Раушанна Саркеева: «Дубалды сырдоонун да түрү бар»

интервью 20.12.2017

Раушанна Саркеева: «Дубалды сырдоонун да түрү бар»

Бул жылы Бишкектин 49 көчөсүндөгү жолдорду кайра салуу менен байланыштуу шаардык бийликтер бак-дарактарды кыйып салып, кыйганын дагы деле улантууда. Июлдун башында жергиликтүү тургундар жана активисттер Токтоналиев көчөсүндөгү (мурунку Душанбе көчөсү) бак-дарактарды кыюуну токтотууну жана коомдук угуулар өткөрүлүшүн талап кылышкан. Шаардык бийлик нааразылардын суроолорун караштырабыз деген антына карабастан, бак-дарактарды кыюу токтотулган эмес, ал эми каршы чыккандар болсо кармалып, Биринчи Май райондук сотуна жөнөтүлгөн. Биз “Душанбинканы сактап калалы” деген митингдин катышуучусу, “Шаардык демилгелер” фондунун жетекчиси Раушанна Саркеева менен шаардык активизм, шаардык мейкиндикте чоочун, кайдыгер мамилени жеңүү жана тургундардын шаарга болгон укугу жөнүндө сүйлөштүк.

Бул маек  “Зымырыт шаар” журналынан алынды.

Джошик Мурзахметов: Сен жетектеген “Шаардык демилгелер” деген фондуңардын негизги милдети – Кыргызстандагы шаарлардын өнүгүүсүнө шаардыктардын катышуу идеясын көтөрүү экен. Биринчиден аныктайлы: силердин түшүнүгүңөр боюнча шаар деген эмне?

Раушанна Саркеева: Сен билесиңби, бул суроого бардык маектерде бирдей колдонгон бирдиктүү жооп жок. Биздин шаар жөнүндө болгон түшүнүгүбүз акырындык менен өөрчүп-өзгөрүп турат. Биз өз ишибизди жаңы баштаган кезде: “Шаар – бул адамдардын, бийлик, жер, саясат, экономика, маданият, искусство жана башка нерселердин татаал системасы; шаар – ушунун баарынын айланасында келип чыккан макулдашуулардын же талаштардын натыйжасы” деп ойлочубуз. Андан кийин шаар – бул everyday drama деген түшүнүк пайда болду. Шаар – бул күнүгө үрөй учурган нерселердин болуп турушу. Кимдир бирөө үчүн шаар – бул адамды талкалап-майдалаган жөн гана машина, ал тынбай иштеш керек. Жакында урбанисттер менен экологдордун чогулушуна Львов жана Ивано-Франковск шаарларына бардым, ошол жерден Иван Вербицкийдин айткан аныктамасы жакты: “Шаар – бул “мен эмне үчүн ушул жердемин?” деген суроого жооп”. Ар бир адамдын шаары ар башкача: бирөө шаарда, анткени ал жерде туулуп-өскөн, ал үчүн бул жер ыңгайлуу; башкасы үчүн – бул акча табуунун, бутка туруунун жалгыз жолу; дагы бирөө үчүн – шаарда ийгиликке жетип, аны “жеңем” деген “америкалык кыял”. Мен ушул аныктама жөнүндө ойлонуп келем. Шаарда биз адилеттик/адилетсиздикке учурагандыктан, адамдар “мен эмне үчүн ушул жердемин?” деген суроого көпчүлүк учурда чынынан жооп бербей, өзүн-өзү алдап келишет. Мен үчүн шаар – бул аябай татаал организм, бирок анатомиялык көз караштан эмес, а бирге бирди кошсоң – эки чыкпай турган система катары. Ал эки деген санды эмес, андан да көп жоопту берет, ал татаал, иштегени нейрондук тармакка окшош. Мисалы, шаар куруучулар шаарды мейкиндик катары карашканы түшүнүктүү, алар үчүн дизайн жана жайгаштыруу маселеси биринчи орунда. План түзгөндөрдүкү – бир аз татаалыраак: алар адамдар мейкиндикти кандайча колдонушкан, азыр кандай колдонушат, келечекте пландары кандай, ошону эске алышы керек. Башкача айтканда, шаар ушул жерде жөн гана турган кандайдыр бир standalone (жалгыз турган) объект эмес.

Джошик: Башкача айтканда, силер шаарды пландаштыруу тарабынан эмес, мейкиндиктин социалдашуусу аркылуу карайбыз дечи?

