикалык контекст өзгөргөндүктөн улам, алар дискурстун доминантасын белгилеп, же тескерисинче убакыттын өтүшү менен ошол доминантаны жоготуп, символикалык объектилер катары өз милдетин аткарганы үчүн бизди кызыктырышат. Биз мындайча бул объектилер пайда болгон, трансформацияланган жана өмүрүн уланта берген процесстерге жана нарративдерге өз көңүлүбүздү бурабыз.

Филармония имаратынын алдындагы аянт Бишкек шаарынын көз жоосун алган жерлеринин бири. Күн жылыганда кечкисин бул жерде эл көп жүрөт: студенттер, балдарын жетелеп жүргөн ата-энелер, туристтер аллеяларды бойлой сейилдешет, ал эми монументтин артында, имаратка кире беришинин алдында скейт тепкендер жана экстрималдык велоспорт ышкыбоздору өз өнөрлөрүн көрсөтүшөт.  Эл оозунда бул жерди “филка” деп коюшат. Ушул эле жерде шаардын эң зор жана таанымал эстеликтеринин бири – “Манас” архитектуралык-монументалдык комплекси жайгашкан.

50-чү жылдары Сталин көчөсүнүн (азыркы Чүй проспектиси) Крупская көчөсү (азыркы Табышалиев көчөсү) менен кесилишинде “Советтик” деп аталган шаардык аянт курулат. “Аянттан Улуттук университетке чейин бак-дарактар, гүлдөр отургузулуп, бул көчөгө Фрунзе бульвары деген ат берилет. Манастын 1000 жылдыгы майрамдалып жатканда Советтик аянтка Манастын аты берилет… <…> Ал эми Бишкек шаарынын 125-жылдыгында бульварга жаңы жол чырактар орнотулуп, жерге таш куймалар төшөлүп, аталышы “Жаштар аллеясы” деп өзгөртүлгөн” (Петров, 2008, 54-б.).

1980-жылы Мамлекеттик филармониянын имаратынын курулушу аяктаган. Кыргызстан компартиясынын борбордук комитетинин биринчи катчысы Т.У. Усубалиев курулуштун демилгечси болгон. Бул курулуш шаардыктарга белек катары жүргүзүлгөн; ал эч бир генералдык планда болгон эмес (В. Петров, интервью, апрель, 2018). 1981-жылы Филармониянын башкы киришинин алдында “Манас” скульптуралык-архитектуралык комплекси тургузулган (скульптору Т. Садыков, архитектору А. Печёнкин), мында биринчи жолу дастандын баш каармандарына монументалдык пластикалык образ берилген. “Композициянын борбордук бөлүгүндө дастандын баш каарманы Манастын атчан айкен тургузулган. Каныкейдин жана Бакайдын фигуралары өз алдынча постаменттерге тургузулуп, Манас менен чогуу бир топту түзүшөт. Айкелдер ар башка бийиктикте жана конфигурацияда орнотулгандыктан, мында тоо ландшафттарынын караандары жана чоңдугу ассоциациялык түрдө элестетилет” (Алышбаева, Будайчиев, Прыткова, 2001).

Сүрөт: КР БМА.

“Советтик Кыргызстан” гезитинин 1982-жылкы бир басылышындагы бир макалада бул архитектуралык комплекс мындайча сүрөттөлөт: “Эстеликтин борбордук бөлүгүнүн башкы идеясында жакшылык менен жамандыктын күрөшү берилген. Манас Ак-Куласын минип алып, бүт денеси менен артка чалкалагансып турат, оң колуна эр жүрөктүктүн белгиси болгон кылычын, сол колуна Мекенди коргоонун белгиси болгон калканды кармайт. Баатыр мына азыр салгылашып баштай тургансып, душманын жыга чаап өлтүрөйүн дегендей болуп турат. Тулпардын туяктары алдында ажыдаар ийилип турат, ал пластикалык-конструкциялык образдык элементтин ролун ойнойт. Композициянын таянычы болуп, ажыдаар бир эле учурда Манастын улуулугун да, айбаттуулугун да чагылдырып көрсөтөт” (Асанбеков, 1982).

Манас – кыргыз элинин даңазалуу “Манас” дастанынын башкы каарманы, кыргыз урууларынын башын бириктирип, журт кылган. Бул каармандын тарыхый мааниси жана сакталышы жөнүндө “Манас” архитектуралык-монументалдык комплексинин сүрөтү түшүрүлгөн сувенирдик ачык каттар, мектеп күндөлүктөрү, дептерлер аркылуу кеп кылса болот. Бишкекке келген туристтерге ар кыл сувенирлер, анын ичинде ажыдаар менен алышып жаткан Манастын сүрөтү түшүрүлгөн карталар сунушталат. 2011-жылы “Ала-Тоо” аянтында Айкөл Манас эстелиги тургузулуп, (fergananews.com, 2011), ошол эле жылы Бишкек шаарын Манас шаары деп өзгөртүүгө кол топтоло баштаган (for.kg, 2011). Манастын аты Бишкек шаарында башкы проспекти, аба майданы, университет, орден, камера оркестри, кинотеатр, аянтка берилген, анын урматына эстеликтер тургузулган, “Манас Айылы” этномаданий комплекси курулган; Манастын жети осуяты мектептерде үйрөтүлөт, жогорку окуу жайларында Манас таануу сабактары окутулат.

