Бишкектин монументтери: “Ыңкылап күрөшчүлөрү” монументи

маданият шаар шаар 16.07.2018

Бишкектин монументтери: “Ыңкылап күрөшчүлөрү” монументи

Диана Ухина

Бул материал «Бишкектин монументтери» журналынан алынды (Май, 2018). Бул чыгарылышта биз мурдагыдай эле шаардагы объектилерге кайрылабыз. Бул жолу биз монументтерди жана эстеликтерди колго алдык. Саясий жана социалдык-экономикалык контекст өзгөргөндүктөн улам, алар дискурстун доминантасын белгилеп, же тескерисинче убакыттын өтүшү менен ошол доминантаны жоготуп, символикалык объектилер катары өз милдетин аткарганы үчүн бизди кызыктырышат. Биз мындайча бул объектилер пайда болгон, трансформацияланган жана өмүрүн уланта берген процесстерге жана нарративдерге өз көңүлүбүздү бурабыз.

Бул басылманын алкагында “Ыңкылап күрөшчүлөрү” монументине кайрылып жатып, материалдын бир бөлүгү 2017-жылы мен жазган “Ыңкылап күрөшчүлөрүнүн монументтеринин символикалык жана физикалык трансформациясы, Бишкекте жана Киевде улуттар достугу” макаласы менен кесилише турганын белгилегим келет. Бирок, бул текст дал ушул борбордук композицияга гана көңүл топтогундуктан, кошумчалар жана тактоолор – тарыхый контексттин өзгөрүшү жана монументтин 1970-чи жана 2010-чу жылдарда дээрлик өзгөрбөгөн, бирок ал ассоциацияланган образга байланыштуу трансформацияланган символикалык кабыл алынышы тууралуу түшүнүк берилет.

Сөз башында бул мейкиндиктин тарыхы жөнүндө 1960-жылдардан баштап, эстелик тургузулганга чейин ошол жерде жашаган кишинин окуясы аркылуу кыскача айтып берсек. 1978-жылга чейин, азыркы монументтин жана “жаңы”[1] аянттын ордунда барак тамдар, эки кабаттан турган бир үй (“сталинка”), Драмтеатрдын жана Опера жана балет театрынын жасалгалар кампасы, ошондой эле чакан бир короо, анын ичинде сүрөтчүлөр эстеликтерди жасаган таш сомдоо жайы жайгашкан эле. Бул жерлерде жашаган шаар тургундары 1970-жылдары качан бизди көчүрүшөт деп күтүп турушкан, себеби барак тамдардагы жана эски “сталинка” үйлөрүндөгү жашоо шарттары жакшы деп айтуу өтө эле кыйын болчу (борбордук ысытуу жок, сууну тыштан колонкадан алып келишчү, ажаткана короодо эле), анын үстүнө бул мезгилде шаардын кичирайондорунда да, борбор жактарында да типтүү турак жайлар массалык түрдө курулуп жаткан. 1977-жылы барак тамдарда жашаган тургундар батирлерге көчүрүлгөн, барак тамдар болсо буздурулган. 1978-жылы жазында, бузула элек “сталинканын” бир тургуну Союз боюнча узак иш-сапарга кетип калып, жайында кайтып келгенде үйүнүн ордунда бош мейкиндикти гана көрөт. Ал эми 1978-жылдын 2-сентябрында Ыңкылап күрөшчүлөрүнүн монументи ачылган (С. Курочкин, интервью, апрель, 2018).

Ошол жылы жарык көргөн гезиттердеги макалаларга ылайык, монумент революциялык ырлардын жана жүрүштөрдүн коштоосунда салтанаттуу маанайда өткөн. Ачылышка плакаттарды, ураандарды көтөрүп алып студенттер, мектеп окуучулары, шаардык эмгек жамааттары, Советтик Кыргызстандын саясий жана маданий ишмерлери катышышкан. Алардын арасында Кыргызстан Компартиясынын Борбордук Комитетинин биринчи катчысы Т. У. Усубалиев, Кыргызстан Компартиясынын Фрунзе шаардык комитетинин биринчи катчысы К. М. Молдобаев, СССР эл сүрөтчүсү М. К. Аникушкин, Кыргыз ССРнин эл жазуучусу Ч. Т. Айтматов жана башкалар да болушкан. Монументтин ачылыш жылы Фрунзе шаарынын  100-жылдык майрамына туш келген.