Раушанна: Мен өз-ара аракеттешүү аркылуу демекчимин. Мисалы, эң башында, 2013-жылы мен Бишкек шаарынын стратегиясын иштеп чыгуу процессине катышканмын. Анда мени шаардык кеңештин депутаттарына жардам берүүгө чакырышкан болчу. Менин билимим жана жумушум башкаруу кеңешчиси катары, стратегияны билгич көз караш менен көрө алсаң, баарын кагазга жазсаң, кандай болбосун абалды чечүүгө болот, баары так иштейт деген түшүнүк бар эле. Мындай көз караш менен келсем, ар кайсы адам шаар жөнүндө ар башкача сүйлөп, көп учурда адамдар бири бирин түшүнбөгөндүгү таң калтырды. Ал шаар жөнүндө ар түрдүү элестетүүлөрдүн, сунуштардын, пикирлердин баш аламан кошундусу экен. Шаар жөнүндө көп тил бар болуп чыкты. Ошондуктан биз “Шаардык демилгелер” фондунун миссиясына шаар тургундарынын катышуусун каалайбыз деп жаздык. Бирок ошол эле мезгилде, белгилүү бир жай же изилдөө боюнча иштеп жатканда көп дисциплинардык жолду карманабыз, анткени долбоордун үстүнөн иштеп жаткан ар кандай адамдар бири-бири менен тил таап, бири-биринен үйрөнүшү керек. Көп учурда бул оор процесс. Бир жыл мурда биз Кыргызстандын кичи жана орто шаарларында шаар чөйрөсүн изилдөө боюнча иштеп баштаганда аябай татаал мезгилди башыбыздан өткөрдүк. Биринчиден, Бишкектен каяктагы бир “акылдуу” команда кичинекей шаарчаларды изилдеп жөнөгөн сыяктуу өтө эле ориенталисттик ыкма болуп калбас үчүн, кандай кылышты билбей жаттык. Экинчи маселе – кантип ар түрдүү адамдарды бириктирүү болду. Анткени биздин командабызда антрополог Зарина Урманбетова, социолог Салтанат Анарбаева, Айканыш, мен жана Динара Каныбек кызы (биз өзүбүздү жөнөкөй түрдө “өзү үйрөнчүк урбанисттер” деп атайбыз, бирок баары бир ар бирибиздин адистигибиз ар түрдүү) жана Атай Самыйбек – билими боюнча планировщик, урбанпленер. Анан ошол баарыбызга аябай кыйын болду, бирок бул иш баалуу тажрыйба берди.

Джошик: Изилдөө жүргүзүүдөн тышкары, силердин фондуңардын башкы милдеттеринин дагы бири – шаардык коомчулуктар менен муниципалитеттин диалогу үчүн аянтча түзүп берүү экен. Шаар түшүнүгүн кабыл алуу жана шаар боюнча чечим кабыл алуу боюнча тилдин түрдүүлүгүнөн келип чыккан оордукту канчалык деңгээлде ийгиликтүү жеңдиңер?

Раушанна: Биз азыр диалогду бир аз башкачараак түшүнөбүз, анткени башында бир топ жөнөкөй мамиле кылчубуз. Анда мэр Кубанычбек Кулматов баарын угуп, жооп берип, эки күн толугу менен форумда катышса, ошол эле жетиштүү эле. Бишкектин өнүгүү стратегиясын иштеп чыгууда кеңешип турушчу. “Оо, бул да бир нерсеге жетишкендик!” деп ойлочумун. 2014-жылы форумга даярданып жатып, аябай көп талкууларды өткөрдүк. Бизде 12 бөлүк болуп, ар биринде 2 талкуу жүрүп, баары биригип ар башка адам менен 24 дискуссия болду. Башында, мүмкүн биз өзүбүздү котормочу катары кабыл алып жаттык: азыр биз муну угуп, түшүнөлү, анан тигини угалы, анан баарын жыйнап, бир макулдашуу таап, акырында бир калыпка салабыз деп ойлодук. Ар түрдүү тилде, ар кайсы позициядан сүйлөгөндөрдүн ортосунда талкуу жүрүшү үчүн бир ортоктош бөлүүчү керек. Баса, бизге Улан Жапаров (архитектор жана художник – эск.) аябай жардам берди, анткени ал мета-деңгээлде, бийигирээк жана жалпы көз караш менен ой жүргүзө алат. Менимче, ошол форумдун темасы Bishkek Upgrade – эң кыска, нуска, биз быйыл тандаган темадан жакшыраак болду. Bishkek Upgrade – бул бизде бар нерсе менен кантип жашоо керек, аны кантип жакшыртса болот, шаарга болгон көз-карашыбыз жана аң-сезибизди кандайча жаңыртсак болот, ошол жөнүндө. Мисалы, сен көкүрөк каккылап күрөшкөн “Ата-Түрк” паркы гана эмес, терезеңдин астында өскөн үч дарак да шаардын жашыл зонасына кирээрин, ошону сен сугарыш керек экендигиңди түшүнүү. Ушул нерсени түшүнүү – бул дагы сенин аң-сезимиңдин “апгрейди”, жогорулашы, шаар жөнүндө түшүнүгүңдүн “апгрейди”. Анда биз, балким, аябай баёо элек, бирок бир ортоктош бөлүүчү, жалпы бир нерсеге умтулуу бар болсо, диалог болот деп ишенчүбүз. Ал эми азыр болсо жалпы каалоодон сырткары шаардагы ар кайсы субъекттин каалоосу ар түрдүү экенин түшүнөбүз. Чынында баары татаалыраак.

Джошик: Эмне үчүн татаалыраак болуп калды: силер мурун иштешкен муниципалитеттин жетекчилиги алмашып кетип, алар менен сүйлөшүү кыйыныраак болуп калгандыктанбы же бул аянтчаны түзүп жатып тажрыйбалуу болуп, ар кайсы тилде сүйлөө оордукка алып келээрин түшүнгөндүктөнбү?

Раушанна: “Аянтча” деп сен биздин шаардык маек-форумдарыбызды айтып жатасыңбы?

Джошик: Ооба, ошонун ичинде аларды да.

