Бишкектин монументтери: Курманжан Датка / Эркиндик / Ф. Дзержинский / В. Ленин эстеликтери

маданият шаар 09.07.2018

Бишкектин монументтери: Курманжан Датка / Эркиндик / Ф. Дзержинский / В. Ленин эстеликтери

Алима Токмергенова

Бул материал «Бишкектин монументтери» журналынан алынды (Май, 2018). Бул чыгарылышта биз мурдагыдай эле шаардагы объектилерге кайрылабыз. Бул жолу биз монументтерди жана эстеликтерди колго алдык. Саясий жана социалдык-экономикалык контекст өзгөргөндүктөн улам, алар дискурстун доминантасын белгилеп, же тескерисинче убакыттын өтүшү менен ошол доминантаны жоготуп, символикалык объектилер катары өз милдетин аткарганы үчүн бизди кызыктырышат. Биз мындайча бул объектилер пайда болгон, трансформацияланган жана өмүрүн уланта берген процесстерге жана нарративдерге өз көңүлүбүздү бурабыз.

Ушул тапта Бишкектин Пушкин көчөсү менен Эркиндик бульварынын кесилишиндеги аянтча кайрымдуулук, кол өнөрчүлүк жармаңкелери, көчө театрларынын фестивалдары, ар кандай майрамдарды өткөрүү жери катары белгилүү. Бул жерде “Музыкалдуу Эркиндик” иш-чарасы, джаз концерттери, опен-эйр иш-чаралары өткөрүлөт. Бир нече жыл мурун бул жерде “Бродвей” деген аталыш менен белгилүү демилгелерди жандандыруу аракеттери көрүлгөн: ачык абада көргөзмөлөр, сүрөтчүлөрдүн мастер-класстары өткөрүлгөн болчу.

Бул жердин мейкиндиги шаар тургундарын, туристтерди бош убакытын бул жерде өткөрүүгө тартуу үчүн уюштурулган: отургучтар орнотулган, гүлдөр отургузалган, шам-шум этип алуу үчүн чакан ашканалардын соодасы жүрүп турат, велосипед, роликтер ижарага берилет, кечкисин белгилүү бир акы үчүн караокеде ырдаса болот, же колго үйрөтүлгөн жапайы жаныбарлар менен фотосүрөткө түшсө да болот. Сол жагында көркөм галерея, оң жагында “Ала-Тоо” кинотеатры, ортодо “нөлүнчү километр”, артында Эмен багы, алдында Эркиндик бульвары жайгашкан.

Бул жердин мындай майрамдык маанайы кечкисин көптөгөн эс алуучуларды өзүнө тартып турат. Бирок, эки аллеянын кесилишинде, аянттын пайдубалында заңкайып бийик турган “Курманжан Датка” скульптуралык композициясы туристтердин, шаар меймандарынын, архитектураны окуган студенттердин гана көңүлүн буруп, кызыгуусун туудурат. Алай канышасына арналган эстелик тургузулганга чейин, бул жерде төрт эстелик алмашты, ар бири өз убагында элге ошол кездеги бийликтин идеологиялык акценттерин жеткирип турган: В. Ленин (1948-1984), Ф. Дзержинский (1987-1999), Эркиндик эстелиги (1999-2004), эми Курманжан Датка (2004-азыркыга чейин). Постаменттеги монументтердин алмашуусу, ошондой эле шаар пландарындагы, саясий жана социалдык-экономикалык тармактардагы өзгөрүүлөрдүн орун алышы, мамлекеттик эгемендүүлүккө жетүү менен бул жердеги аянт (көчө да, бульвар да) физикалык түрдө да, символикалык түрдө да өзгөргөн.

Владимир Ленин эстелиги

1947-жылы баш калаанын борборунда Владимир Лениндин зор эстелиги тургузулгандан кийин бул мейкиндик аянт, жалпы элдик жыйналыштар өтө турган жер катары түзүлгөн. Лениндин айкели Октябрь революциясынын 30-жылдыгынын урматына тургузулган, бирок расмий ачылыш анын каза болушунун 24-жылдыгында (22-январь, 1948-жыл) митинг менен өткөрүлгөн.  «<…> Айкелди жаап турган көшөгө жай түшүрүлүп, миңдеген элдин көз алдында түбөлүктүк маанисин берген зор эстелик пайда болду. Гранит ташынын бетинде бир гана сөз: “Ленин” деп чегилип жазылган» («Накануне ленинских дней», 1948). Бул монумент куб формасындагы цоколь, темир-бетондон жасалган жана гранит менен капталган колонна түрүндөгү пьедестал, анын үстүндө бийиктиги 13 метр болгон, колодон куюлган Лениндин фигурасы толук бою менен тургузулган. Монументтин авторлору – скульптор Н. Нерода, архитектор В. Верюжский.