“Ыңкылап күрөшчүлөрү” айкелинин ачылышы. 1978. 1-23437. Морев В. КР БМА.

Монументтин авторлору – скульптору Т. Садыков, архитекторлору Е. Писарской жана Г. Кутателадзе (Алышбаева, Будайчиев, Прыткова, 2001). СССР Маданият министрилиги тарабынан жарыяланган бүткүл союздук сынак боюнча долбоорду иштеп чыгуудан баштап, эстеликти тургузуп бүткөнгө чейин 10-12 жылдай убакыт сарпталган. Сынакка катышуу үчүн монументтин долбоордук сунушун иштеп чыгып жатканда, авторлор эстеликтин орто жагына эки вариантты – жылкылар композициясын же аял скульптурасын караштырып жатышкан, жыйынтыкта аял скульптурасы тандалган. Сынакка жалпысынан 500 чамасында сунуш келип түшкөн, анын ичинен 14ү экинчи сынакка өтүп, анан гана соңку вариант тандалган. Монументтин капталкы композициялары Ленинградда, ортоңку бөлүгү Мытищи көркөм куйма заводунда куюлуп. Фрунзеге бөлөк-бөлөк болуп алып келинген (Т. Садыков, интервью, сентябрь, 2017).

Монументтин композициясы ортоңку бөлүктөн жана эки капталындагы скульптуралык топтордон тузүлгөн – сол жагында “Ойгонуу” тобу, “көтөрүлүшкө чейинки Кыргызстандын социалдык күчтөрүнүн кыймылын ачып көрсөтөт”, оң жагында “Ыңкылап”, “кыргыз тарыхынын жаңы этабынын образын” көрсөтүп берет (Алышбаева, Будайчиев, Прыткова, 2001, 69-б.). Композициянын ортосунда эркиндик туусун көтөрүп турган аялдын сөлөкөтү чагылдырылган. Ачылыштан кийин ортодогу фигура дароо Уркуя Салиева[2] деп аталып калды, бүгүн да бишкектиктердин көбү муну Уркуянын эстелиги деп эсептешет. Бирок, скульптор менен сүйлөшкөндө бул фигура конкреттүү бир киши катары эмес, жалпы элдин энеси катары топтолмо образы болгону маалым болду (Т. Садыков, интервью, сентябрь, 2017). Бишкектеги Ыңкылап күрөшчүлөрүнүн монументиндеги аялдын сөлөкөтүндө Волгограддын Мамай коргонундагы “Родина-мать зовёт” скульптурасы менен окшоштукту байкоо мүмкүн. Мында, аялдын статуясы өз балдарын коргоого даяр турган жана аларды душманга каршы күрөшүүгө чакырган эл энесинин аллегориялык образы берилет (Рябов, 2014).

Ошентип, монументтеги борбордук фигуранын Уркуя менен байланышы ким тарабынан көтөрүлүп чыкканын азыр аныктап чыгуу татаал, бирок, монумент ачылышы жөнүндөгү гезит макалаларында журналисттер “Советтик бийликтин душмандырынан колунан баатырларча каза тапкан биринчи кыргыз коммунист аял Уркуя Салиева бул эстеликке үлгү болуп берди” деп белгилешкен (Сергиенко, 1978). Ошол эле учурда, “Вечерний Фрунзе” гезитинде монументтин ачылышында расмий кишилердин сүйлөгөн сөздөрүнөн үзүндүлөр цитата келтирилип, алардын сөздөрүндө белгилүү бир киши жөнүндө айтылбайт, болгону монументтин символдук маанилүүлүгү жөнүндө билдирүү айтылат, мисалы: “Ыңкылап күрөшчүлөрүнүн монументи шаардык ыйык жерлеринин бирине айланат. Анткени советтик киши үчүн Улуу Октябрдын идеалдарынан, большевизмдин өлбөс идеялык-адеп-ахлактык баалуулуктарынан башка кымбат эч нерсе жок. Бул эстелик советтик бийликти коргогондордун жана ырастагандардын, жаркын социализмдин бекем пайдубалын кургандардын элесин урматтайт” (Сергиенко, 1978).