Раушанна: “Шаардык маектерде” (“Городские разговоры” – шаарды өнүктүрүү боюнча курч маселелерди талкуулоо үчүн түзүлгөн бир катар формалдуу эмес аянтчалар – эск.) мэр Кулматов же шаардык кызматтар катышканда – бул мэрия өзүнүн ачык экендигин көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк эле. 2014-жылы бул өтө маанилүү болчу. Биз азыр гана “шаарга болгон укук” жөнүндө, Генплан биз үчүн аздык кыларын, биз үчүн мыйзамдардын иштеши керек экендиги жөнүндө сүйлөп калдык. Анткени өзүбүз да жакшыраак түшүнүп калдык. Ал эми үч жыл мурда Генпланды көрсөтүп койсо эле бактылуу болуп калчубуз. “Биз” деп мен шаар тургундарын айтып жатам. Мэр чыгып, “Тазалык” кантип иштээрин сом менен, килограмм менен түшүндүргөндө, жумуш кандай жүрөөрүн ачык көрүп, түшүнүп, мүмкүн, кандайдыр бир жол менен башкаруу болот экендигине баары аябай кубанган эле. Бирок азыр жетекчилик алмашаары менен дароо эле калкаланып алды. Мен ошондуктан ар түрдүү каалоолор жөнүндө айтып жатам. Мен, мүмкүн, мурунку мэрдин эмне үчүн адамдар менен ушунчалык ачык болууга умтулганын, өтө жакшылап болбосо да, эмнеге аларды тартканга аракет кылганын, дагы деле түшүнө электирмин. Мүмкүн өзүн-өзү жарыя кылгандыр, мүмкүн ошол убакта тургундардын ишенимине кирүү маселеси тургандыр. Же ал кылып жаткан нерсенин көбү үлгүлүү, көрсөтмө болбостугун түшүнгөндүр. Бирок, билесиңби, мен үчүн Душанбинка боюнча фиаско – бул 49 көчөнү кайра салуу боюнча чечимди Кулматовдун командасы кабыл алгандыгында. Чынында муну Албек Ибраимов ойлоп тапкан жок. Ал ишке ашырып баштаган, Душанбинканын тургундарына бир да метр калтырбоо – ошонун чечими болчу. Бирок 49 көчөнү ремонттоо жөнүндө токтомго Кулматов кол койгон. Ал ушул урбанистикада болуп, шаар кантип “иштегенин” түшүнө баштагандай сезди окшойт, баары тыгын жолдорго арыздангандыктан, архитекторлор, урбанисттер менен кеңешип, көчөлөрдү бошотууга аракет кылды. Бирок, түшүнөсүңбү, бул иш катардагы жумушчулар, мисалы, Бишкекбашархитектура тарабынан аткарылышы – бул кесипсиздиктин, биздеги көнүмүш “шаар – бул тез акча кылуу чөйрөсү, эптеп эле бат-баттан бүтүрүп салыш керек” деген ойдун көрсөткүчү. Анан ошол катардагы жумушчулар айтылган 49 көчөдөгү абалды карап да коюшкан жок: адамдар ал жерде кантип жашайт, жол кандай, бак-дарактар кайсы жеринде өсөт. Алар шаарды жөн гана схема, карта, торчо катары кабыл алып, кайсы көчөлөрдү бошотуш керек, ошол жерге белгилерди чийип коюшту. Мени эң капа кылган нерсе ошол болду. “Мы строили, строили и ничего не построили” дегендей. Мунун баары бат эле жок болуп кетет, ансыз да туруксуз мотивация өлөт, “тез түрдө жасагыла” деген буйрукка барып урунат да, аягында эптеп-септеп жасалат. Качандыр бир кезде бизге жапондор көчөлөрдү кеңейтпегиле, анткени Бишкектин бюджети кичинекей деп айтышкан эле. Бирок Кытайдан грант келээри менен асфальтка акча коротуп, жолдорду кеңейтебиз деп чечилди.