Владимир Ленин эстелиги. Фрунзе. Абдыгулов, 1983. I-28502. КР БМА.

Эстелик тургузулган жер Советтик Кыргызстан гезитинде “жайкы театрдын алдындагы аянт” деп эскерилген. Ал кезде бул жердин терең мааниси деле жок болчу, мындар кийин өткөрүлгөн иш-чаралардын аркасында мааниге ээ болуп калган. Монументтин тургузулушу Эмен багынын кириш жагынын алдындагы жер тилкесинин планын толугу менен кайрадан иштеп чыгууну дуушар кылган. Дзержинский көчөсү (азыркы Эркиндик бульвары) кийинчерээк Киров (азыркы Абдымомунов) көчөсүнүн аркасындагы жер тилкеси менен бириктирилген. Ой боюнча, монументалдык эстелик “Темир жол бекети – Эмен багы” архитектуралык ансамблин аяктаган. Мында эстеликти алыс жактардан, шаардын бардык бурчтарынан – вокзалдан жана Ленин көчөсүнөн (азыркы Жибек Жолу) көрүү мүмкүнчүлүгү пайда болгон эле, ал кезде шаар чөл өңдүү болуп, бак-дарактар аз өскөн болчу, ал эми эң бийик имараттар эки-үч кабатты гана түзгөн («Накануне ленинских дней», 1948).  Бул монументтин өлчөмү, чоңдугу бийликтин күч-кубатын көрсөтүп (өзгөчө шаардагы эстеликтердин көбү бюст түрүндө болуп турган мезгилде), коммунисттик идеологияны жайылтуу жана агитациянын каражаты да болгон. Эстеликтин алдындагы бош мейкиндик жалпы элдик салтанаттардын, майрамдык демонстрациялардын жерине айланып, болочок пионерлер ант берген жери болуп калган. Ошентип, бул аянт революциянын жол башчысынын атын алып калган.

Сүрөт “Фрунзе” энциклопедиядан алынды, 1984.

Бишкек шаарынын тургуну жана экскурсия жетекчиси Елизавета Чалованын эскерүүлөрү боюнча, шаарга келгендердин бардыгы вокзал менен төмөн түшүп ушул жерге келишчү, ал жерде Кызыл чайкана да жайгашкан болчу: “Чайканада радио укса (ал азыркы кофеканалардагы вайфай сыяктуу эле), гезиттерди акысыз окуса да болор эле. Чайканын бет маңдайында Ольга Мануйлованын колу менен скульптуралык көркөмдөөдөн өткөн “Газдалган суу” павильону турчу. Бул мейкиндик шаардыктардын өздөрүн элге көрсөтө турган сүйүктүү жери болчу, кыз-келиндер эң кооз көйнөктөрүн кийип бул жерге келишчү, башына ак кокошник кийип алган сатуучу аялдар арабага балмуздак салып сатышчу. Жолдун баары жайылта кум төгүлгөн, пирамида формасындагы клумбаларда чоң гүлдөр өсүп турчу. “Ала-Тоо” кинотеатрынын алдында көчөдө эле кинохроника көрсөтүлчү. Советтер Союзунун алдыңкы гезиттери илинип турган стенддер турчу, аларды окуса болот эле. Кечкисин бул аянтчада борбордун жогорку окуу жайларынын студенттери, чет элдиктер, стилягалар чогулушчу, имараттардын дубалдарында неон менен жарыктандырылган чоң тамгалар асылып турчу, шаардыктар сейилдешчү, жаштар бул жерди жолугушуу жери катары дайындашчу. Кыздар-балдар биз түшүбүздө көрбөгөн “жынсы” кийип келишчү. Бул жерде ар түркүн адамдарды, жибек кездемеден тигилген кийим, эң акыркы мода менен штапель көйнөк кийген кыз-келиндерди көрүү мүмкүн болчу. Бул “Брод” кыймылынын башы “Ала-Тоо” кинотеатрынан башталып, азыркы “Россия” кинотеатрына чейин уланып жүрчү (Е. Чалова, интервью, апрель, 2018).