Скульптор Т.Сыдыков. БМА КР

Балким, мындай персонализация бийлик тарабынан да, эл тарабынан да бул образды актуалдаштырган бир катар аракеттерден улам Уркуяга болгон кызыгууга байланышкан болушу мүмкүн. 1971-жылы Т.Океев чыныгы окуялардын негизинде “Уркуя (Поклонись огню)” тасмасын тартат. Фильмдин баш каарманы Уркуя советтик идеалдар жана принциптер үчүн күрөшүп, жанын берет. Ошол эле жылы өлкөдөгү башкы “Советтик Кыргызстан” гезитинде фильмдин тартылып бүтүшу тууралуу кыскача макала жарыяланат (Мамбеталиев, 1971). 1974-жылы (чоң ыктымалдык менен, Уркуянын каза болгонунун 50-жылдыгынын урматына) Фрунзенин Токмок көчөсүнө “кыргыз элинин чыгаан кызы” Уркуя Салиеванын аты берилет. 1978-жылы Кыргыз ССРнин көптөгөн жерлеринде көчөлөр, колхоздор, мектептер, кесиптик-техникалык окуу жайлары, пионердик кошуундар анын атын алат (Мамбетсеитова, 1978). Ал эми 1980-жылы, У.Салиева Ош облусунун Мүркүт айылында анын урматына деп музей расмий түрдө ачылат.  Ошентип, Уркуя жөнүндөгү талаш-тартыш 1970-жылдардын он жылдыгы бою уланып, монументтин ачылышында да эл оозунда жүргөн. Скульптор кийинчерээк Уркуя образына кайрылуу талкуусун жарым-жартылай түрдө колдогон, бирок түздөн-түз персонификациясыз, шилтеме келтирип, амбиваленттүүрөөк мамиле кылган. Мисалы, 1980-жылы Т.Садыков “Вечерний Фрунзе” гезитинин бир санында Октябрь көтөрүлүшүнүн күнүнө арналган макалада аны монументти тургузууга дем берген революционерлер жөнүндө жазат: “Жеңишке жеткен жол оңой турган жок. Миңдеген жакшы кишилер революциянын идеяларын ырастоо үчүн өз жандарын беришти. Алардын арасында кыргыздын жөнөкөй кызы, менин жердешим, Уркуя Салиева да болгон. <…> Уркуянын, башка революционерлердин руханий өңү, алардын революцияга жан-дили менен берилип кызмат кылышы, эрдиги мага эстеликти жаратууга дем берген” (Садыков, 1980).

“1960-1980-жылдарда советтик монументиалдык искусство” китебинде, тарыхчы жана искусство таануучу Н.Воронов (1984) 1960-жылдардан баштап символ-монументтердин ачылышы көп учурда өлкө тарыхындагы юбилейлик күндөргө байланышкан деп жазат. Алар жалпы элдик баатырларга, Революция, Жеңиш ж.б.у.с. өткөн жылдардын окуяларына арналган. Өкмөттүн саясаты мекенчилдик сезимдерин өрчүтүүгө, көп улуттуу советтик элдин биримдигин, өткөн окуяларды баамдоого багытталган. Мындайча, эстеликтер айрым бир окуяларга гана эмес, бул окуяларды  ишке ашырган, чыдаган, башынан өткөргөн элге да символдуу түрдө арналган.

Бийликтин мамлекеттин тарыхында дал ошол баштан өткөн маанилүү окуяларга кайрылуу, аларга түшүнүк берүү, советтик жарандардын эсин калыптандыруу мезгилинде Ыңкылап көтөрүшчүлөрүнүн монументи жаратылган. “Эл ыңкылап окуяларын романтикалык героикага бөлөп кабыл алган, жаркын келечекке ишенген мезгилде Садыков Ыңкылап көтөрүшчүлөрүнүн эстелиги үстүндө иштеген. Ошол окуяларга катышкандардын көбүнүн көзү тирүү болуп, болочок муундардын бактысы, турмушту кайрадан куруу үчүн жанын бергендер элдин эсинен кете элек болчу…” (Алышбаева, Будайчиев, Прыткова, 2001, 68-б.).

“Ыңкылап күрөшчүлөрү” айкелинин ачылышы. Фрунзе. 1978. 1-23438. КР БМА.