Азыр биздин мэрия менен сүйлөшүүлөрүбүз үзүндү-үзүндү. Коомчулук менен кеңешүү аларга “ыңгайлуу” кезде алар кеңешишет, же кеңешип жаткандай түр көрсөтүп коюшат. Ыңгайлуу эмес кезде – кеңешишпейт. Мына, мисалы, Душанбинка боюнча ушундай “согуш” болуп жатканда, мени диалог, компромисс жөнүндө сүйлөйт деп сындашты. Ал эми Бишкекбашархитектурага барганда, “Акча бар, план бар, баары бекитилбедиби, биз эми кантели?” деген алсыз кебетелерин көрөсүң. Бир жагынан болсо, алардын коркконун, жини келген тургундардын үнүн баса албай, өзүнүкүн айта албай, эмне кылыш керектигин өздөрү түшүнбөй жаткандыгын көрүп турдум. Тургундар тараптан каршылык чыга баштаганда, мэриянын эң адамгерчиликтүү, сабаттуу чечими – бул: “Макул, бул көчөгө төрт тилке батпайт экен, биз экологиялык жана санитардык нормаларды буздук, ооба, биз кеңешпей жасап жибердик”, – деп, компромисс иштеп чыкса болмок деп ойлодум. Мен төрт жылдан бери кыялданганым – жок дегенде бир чиновник чыгып: “Достор, мен эмне кылаарды билбей жатам, чогуу ойлонолучу”, – деп айтса. Азырынча болсо баары эле: “Эмне кылышты мен өзүм билем, бул менин жумушум” деген ойдо. Өздөрүн компетенттүү эмес көрсөтүштөн өтө эле коркушат. Башка өлкөлөрдөгү диалогдорду көрүп жатпайбызбы. Албетте, алардын көбү формалдуу түрдө экенин байкаса болот, бирок чынында бул нерсе ишке ашып жаткан мисалдар бар. Мисалы, Цюрихте шаар тургундарынын катышуусу – бул баары билген жана сыйлаган туруктуу негиз. Ал жерде да Генплан боюнча бир келишимге келе албай жаткан абал болгон. Мэрия бир нече күнгө баарын тегерек столго отургузган. Албетте, ар бир сантиметр үчүн согушкан жок дечи, бирок эң негизги принциптер боюнча макулдашууга келишкен. Ушундайды мен диалог деп айта алам. Диалогдо бир тарап экинчи тарапты угуп, ага жооп бериши абдан маанилүү. А бизде болсо мындай: бир тарап кыйкырат, экинчи тарап болсо өзүнүкүн жасай берет. Биздин бийлик: “49 көчөнүн ремонту жөнүндө Akipressке макала чыгарып койсок – ошол коомчулукту маалымдаганыбыз” деп ойлойт. Анан Душанбинкада жашаган улгайган кемпир ошол маалыматты өзү таап, окуп, ал эмне долбоор экенин билиш үчүн бардык инстанцияларды кыдырып чыгыш керек болуп жатпайбы.

Иллюстрация: Малика Умарова

Джошик: Мен бийликке ишенбегендик менен мамиле кылам. Тилекке каршы, диалогго ишенбейм го дейм, бийлик мен үчүн – бул экономикалык натыйжалуулуктун машинасы катары бийик модернизмдин жарчысы. Бийлик менен диалог түзүү – бул баарыдан мурда катышуу маданияты, өз саясий укуктарыңды талап кылуу. Силер “шаарман” деген термин киргизип, ага: “шаар жана жашоочулардын маселелерин козгоп, жашоону жакшыртканга аракет кылган активдүү шаар тургундарынын жаңы катмары” деп аныктама бергендигиңерди билем. Силердин Кыргызстан шаарлары боюнча изилдөөңөрдө дагы бир кызык цитата таптым. Анда: “Эгерде шаардын тургундары муниципалитеттин тейлөө кызматынын сапатына канааттанбаса, анда башкалардын нааразычылыгына туш болуп, аларга “пикетчи” деген белги ат жабышат” деп айтылыптыр. Жана Нарындын шаармандары “бирөөгө эмнени кантип кылыш керектигин айтып отурбай, өздөрү иш баштоону чечишиптир”. Шаарман активдүү катышуучу экендигинен тышкары, саясий мүнөздөгү талаптын айтып чыгышы канчалык деңгээлде маанилүү? Мен ойлоп жатам, мүмкүн, “шаарман” сен үчүн эмне экендигинен баштайттырсың?

Раушанна: Биз муну форумдун концепти менен бир убакытта ойлоп чыгардык. Биз чогулткубуз келген адамдардын баары ким экендигин ойлондук. Анан алар шаар жөнүндө ойлогондор, билгендер, абалды өзгөртүү үчүн, жакшыртуу үчүн бир нерсе кылгандар болуп чыкты. Сөз эки кыргызча сөздөн турат: “шаардык” жана “каарман”. Эки сөздү кошкондо “шаарман” – шаарды билген адам болуп чыкты.

Джошик: Башка сөз менен айтканда, бул партиципатордук катышуу, баягы эле талап кылган, билген жана жасаган коомдоштук.

Раушанна: Ооба, бул жерде партиципатордук бар, бирок бул гана эмес. Форумдан кийин биз мэриядан келген адам да шаарман болушу мүмкүн деп айтканбыз. Башкача айтканда, бул жерде мэрия менен карама-каршы коюу жок. Шаарманда жакшы ниет, каалоо болушу керек. Шаар ичинде өз баннерлериңди илип, шаардын казынасына акча төлөдүм деп айтсаң болот. Же шаардын баарын “Түкүрбө” деген чаптамалар менен чаптап, өзүңдү азамат деп эсептесең болот. Бирок, баса, ошол чаптамалар советтик “Түкүрө көрбө!” сыяктуу агрессивдүү тыюу салууларды эске түшүрөт.

Чындык биздики гана деп айтпайбыз, элдер бул терминди колдонуп, толуктаса болот. Чынында, форумду жазып жатканда бизге өзүбүздүн кыргызча урбанистика керектигин ойлонгонбуз. Мисалы, Санкт-Петербург Стокгольмдон үлгү алат, Алматы дагы бир жактан, жана биз дагы башка шаарларды карап, ошолорду туурайт окшойбуз. Бирок бизге өзүбүздүкү керек, анын ичинде термин дагы. Анткени “активист” аймактарда терс кабыл алынат. “Урбанист” – чоочун сөз. Биз биринчи урбан-форумду жасап жатканда: “Ал эмне деген урбан, чет элдик сөз экен” деген көп пикир уктум.