Убакыт өтүп, шаардын кеңейиши менен Ленин аянты батышты көздөй жайылып, шаардын 1979-жылкы пландык долбоорунда азыр турган жерине, Киев, Раззаков, Пушкин жана Панфилов көчөлөрүнүн ортосундагы квадратка жетет жана аянтка “Ала-Тоо” деген ат берилет (Орузбаева, 1984), ал жакта мурдагыдан бир кыйла чоң, оор (17 тонна) Лениндин зор эстелиги тургузулат. Кичирээк болгон эски монумент бузулуп, анын ордуна ваза коюлат. Мындай ваза кийинчерээк бул жерде жакын арада жаңы скульптура тургузулат дегенди түшүндүрчү. Жер таануучу Владимир Петровдун айтымында, бул ыкма жашыруун салтка айланган: “Ушундай вазалардын бирөөсүн бүгүнкү күндө вокзалдын чыгыш платформасынан көрсө болот. Батыш тарабында бүгүнкүгө чейин Ильичти көрө аласыңар, ал эми чыгыш тарабында болсо, Сталиндин ордунда ваза турат” (В. Петров, интервью, апрель, 2018). Бул мезгилде ушул жер эс алуу, көңүл ачуу жайы катары белгилүү болуп калат, аянт Панфилов сейил багын, Эмен багын, Дзержинский бульварын байланыштырат; бул жерде маданият объектилери жыш жайгашкан: Жазуучулар Союзу, “Ала-Тоо” кинотеатры, тарых жана зоология музейи (азыркы Кыргызстан Элдер Ассамблеясы), жайкы эстрада, бий аянтчасы жана “Шарап-сыра куюлуп сатылат” павильону. (В. Петров, интервью, апрель, 2018).

Фрунзе-ш., Пушкин-көч., Дзержинский бурчта. 1954. 4-780. КР БМА.

Ф. Дзержинский эстелиги

1987-жылдын 8-сенбятрында бош турган жерге Контрреволюция жана саботажга каршы күрөшүүчү бүткүл россиялык чукул комиссиянын (Мамлекеттик коопсуздук комитети, МКК) түптөөчүсү Феликс Дзержинскийге эстелик тургузулат (Петров, 2008, 68-б.). Скульптуранын автору Т. Садыков, таш сомдоочу О. Солонский, бийиктиги алты метрди түзгөн монумент гранит ташынан оюлуп жасалган. Айкелдин ачылышы Дзержинскийдин туулгандыгынын 110-жылдыгына жана Октябрь революциясынын 70-жылдыгына арналып уюштурулган («Несгибаемому рыцарю революции», 1987). Алгач бул эстелик МКК имаратынын жанында тургузулмак, имарат ошол кезде курулуп жаткан жана монумент үчүн атайын жер даярдалган (Петров, 2008, 69-б.).

Тургузулган эстеликтин алдындагы аянтчада ардагер аскерлердин жолугушуулары өткөрүлгөн, жаш жоокерлер ант берген, башка салтанаттуу иш-чаралар да уюштурулган. Елизавета Чалованын айтымында Дзержинскийдин эстелиги бул жерде вокзалга параллелдүү турган, Феликс Эдмундович бир аз убакыт ичинде Контрреволюция жана саботажга каршы күрөшүүчү бүткүл россиялык чукул комиссиянын төр агасынын жана Жол жана байланыш боюнча элдик комиссардын милдетин аткарган, ал темир жол менен Сибирди, Азияны Москва менен байланыштыруу үчүн көп эмгек жумшаган. Бул иштери үчүн вокзалдан шаарды көздөй кеткен көчө да анын урматына аталган (Е. Чалова, интервью, апрель, 2018).

Дзержинский айкелинин ачылышы. Фрунзе-ш. Доценко, Петрийчук, 1987. 0-56760. КР БМА.

Эркиндик эстелиги

1999-жылы, өлкө эгемендүүлүккө жетип, идеологиянын алмашышы, бийликтин жаңы риторикасынын күчтөнүшү менен Дзержинскийдин эстелиги ордунан алынып, Тыныстанов көчөсүндө, ИИМ имаратынын бет маңдайында, Улуттук китепкананын батыш тарабына тургузулган. Анын ордуна эгемендүүлүктүн 8-жылдыгына арнап, Эркиндик эстелиги тургузулуп, бульвардын аты да өзгөртүлөт. Эркиндик эстелигинин ачылыш аземи Кыргызстандын түштүк чек арасында өлкөнүн куралдуу күчтөрү менен исламчы-жоочулар ортосундагы кагылышуулардын, Баткен окуяларынын убагында өткөрүлгөн. 31-август күнү президент Аскар Акаев салтанаттуу ачылыш аземинде сөз сүйлөп жатып муну айткан: “Бул эстелик элибиздин эркиндигин чагылдырат жана биздин эркиндигибиз үчүн күрөшүп, жанын бергендердин бардыгынын жаркын элесине арналат” <…> Эркиндик эстелиги – биздин көптөн бери көксөп жүргөн көз карандысыз өлкө болуу тилегибизге жеткенибиздин белгиси. Мындан ары бул жер эркин Кыргызстандын жарандары үчүн ыйык жер болот” (Вечерний Бишкек, Слово Кыргызстана, сентябрь, 1999).