2010-жылдан бери монументтин алдындагы аянтта Бишкектин феминисттик демилгечи топтор мезгил-мезгили менен иш-чараларды өткөрүп келишет. 29-ноябрда Эл аралык укук коргоочу аялдар күнүнө арналган акция эң биринчи болуп өткөрүлгөн. 2010-жылдарда монументтин жанында Эл аралык аялдар тилектештиги жана тең укуктар менен мүмкүнчүлүктөр үчүн күрөшүү күнү – 8-мартты альтернативалуу түрдө майрамдоо, гендердик зомбулукка каршы 16 күндүк активизм алкагында 25-ноябрдан (Аялдарга карата зордук-зомбулукка каршы эл аралык күн) 25-ноябрга (Эл аралык адам укуктары күнү) чейин иш-чаралар өткөрүлгөн. Активисттер митингдер, флешмобдор, бийлер ж.б.у.с. ар кандай иш-чараларды уюштурушкан. Мисалы, 2018-жылдын 8-мартында Эл аралык аялдар тилектештиги жана тең укуктар үчүн күрөш күнүнүн урматына тынчтык жүрүшү болуп, жүрүштүн аягы Ыңкылап күрөшчүлөрүнүн монументинде бүткөн, эстеликтин жанында тандоо эркиндиги жана кодулоого жол бербөө жөнүндө ураандарды жар салуу менен жыйынтыкталган.

Мындайча, монумент жалпы элдин жана медиа каражаттардын көңүлүн бурган окуялар орун алган жерге айланган. Бул жер мейкиндик катары да, саясий жактан символ катары да туура келген. Жайгашкан жерин алып караганда, бул жер шаардын борборунда орун алып, кенен аянты камтылып, жанынан эл көп өтөт. Символикалык жактан алып караганда, монументтин башкы композициясы Уркуя Салиеванын персоналдаштырылган образы менен байланыштырылат (Сельби, e-mail коммуникация, октябрь, 2017)[3]. Уркуя жеке өзүнүн аялдык азаттыгына жетүүнү гана эмес, боштондук, саясий жана коомдук өзгөрүүлөр үчүн күрөштү чагылдырган баатыр аялды түшүндүрөт. Мында башкы композиция Уркуя катары ойлонуштурулду беле, же жокпу, маанилүү эмес болуп калат. Советтик мамлекеттик идеология уюштурган, шаардыктар көп жыйналган мейкиндик, кодулоону жокко чыгаруу, азаттыкка жетүү, зордукту токтотуу, адам укуктары үчүн күрөшүү жана тилектеш болуу ой-пикирлерин жайылтуу максаты менен бул жерге кайрылган адам топтору үчүн шаардагы саясий маңызга ээ болгону маанилүү. Мындайча, монументтин мааниси өзгөрүп, ал аркылуу бүгүнкү күндө маданий эс менен иштөө жүргүзүлүүдө. “Биз бул эстеликти аялдардын укуктарын жана аз көрсөтүлгөн коомчулуктардын маселелерин көтөрүп чыгуу үчүн символдуу жер катары колдонууну улантып жатабыз. Уркуя Салиева кыз-келиндердин билим алуу укугу үчүн күрөшкөн активист болгону менен атактуу. Бул жерди өз иш-чараларыбыз үчүн колдонуп, биз аялдардын укуктарын илгерилетүүнүн үстүндө азыр иштеп жаткан демилгелердин жана укуктарыбызды, мүмкүнчүлүктөрүбүздү кеңейтүү үчүн күрөшкөн кайраттуу активист кыз-келиндердин кадыр-баркын көтөргөн болобуз. Мунун үстүнө, шаарда коомдук ишмердик жүргүзгөн кыз-келиндерге арналган эстеликтер анчалык деле көп эмес, бул абал аялдардын коомдук мейкиндикте көзгө көрүнбөй, өкүл болуп аз көрсөтүлгөндүгүн билдирүү мүмкүнчүлүк болуп берүүдө” (Саадат, e-mail коммуникация, октябрь, 2017)[4].

“Ыңкылап күрөшчүлөрү” монументи. Фрунзе-ш. Валковский В. 1980. 1-27361. БМА КР

Бул жерде мен германиялык изилдөөчү, тарыхчы жана маданият таануучу Алейда Ассмандын теориялык изилдөөлөрүнө кайрылып, эс тууралуу концепттик бөлүктү киришүү кылып көрсөткүм келет. Ассмандын айтымында (2014) биздин жеке өздүгүбүз эстин ар кандай түрлөрү аркылуу түзүлүп, алар кишинин иденттүүлүгүнүн негизин түзгөн болот. Автордун чыгармасын жөнөкөйлөтүп айтканда, эстин индивидуалдык, социалдык, маданий жана саясий түрлөрүн бөлүп көрсөтсө болот. Индивидуалдык жана социалдык эс “төмөн” жакта болот, биз аны өмүрүбүз бою өз алдынча, ошондой эле бир туугандарыбыз, жакын жоро-жолдоштурубуздун жардамы менен топтойбуз, алар айтып берген окуялары аркылуу алардын эси бизге да таандык болуп калат – биз өзүбүз күбө болбогон окуяларды эстеп калган болобуз. Маданий жана саясий эс “жогору” жакта болуп, мамлекет түзгөн символдор, тексттер, тарыхый нарративдер аркылуу берилет. Бирок, саясий жана маданий эстин ортосунда маанилүү айырма бар – биринчиси гетерогендикке жана интерпретативдүүлүккө, ал эми экинчиси гомогендикке жана коллективдик ритуализацияга умтулат.