Джошик: Дагы бир сурай кетейин деген нерсе: “куттуу” шаарлар форуму деген эмне форум?

Раушанна: Бул ар бир шаардын өзүнө гана тиешелүү кайталангыс, өзгөчө бир нерсеси бар экендиги жөнүндө. Балыкчы Бишкек болом деп умтулбаш керек, анткени анын өз куту бар. Бул аябай күлкүлүү, анткени ар кандай психологиялык гештальт-практикаларга окшош. Өзүңдү өзүң толугу менен кабыл алуу сыяктуу, Майлуу-Суу болсоң, Майлуу-Суусуң дегендей.

Джошик: Башкача айтканда, мында позитисттик маңыз жок дечи?

Раушанна: Баары бактылуу болуш керек деген мааниби? Жок. Бул жөн гана орусчага которгондо ошондой болуп калды. Анткени “благодатные города” өтө татаал угулду. Биз форумда ар бир шаардын өз жашоочулары үчүн өзүнчө бир “куту” болорун айттык. Мисалы, эгерде сен Балыкчы жөнүндө лонгридди окуган болсоң, түшүнсөң керек. Ал жердеги шарттар кыйла эле оор болгонуна карабастан, менин жолдошумдун тайкеси Балыкчыда жашайт. Мен көрүп турам, кантип жашаганын, бирок көпчүлүк тургундар ал жерде жашаган жагаарын, ал жер жакшы экенин айтышат. Балыкчыда кичинекей балдар менен воркшоп өткөргөнүбүздө алар Ысык-Көлдүн үстүнө Сан-Францискодогудай көпүрө тартып көргөзүштү. Адамдар тасмаларды көрүп, ошону туурап, прогрессти каалап жатканын түшүнөбүз. Дал ушул нерсеге барып такалабыз. Ким өзү үчүн “кут”, “прогресс” дегенди кандай түшүнөт. Мына ошондуктан Бишкекте баары: “Жолду жасап жатышат, жакшы болду, бул прогресс да”, – деп айтышат. А бул жакшы эмес, эгерде кандай Бишкек ким үчүн экенин карап көрсөк. Бишкек жөө жүрүүчүгө ыңгайлуу болушу керек. Шаар катуу өзгөрүлгөндүгүнөн, калкы өзгөргөндүгүнөн кризис келип чыгып жатат.

Джошик: Сен “кут керек” деп жатасың. Бул канчалык деңгээлде шаар мейкиндиги – социалдык айырмачылыкты жеңүү деп түшүнүү менен мамилелешет? Бул нерсе шаарды жасап салсак эле, “батыштагыдай” жашап калабыз деп ойлогон кандайдыр бир деполитизацияга ооп кетип жаткан жокпу?

Раушанна: Шаармандардын эч кимисинде мындай мамиле жок. Мүмкүн жаштар ошентип ойлойттур. Жөн гана Бишкектеги биз билген шаармандар жана башка шаарлардагы биз таанышкан шаармандар ар башка. Алардын кээ бирлери саясатта бир топ активдүү катышат. Ооба, бизди баёо элестетишет, скамейка коюп алып эле сүйүнө берет деп. Ошол скамейканы коюш үчүн канча күч керек, билесиңби?  Жакында комикс чыгарсак кантет деп да ойлодум. Менде кризис болду. Активисттик ишти кесип катары эсептесе болбойт, анткени мен анда гранттардан көз каранды болуп калам. Анан мен бизнес жөнүндө ойлондум. Комикстердин тарыхын чукудум: Францияда, мисалы, алар бардык убактарда, өзгөчө 60-жылдары, саясий курч, актуалдуу болгон.

Джошик: Ооба, ал жерде “жаңы солчулдар” кайсы искусство болбосун, демократиялык болушу үчүн чоң кадам жасашкан.