Эпосту изилдөө жана элге кеңири жайылтуу тарыхында, бул эпоско тыюу салынган мезгилдер да болгон. Көптөгөн Манас таануучулар, же ал түгүл эпоско кымындай гана байланышы болгондор да же репрессияга дуушар болгон, же коммунисттик партиянын тыкыр байкоосуна илинген (Т. Бакчиев, 2012, 25-б.). Бул тууралуу 1949-жылы репрессиялангандардын биринин уулу, кыргыз драматург М.Байжиев жазат: “… “Манас” эпосуна болгон мамиле ар кайсы жылдары мамлекеттеги саясий кырдаалдын муктаждыктарына жараша өзгөрүп турган. Советтик мезгилде ал бийлик тарабынан бирде саясий колдоого алынып, бирде тескерисинче, таптык жана партиялык белгилерден улам сынга кабылып турду” (Байжиев, 2001, 226-б.).

30-жылдары “Манас” дастаны тууралуу маалымат чогулткандардын көбү улутчулдук, пантюркизм, панисламизм кинеси менен айыпталып, атып өлтүрүү жазасына тартылган. 1937-жылы “Манас”, “Семетей”, “Сейтек” үчилтигинин толук басылмасын, орус тилиндеги котормосун, ошондой эле эпостун 1100-жылдыгын белгилөөнү даярдагандардын көбү ажал табышкан. Алардын арасында Т.Айтматов, Б. Исакеев, Х. Жээнбаев, И. Арабаев, К. Тыныстанов, Е. Поливанов жана башкалар болушкан (Байжиев, 2004, 14-б.). Куугунтуктоо 50-жылдарга чейин созулган. Сталиндин өлүмүнөн кийин гана, 1953-жылы саясий айып менен камалгандардын көбү акталып, абактан чыгышкан. Бул мезгилден тарта дастанга карата мамиле оң жакка өзгөргөн.

Сүрөт: Юлия Чалова

Дастандын жылдыгын майрамдоо боюнча чечимдер кантип алынганы кызыгуу туудурат. Мисалы, 1940-жылы Элдик комиссарлар кеңеши дастандын 1100-жылдыгына даярдык көрүүнү кайтадан баштоо тууралуу токтомду кабыл алып, мааракени 1942-жылы өткөрүү сунушталган. Бирок, Улуу Ата-Мекендик Согуштун башталышы менен мааракеге жигердүү даярдануу кайрадан үзгүлтүккө учурап калат. Андан соң, 1100-жылдык маарке 1947-жылга белгиленип, бул иш-чара ишке ашпай калат (Байжиев, 2004). Ал эми 1995-жылы Кыргызстан Манастын 1000-жылдыгын майрамдаган. Албетте, майрамдоо күндөрү шарттуу болгон, бирок бул сандар кайдан келип чыкканы, кандай принцип менен эсептелгени кызык бойдон кала берүүдө.

Жыйынтыктарды чыгарып жатып, Ала-Тоо аянтында тургузулган, жайгашкан жери боюнча да (борбордук аянт), аны тургузуунун мазмуну жана кырдаалы боюнча да саясий дүрмөтү болгон “Айкөл Манас” эстелигине караганда Филармониянын алдындагы “Манас” архитектуралык-скульптуралык комплекси бизге башкы каарманы эл коргоочусу, журт башчысы, кол башчысы болгон дастанды көрсөткөн маданий символ болгонун айтса болот.

Булактар:

  1. Алышбаева Д. Ж., Будайчиев Б.Д., Прыткова Л. А. (2001). Монументальное искусство Бишкека (Бишкектин монументалдык искусствосу). Москва: Галарт.
  2. Петров, В. (2008). Фрунзе Советский (Советтик Фрунзе). Бишкек.
  3. Байжиев, М. (2001). В битве за истину. Литературоведческие очерки разных лет (Чындык үчүн күрөштө. Ар кайсы жылдардын адабият таануу очерктери). Бишкек.
  4. Бакчиев, Т. (2012). Манасоведение (Манас таануу). Жогорку окуу жайлары үчүн окуу куралы. Бишкек.
  5. Асанбеков, С. (1982, 13 августа). Постигая характер времени (Убакыттын мүнөзүн түшүнүү). Советтик Кыргызстан. №188 (16363).
  6. Байжиев, М. (2004). Ташим Байжиев. Литературный портрет на фоне эпохи (Доордун алдындагы адабий портрет). ЖЗЛК. Булак: http://www.literatura.kg/articles/?aid=360
  7. Знамение небес: В Бишкеке открыт памятник Манасу Великодушному (Көк асмандын жышааны: Бишкекте Айкөл Манаска эстелик тургузулду). (2011, 31-август). Булак: http://www.fergananews.com/articles/7069
  8. Представители ряда организаций инициируют сбор подписей для переименования города Бишкек в Манас. (Бир катар уюмдардын өкүлдөрү Бишкек шаарынын аталышын Манас шаары деп өзгөртүү үчүн кол топтоо демилгесин көтөрүп жатышат.) (2011, 1-август). Булак: http://www.for.kg/news-157570-ru.html.
  9. Страна Манаса. Что в Кыргызстане называют в честь баатыра (Манастын мекени. Кыргызстанда баатырдын аты эмнелерге берилген). (2017, 29-октябрь). Булак: https://kaktus.media/doc/365446_strana_manasa._chto_v_kyrgyzstane_nazyvaut_v_chest_baatyra.html
  10. Эпизод из жизни классика. Ауэзов помог отстоять эпос Манас (Классиктин өмүрүндөгү бир эпизод. Ауэзов “Манас” эпосун сактап калууга жардам берген). (2012, 28-сентябрь). Казахстанская правда. Булак: http://inozpress.kg/news/view/id/37406