Ошентип, Ыңкылап күрөшчүлөрүнүн монументине кайтып жатып, маданий жана саясий эс өз ара айкалышып, өзгөргөн тарыхый контекстке ылайык акценттерге башкача маани бергенин көрсө болот. Эстеликти тургузууну буйруган советтик бийликтин күн тартибинде биринчи кезекте ал Октябрь революциясына арналганы маанилүү болгон, бирок, жергиликтүү мазмунду эске алып, борбордук композицияда Уркуянын элеси чагылдырылышы да бир кыйла мааниге ээ болгон. Өлкө эгемендүүлүккө жеткенден кийин, Ыңкылап күрөшчүлөрүнүн эстелигинин символдук мааниси өз актуалдуулугун жоготсо да, Уркуя менен персонификациясы 2010-жылдан кийин феминисттик жана укук коргоо уюмдарынын ой-пикирлерин жайылтууга түрткү болуп берет. Бүгүнкү күндө да эстеликтин айланасында маданий жана саясий эстин өз ара айкалышуусу уланып жатат, бир жактан элдин көбү эстеликти дагы эле Уркуя менен байланыштырат (маданий эс), башка жактан болсо бул символдуу элеске кайрылган демилгечи топтор, анын жанында иш-чараларды уюштуруп, ага кошумча маанилерди жүктөшөт, маданий эсти жаңыртып, аны социалдык эске мүнөзүү индивиддер аралык коммуникациялар аркылуу  заманга ылайык келтиришүүдө.

[1] Монумент ачылгандан кийин анын тегерегиндеги аянтты “жаңы” аянт деп аташчу.

[2] Уркуя Салиева айыл кеңешинин төр айымы, активист катары белгилүү, 1934-жылы советтик бийлик жүргүзгөн саясатка каршы болгондордун колунан каза тапкан.

[3] Бишкектеги феминисттик демилгелердин тең куруучусу

[4] Бишкектеги феминисттик демилгелер

Булактар:

  1. Алышбаева Д. Ж., Будайчиев Б.Д., Прыткова Л. А. (2001). Монументальное искусство Бишкека (Бишкектин монументалдык искусствосу). Москва: Галарт.
  1. Ассман А. (2014). Длинная тень прошлого: Мемориальная культура и историческая политика (Өткөндүн узун көлөкөсү: мемориалдык маданият жана тарыхый саясат). Москва: НЛО.
  1. Воронов Н. В. (1984). Советское монументальное искусство 1960-1980 (1960-1980-ж.ж. советтик монументалдык искусство). Маалыматтар булагы: http://nn-dom.ru/lbook13_04.php
  1. Рябов, О.В. (2014). Родина-мать в истории визуальной культуры России (Россиянын визуалдык маданият тарыхында Мекен-Эне). “Вестник ТвГУ” басылмасы. “История” сериясы, №1, 90-113.
  1. Садыков, Т. (1980, 4-ноябрь). Искусство, рожденное революцией (Революция жараткан искусство). “Вечерний Фрунзе”. №215 (1744).
  1. Мамбетсеитова, З. (1978, 3-июль). Памяти Уркуи (Уркуянын элесине). “Вечерний Фрунзе”. №129 (1163).
  1. Сергиенко, А. (1978, 4-сентябрь). Верностью великому октябрю (Улуу Октябрга берилгендик). “Вечерний Фрунзе”. №174 (1206).
  1. Навечно в памяти народной (Түбөлүк элдин эсинде). (1978, 3-сентябрь). Советтик Кыргызстан. №204 (15179).
  2. Киргизфильм ведет съёмки Уркуя (Кыргызфильм “Уркуя” тасмасын тартуу иштерин жүргүзүүдө). (1971, 10 ноября). Советтик Кыргызстан. №260 (13102).