Раушанна: Сен айтып жатасың, шаарды жасалгалоо, скамейкаларды коюу эч нерсени чечпейт деп. Бирок ойлосоң, шаарды үйдөн жумушка чейинки тоскоолдуктар катары кабыл алган адам – коңшулары үчүн скамейка жасаган адамга чейин өссө да, бул аң-сезимдин кандайдыр бир өсүү жолу. Өз үйүңдөн башка, Фейсбук менен Вконтактедеги баракчаңдан сырткары эмне жөнүндө кам көрүүнү каалайсың, ошону көрсөткөн жол. Бул маанилүү нерсе. Мейли, бизде тең укуктуу диалогго же катышуу/таасир берүүгө даярдык али жок болсун. Бирок, баса, бул абал айылдык аймактарда кыйла жакшыраак. Ал жакта адамдар чындап катышат. Акчанын бөлүгү бюджеттен болсо, кандайдыр бөлүгү алардын өзүнөн жыйналаарын, ошондуктан жергиликтүү коомчулук катары, бул жылы скамейка керекпи же колонка керекпи, ошону сүйлөшүп алыш керектигин түшүнүшөт. Бул жерде катышуу маданияты башталат. Ошондуктан, кимдир бирөө кооздук үчүн гана скамейка коюп берсе, мейли, жакшы болот. Ал жок дегенде өзүнөн өзү, кандайдыр бир объект катары, бир нерсени өзгөртөттүр. Анын (объекттин) тагдыры кийин башталат да. Биз, мисалы, “Пилдер” сквери менен иштедик, бирок биз ал жерде дайыма боло албайбыз да. Көрдүңбү, баары башкача болуп чыкты. Башында жакшы эффект болсо да, кийин ал жокко чыкты, анын арасында курулуштун айынан дагы. Жана эгерде кимдир бирөө коңшулары менен сүйлөшүп алып, скамейка коё турган болсо, демек, ал шаарман. Мисалы, мен да өз короомдо ошентүүгө аракет кылдым. Баары менен макулдашуу ушунчалык кыйын дейсиң. Биздин тогуз кабаттуу үйдө үч подъезд бар. Мен бардык батирлерди кыдырып, баарынан сурап, тааныштым. Бул кыйын болду. Башкача айтканда, бул нерсени кантип жасаарыңда да айырма бар. Болуптур, Basicolors бир нерселерди тартты дейли, адамдар шаар кооз, сүйкүмдүү болуп калды деп ойлойт. Мен ошондой бир короолордун бирине барып, тургундар менен сүйлөштүм. Биринчиден, жашоочулар өздөрү өтүнмө жөнөтүшүптүр, бул деген жакшы нерсе. Мен Витя менен (Виктор Цой – граффитист – эск.) сүйлөштүм, ал долбоорлорду даярдап жатканда жашоочулар дагы катышып жатабы, карап турабыз дейт. Анткени талап боюнча “Сорос-Кыргызстан” фондунун “Менин үйүмдүн дубалындагы граффити” деген программасына өтүнмөлөрдү үйбашылар (домкомдор) жөнөтүшү керек. Көпчүлүк учурда үйбашылар, алардын иш-аракеттери менен тургундардын ортосунда чоң ажырык бар. Элестет, бул программага катышыш үчүн адамдар жок дегенде өз ара макулдашып алышы керек. Жок дегенде “Бул жерде бизге эмне керек?” деп ойлоно башташат. Анан аларга көчөдө эмне керек экендигин, шаарда эмне керек экендигин ойлоно башташат. Сен критикалык масса бар деп жатасың. Жок андай. Биз ушул этаптан ары жыла албай турабыз. Бул жерде алгачкы кадамдар, тигил жерде алгачкы кадамдар. Дагы канча убакыт өтөт, билбейм. Мүмкүн эки жыл, мүмкүн беш. Элдер түшүнө баштаганда, критикалык масса, жарандык коом ж.б. пайда болгондо. Ошондуктан мен айтып жатам: “Дубалды сырдоонун да түрү бар” деп. Эгерде Basicolors бир киши менен дубалды сырдап беребиз деп сүйлөшүп койсо, бул, албетте, бекер сөз – эч кандай урбанистика эмес, эч кандай тургундар катышкан нерсе эмес. Бирок алар, биринчиден, өтүнмө алышат, экинчиден, бул үйбашы гана эмес, жашоочулардын каалоосу болушу керек деген талабы бар. Анан алар өз каалаган нерсесин эмес, тургундар менен сүйлөшүп, талкуулап, чогуу чечкен нерселерди тартышат.

Джошик: Баса, мен “Жал” кичи районундагы граффитини сүрөткө тартканы барганда, Basicolors тарткан дубалды көрдүм. Ал мага хипстердик мамиледе жасалган сахнага окшоп көрүндү. Бирок ага бир кемпир өз элементтерин кошуп тартып, бүтүрүп жатыптыр.

Раушанна: Мына, көрдүңбү! Бирөө келип, тургундар үчүн бир нерсе тартып берип койду эмес, алар өздөрү, жашоочулар, буга катышты. Мен Грециядан келген бир кыз менен “Космоско” бардым эле, ал жерде да Basicolors-тун граффитиси бар. Биз дубалдын жанында турсак, ошол жерде жашаган бир аял келип, сүрөт жөнүндө, үй жөнүндө, дагы көп нерселерди көңүлдөнүп айтып бере баштады. Мүмкүн, алардын сүрөттөрү Doxa-ныкындай укмуш эместир. Бирок Doxa бирөөнүн тапшырыгы менен тартышат, анан тургундар шаарда жүрүп, кокустан көрүп калышат. А бул жерде болсо белгилүү бир короонун граффитиси, коомчулук ага катышып, өз тиешелүүлүгүн сезет – бул абдан маанилүү. Бишкекте бирдейлик боюнча кризис бар го. Чанда гана адам: “Мен Бишкектин жашоочусумун” деп айтат. Биз ар бир шаарда: “Сиз кимсиз?” деген суроону беребиз. Алар: “Мен үй-бүлөмдүн мүчөсүмүн”, “Мен кыргызстандыкмын”, “Мен патриотмун” деп айтышат. “Мен балыкчылыкмын, бишкектикмин” деген жооп жокко эсе. А бул нерсе ушундай кичинекей нерселерден башталат – өзүңдүн кичи районуңда же корооңдо достошуудан.

Джошик: Эми эң оорулуу суроо – Душанбинка жөнүндө. Бийликтин бак-дарактарды уятсыз түрдө кыйып салганына байланыштуу абал. Менин көз карашым боюнча, бул бийлик кызыкчылыгына акча, бизнес кире элек кезде гана эл менен диалог кура ала тургандыгын көрсөттү. Андан да өтүп капа кылганы – бул шаар тургундарынын саясаттан баш тартышы. Бул нерсенин себептеринин бири баягы бирдейлик кризиси менен байланышкан деп ойлойм. Бул чоочундукту, алыстагандыкты кантип жеңүү керек боюнча силерде кандайдыр бир ойлор же стратегиялар барбы?