Жылмалатылган граниттен жасалган 11 метрлик постаменттин үстүнө бийиктиги 5 метр болгон Эркиндик эстелиги тургузулган. Авторлору – скульптор Т. Садыков, архитектор Е. Писарской. Бул эстелик боз үйдүн түндүгүн колунда көтөрүп кармап турган, шардын үстүндө жайгашкан канаттуу аялдын сөлөкөтүнөн турат. Түндүк мамлекеттик туунун композициясына да кирет. “Бул элес эркиндик, энелик идеяларына байланыштуу белгилүү ассоциацияларды жаратат. Эркиндик байыркы грек канаттуу жеңиш кудайчасынын элесине окшошот. Учуп бара жаткан аялдын сөлөкөтү шарга (планетага) тийип, ошол эле кезде ага таянгансып турат. Анын өңүндө жана кийиминде этностук кыргыз ажары көрүнөт, ошондой эле пластикалык композицияга элдин турмушунда азыркы өткөөл мезгилдин саясий жана маданий маңызынын өзгөчөлүктөрү да кирет” (Алышбаева, Будайчиев, Прыткова, 2001, 90-91-б.).

Эркиндик эстелигинин ачылышы. Бишкек-ш. Андреев, 1999. 0-61170. КР БМА.

Курманжан Датка эстелиги

2003-жылы Эркиндик эстелиги турган ордунан алынып, анын чоң көчүрмөсү Ала-Тоо аянтында алынып чыгарылган Ленин эстелигинин ордуна тургузулган. Эркиндик эстелигинин ордуна колодон куюлган жана ак таштан чегилген Курманжан Датканын эстелиги тургузулган (скульптору В. Шестопал, архитектору А. Муксинов). Постаменттеги скульптура арка менен курчалган, Алай канышасынын бир колунда түрүлгөн бир барак кагаз, экинчисинде камчы кармап турат. “Датка энебиздин эстелигинин ачылышы биздин эң чоң улуттук майрамыбызды – Эгемендүүлүк Күнүн майрамдап жаткан күн менен дал келгенинде терең маани бар десем жаңылышпайм”, – деп, эстеликтин ачылышында ошол учурдагы президент Аскар Акаев салтанаттуу сөзүндө айткан (Слово Кыргызстана, 2004). Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 13-жылдыгында коюлган эстелик, убакыттын өтүшү менен өзүнүн баштапкы маанисин жоготуп, туристтер үчүн өлкө тарыхындагы биринчи аял башкаруучуга арналып тургузулган эстелик катары тарыхый объектиге жана көркөм чыгарма болуп калган. Азыркы учурда эстеликтин алдында ар кандай көңүл ачуу иш-чаралары, бий флешмобдору жана йога сабактары өткөрүлөт. Ошентип, соңку 70 жылдын ичинде постаменттеги скульптуралык композициялар менен бирге көчө/аянт, анын мааниси жана шаар тургундары менен болгон мамилелери да өзгөргөн.

Курманжан Датка эстелигинин ачылышы. Погорелов, 2004. 0-63005. КР БМА.

Булактар:

  1. Алышбаева Д. Ж., Будайчиев Б.Д., Прыткова Л. А. (2001). “Бишкектин монументалдык искусствосу (Монументальное искусство Бишкека)”, Москва: Галарт.
  2. Петров В. Г. (2008). “Советтик Фрунзе (Фрунзе Советский)”. Бишкек.
  3. Шепеленко А. (2004, август). “Кылымдар бою эстен кеткис (Память на века)”, Слово Кыргызстана. №92 (21714).
  4. Васильев Б. (1999, сентябрь). “Күн да жаркырады, ырлар да ырдалды… (И солнце светило, и песня лилась…)”, Слово Кыргызстана. №103 (21002).
  5. Чернышев В. (1999, сентябрь). “Сайраңдасак сайраңдайлы, аткылашсак аткылашалы (Гулять так гулять, стрелять так стрелять)”, Вечерний Бишкек. №168 (7324).
  6. “Көтөрүлүштүн майышпас чоросу (Несгибаемому рыцарю революции)”, (1987, 9-сентябрь). Советтик Кыргызстан. №212 (17687).
  7. “Ленин күндөрүнүн алдында (Накануне ленинских дней)”. (1948, 17-январь). Советтик Кыргызстан. №12 (6042).
  8. “Фрунзеде В.И.Ленин эстелигинин ачылышы (Открытие памятника В.И. Ленину во Фрунзе)”. (1948, 24-январь). Советтик Кыргызстан. №17 (6047).
  9. “В.И.Ленин эстелигинин тургузулушу (Сооружение памятника В.И. Ленину)” (1947, 7-октябрь). Советтик Кыргызстан. №198 (5972).
  10. Орузбаева Б., «Фрунзе» энциклопедиясы. Маалыматтар бул шилтемеде: http://www.foto.kg/galereya/3761-frunze-ploschad-imeni-v-i-lenina.html