Раушанна: Чындыгында, эки баштуу жаныбарга окшоп, ары-бери сүйрөлгөн жаман. “Мына биз чоочун эмеспиз, силер, шаардыктар, – чоочунсуңар, кана, эртерээк киришкиле” деген сыяктуу. Биз да шаардын тургундарыбыз. Биз азырынча дал ушул биздин колубуздан келе турган нерселерди кылып жатабыз. Августтун аягында “Жашыл Бишкек үчүн демилгечи топ” чогулду. Мен баарына чалып чыктым, анын арасында силерге да (кеп Лаборатория си жөнүндө болуп жатат – эск.) Бул дагы аябай кыйын нерсе. Силер, баса, жолугушууларга келген жоксуңар. Мына түшүнүп жатасыңбы, ушул критикалык массанын, мейли “жарым-критикалык жүздүн” ичинде эсептелген адамдар да бири-бири менен тил табыша албай жатса (күлүп). Кантип чоочундукту, өз ара келишпестикти жеңебиз? Мага ал эмес, “Грин Бишкекте” да (демилгечи топ – эск.) кыйын. Анткени сен гана бир нерсени билип туруп, калгандардын баарына аны жеткирүүгө, түшүндүрүүгө аракет кылуу – бул аябай начар позиция. Силер Калича Умуралиева (“Биздин укук” коомдук фондунун башчысы – эск.) менен сүйлөшөсүңөрбү? Менин оюмча, силер аны менен тыгыз байланышып, ал эмне кылып жатканын карашыңар керек. Анткени ал менин түшүмө кирбеген нерселерди жасайт. Аларда, мисалы, консультациялык борбор бар. Джошик, аларга күнүнө жок дегенде үч адам консультацияга келет – жөнөкөй тургундар жана үйбашылар. Үй, короо, үйдүн чатыры боюнча суроолор менен келишет. Түшүнөсүңбү, күнүнө 3 адам! Алар аябай кыйын, күчтүү. Бизге эч ким келбейт дагы, кандайдыр бир чогулуш гана уюштурбасак. Анан ошол шаарга болгон укук жана чоочундук жөнүндө кеп кыла турган болсок, ал ушул жерден башталат да, сенин үйүңдөн, сенин корооңдо эмне болуп жатканына кызыккандыктан. Ошондуктан бизде стратегия ж.б. бар деп, сага тегиз, жакшынакай жооп бере албайм. Жок, анткени биз маселенин тамыры эмнеде экенин дагы деле түшүнө элекпиз. Жана эгерде проблеманын тамыры адамдардын сабыры суздугунда, саясаттан баш тартуусунда деп айтканга аракет кылсак, анда бул катышпаган, үстүртөн караган позиция болуп калат. Жана мүмкүн, ошондуктан сырттан биз ордубузда эле тургандай көрүнөттүр. Чындыгында биз жөн гана тетирисинче жасап албайлы деп, ойлонууга убакыт алып жатабыз. Мен бак-дарактардын абалын текшерүүгө киришкенде да, негизги маселе чечиле электигин түшүндүм, ошондуктан мага ушуну да жасоо кайрадан оор болду. Мен баарына каршы күрөшүп жаткандай. Сен жалгыз кезде, же силер аз киши болсоңор бул аябай көп эмоционалдык жана убакыттык ресурсту талап кылат. Жакында “негизги маселе эмнеде, же маселелер көппү, азыркы мезгилде кыйынчылык эмнеде?” деп сурашты. Ойлоно келип, мүмкүн, бир жагынан, шаар үчүн кыйынчылык – кысым, арыздануулар ж.б. менен абалды кантип чечиш керек экенин билбегендигинде экенин түшүндүм. Бирок бир жагынан карасаң, кыйынчылык бул эле акыбалда эмес, кайсы болбосун абалда. Мүмкүн, эртең тыйын чычкандарды атып, кыра башташат. Ар кандай проблемалар пайда болушу мүмкүн. Балким, маселе ушул 25-27 жылдан бери чынында тургундардын катышуу механизми пайда болбогонундадыр. Шаардык маектер – иштебейт, форум – иштебейт, каттар – иштебейт, жыйындар дайыма эле иштей бербейт. Биз менен ким сүйлөшүшү керек? Муниципалдык башкаруубу, мэриябы же депутаттарбы – ким? Депутаттар аркылуу кантип иштеш керек? А корообузда кантип иштешибиз керек? Түшүнөсүңбү, мына, эчтеке жок. Анан бир нерсе кылганга аракет кылган адамдар ошентип Калича Умуралиевага барышат, же Калича өзү барат. Болду. Башка эч нерсе жок. Мен үчүн ушул проблема. Мисалы, мага шаардын көчөсүндөгү бак-дарактарды эсептеп чыгыш керек дейли. Бул маалыматты шаардыктарга жеткириш үчүн мен эмнени колдоно алам? Алым жеткен ыкмалардан башка дээрлик эч нерсе. Телеканалга баргыдай көп акчам жок. Мүмкүн, кыйынчылык, чакырык мен үчүн эмес, бизге, бардык тургундарга деп да ойлоно баштадым. Биз катышкыбыз келген учурда да, кантип болтура тургандыгын билгиче биздики дароо эле боло калбайт. Мен үчүн кыйынчылык, чакырык ушунда.

Джошик: “Шаарга болгон укук” концепциясы боюнча суроо туулуп жатат. Латын Америкасында шаардыктар чечим кабыл алуу процессине мыйзам чыгаруу деңгээлинде катышканынын жакшы мисалы бар. Мүмкүн, биз үчүн бул сүйлөө, коомдук мейкиндиктерге өз укуктарыбызды мыйзам чыгаруу деңгээлинде талап кылуу, маселенин чечилишинин бир жолу болоттур.

Раушанна: Мыйзам чыгаруу деңгээлинде болушу керек, талап кыла алгыдай же кантип талап кыла алабыз, кимден талап кылабыз же ким аткарыш керек, ошонун баары жазылышы керек. Мисалы, мен азыр бир демилге баштайын деп жатам, Бишкектин деңгээлинде кабыл алынышы үчүн кантип аталышы керек, билбейм: токтомбу, тартиппи, стандарт же шаар куруу документтери, пландар боюнча коомдук угууларды өткөрүүнүн регламентиби. Арыктарды алмаштырасыңарбы, тротуар алмаштырасыңарбы, коомдук угууларды өткөргүлө. Жол саласыңарбы, курулуш компанияга курууга уруксат бересиңерби – угууларды өткөргүлө. Бишкек шаарынын жергиликтүү коомдук Уставы бар экенин билесиңерби? Ал жерде “силер мыйзам чыгаруучу демилге укугу менен чыга аласыңар” деп жазылган. Мен аны чукуй баштаганда миңдей добуш чогултуш керек деп ойлогом. Көрсө, кереги жок экен. Мэрияга барасың, “менде мыйзам чыгаруучу демилге бар” дейсиң. Алар болсо иш тобун түзүүгө милдеттүү. Бул нерсени эч ким, жадагалса активисттер да колдонбойт. Мен аракет кылып көрөм, анан ойдогудай болдубу, жокпу, жазып жиберем. Мэрия кандай жооп кайтарат, ошол мага кызык. Бул ойду азырынча мен бир нече депутатка айткам, колдойбуз дешкен, бирок аларга көп үмүттөнбөй эле койсо болот. Мен укуктук зоналоо (правовое зонирование) боюнча презентация жасаган элем, ошондо алардан өткөн кайдыгер угуучу көргөн эмесмин. Анткени сен алар менен сүйлөшүп жатканда, сен айсбергдин чокусун эле көрөсүң: алар кабинетинде отурушат, сени угушат. Ал эми тереңде, суунун астында – алардын бизнеси, ар кандай келишимдери, үй-бүлөлүк, туугандык мамилелери бар.

Джошик: Шаарга болгон укукка жакындоо жана аны аккумуляциялоонун бир түрү, менимче, көчөлөрдү тепловизордун жардамы менен ченеп чыгуу болду окшойт. Буга окшогон демилгелер коомдук мейкиндиктерди талап кылуу процессин иштете баштайт.

Раушанна: Демилге – бул сен өз убактыңды, күчүңдү жана аны ишке ашыруу үчүн каражатыңды коротконуң. Жана эгер сага бийликтен жардам керек болсо, анда бийликте жок дегенде юридикалык мүмкүнчүлүк бар болсун. Бул азыр аларда жок. Мисалы, Шаарды өнүктүрүү боюнча агенттиктин көп батирлүү үйлөрдүн жашоочулары өз менчигин оңдоого, мисалы, чатырларды жамоого, лифттерди оңдоого стимулдоочу гранттары бар. Мейли, ал эми тургундар райондук библиотекада курстарды уюштургусу келсечи? Буга каражат бөлө албайт, анткени юридикалык түрдө ошондой жазылган. Баары абдан иретке салынган, анткени чиновниктер үчүн кетирилген акчалар боюнча кантип отчет беришет, баары өз жайында болуш керектиги, ошол маанилүү. Демилгелерди колдоо, жөн эле материалдык ремонт эмес, материалдык эмес нерселер, мисалы, райондо маданияттык иш-чараларды өткөрүү – бул мэрия үчүн тобокелдик, анткени сметаларды так жазып чыгууга болбойт. Мэрия тобокелге салса, жакшы болот эле. Ал эми коомдоштуктарды ошого окшош коомдоштуктар колдошу керек. Мисалы, тепловизор менен ченөөдө бизди Kloop колдоду, Юнисон групп тепловизорун берип, ченеп да беришти, а биз аны чечмелеп жаздык. Чоочундукту, алыстагандыкты жеңүү деген эмне – бул сага эмне жакпаганын, ал нерсе менен эмне кылгың келип жатканыңды билдирүү. Азыр адамдар социалдык медиа, пост, лайктар аркылуу чоочундукту, алыстагандыкты жеңип атабыз деп эсептешет. Бул мен үчүн чоң суроо, бул чын эле алыстагандыкты жеңүүбү? Бул чындап эле адамдар терең ойлонуп калгандыгын көрсөтөбү же жокпу?