Нини Палавандишвили: “Искусство баарын чече албайт, бирок биздин биргелешкен жумушубуз чече алат”

интервью маданият 18.12.2017

Нини Палавандишвили: “Искусство баарын чече албайт, бирок биздин биргелешкен жумушубуз чече алат”

2017-жылдын сентябрь айында Бишкек шаарынын Ботаникалык багында CEC ArtsLink колдоосу менен ArtEast коомдук уюму уюштурган “Арт Проспект – Бишкек: жашыл зоналар – жаңы дем” аттуу эл аралык public art фестивалы болуп өттү. Фестиваль эл аралык “Арт Проспект долбоорунун бир бөлүгү болуп саналат. Фестивалдан кийин Лаборатория СИ ошол эле “Арт Проспект” программасынын алкагында художниктер жана кураторлор үчүн Бишкектеги резиденцияда Грузиядан келген куратор жана искусство ишмери Нини Палавандишвили менен жолукту. Фестивалда Нини талкууларды алпарып, Ботаникалык бак менен болгон жумушка катышкан. Өзүнүн көркөм тажрыйбасында ал социалдык жана саясий контексттерди, алардын маданиятта жана заманбап искусство чөйрөсүндө чечмеленишин изилдейт. 2006-жылдан бери Тбилиси шаарындагы GeoAIR  көркөм өнөр бирикмесинин мүчөсү болуп келет.

Бул маек  “Зымырыт шаар” журналынан алынды..

Алмаз Исаков: Нини, сиз жалпы элдик мейкиндиктер менен иштейсиз, сиздин долбоорлоруңузда көркөм эмгектериңиздин курамына кирген изилдөөлөр көп. Ушуга окшош фестивалдар жөнүндө (“Арт Проспект – Бишкек: жашыл зоналар – жаңы дем” эл аралык public art фестивалы – авт.эск.) айта турган болсок, мейкиндиктиктин пайда болгон шарттарын терең изилдөөнүн маанилүүлүгүн белгилей кетким келет. Бул мааниде көркөм эмгектерди жаратууда тарыхка чулганып, ал мейкиндик же институция кайсы коомдук-саясий процесстердин натыйжасы экендигин түшүнүү үчүн зарыл болгон изилдөө өтө маанилүү көрүнгөнсүйт. Өзүңүздүн көркөм практикаңызда эмне үчүн изилдөө жолун тандайсыз?

Нини Палавандишвили: Биздин маданий чөйрөдө, дегеле жашоодо, бардык нерсе бири бири менен тыгыз айкалышкан. Ошондуктан акырында бир бүтүнгө алып келген компоненттерди жана бөлүктөрдү изилдеш керек. Антропологиялык, социалдык изилдөөлөр: адамдардан сураштыруу, сурамжылоо жүргүзүү аябай маанилүү. Мен түшмө өтмөктөр (подземка) менен долбоор жасап жатканда алар колдонулбай калганын жөн гана белгилебестен, эмне үчүн алар колдонулбай калганын билүү мага кызыктуу болду. Калктын ар кайсы катмарларынын буга болгон мамилесин, көз карашын, алардын оюнча эмне үчүн мындай абал келип чыкканын билгим келди. Менин гана пикирим айтылбастан, коомчулук бул нерсеге кандай мамиле кылаарын билүү маанилүү. Ал эми тарыхый жактан караганда, өнүгүү-өрчүү процесси маанилүү. Мейкиндик, объект такыр эле башка доордо, башка идеологияда салынган болушу мүмкүн. Ал эми ал нерсе убакыттын өтүшү менен 20-30 жылда өзгөрүп турат. Мисалы, Ботаникалык бак дээрлик 100 жыл мурун негизделген. Андан бери көп нерсе өзгөрдү. Бак биринчи отургузулганда башкача эле, анан ал жайылып өсүп, кийин ага таасирин тийгизген, азыркы калыбына келтирген көптөгөн социалдык-экономикалык, саясий өзгөрүүлөр болду. Ошондуктан бир нерсенин үстүнөн иштеп жатканда ар кандай факторлорду изилдөө маанилүү. Менин ыкмам мындай: куратор катары мен изилдөөнү баштайм, архивдерди аңтарып чыгам; андан кийин бүт ошол материалды чакырылган катышуучуларга, художниктерге көрсөтөм. Андан соң иш ар кандай жүрөт: кээ бири берилген маалыматты эске алат, кээ бири такыр эле башка нерсе жасайт. Ошентсе да менин ролум, анын ичинде өзүм үчүн дагы –маалыматты билип, аны катышуучуларга да, көрүүчүлөргө да жеткирүү.

Алмаз: Ооба, процесстер, окуялар, көрүнүштөр вакуумдан пайда болуп, вакуумда болуп өтпөйт. Алар дайыма бир нерсе менен байланышкан. Сиздин оюңузча, болуп өткөн фестивалдын алкагында Ботаникалык бактын айланасында келип чыккан абал канчалык деңгээлде иштелип чыкты, кандай маселелер белгиленди?

Нини: Менин оюмча, бир нерсеге түшүндүрмө берген же маселелерди козгогон бир нече эмгек бар. Мисалы, “Унчукпайбыз” (“Молчим”) (автору Зуля Эсентаева – эск.) – бул land art дагы, эки маанилүү кабар берүү дагы. Эмгек ландшафттын ичине төп келип, жакшылап карабаса, байкалбайт дагы. Биз да бир нерсени карайбыз, бирок ал нерсенин майда-чүйдөсүн түшүнгүбүз, көргүбүз келбейт, бул биздин коомдогу метафора. Сергейдин эмгеги (Сергей Шабохин, ST()RE долбоору – эск.) да мага жагат. Ал Ботаникалык бактын маселесин, дегеле шаардагы жашыл мейкиндиктер маселесин таптакыр билбегендер үчүн, биз кандай акыбалга туш келгенибизди жөнөкөй тилде түшүндүрөт. Жана бул жерде туш-тушка жайнап кеткен, бардык тарабынан урап баштаган, боор оорурлук абалдагы башкы оранжерея менен окшоштук бар – мен үчүн бул болуп жаткан нерсенин түзмө-түз чагылдырылышы, күзгүсү. Баары кыйрап жатат, аны колдоого ресурс жок. Көргөзмө ачылгандан кийин витринадагы өсүмдүктөрдү алынып койгону өкүнүчтүү. Ошол алып койгондору да бул кандайдыр бир күзгү. Билбейм, кандай ой менен алып коюшту, бирок витрина Ботаникалык бактын кичинекей көргөзмө мейкиндиги болот деп күткөнбүз, ал жерде кызматчылар ар кандай өсүмдүктөрдү көрсөтүп, экспозицияны алмаштырып турса болот эле.

Диана Ухина: Бир жагынан эмне үчүн аларды алып салгандарын түшүнсө болот: экспозицияны алмаштырыш үчүн адамдар керек. Ал эми ал жерде иштеген адамдар үчүн бул ашыкча жумуш болуп калат, мүмкүн алар убакыт бөлүп, жакшылап көңүл бөлгөнгө жарамдуу эместир. Бул жалпысынан кайсы долбоордун алкагында болбосун, кандайдыр бир мейкиндик менен иштеп жатканда ал жерде кандай шарт, сенден кийин кандай иштейт, ошону эске алыш керек. Эгерде оранжереяны караган үч эле жумушчу болсо, алардын болгон күчү ал жерде бар коллекцияны сактап калууга гана жумшалса, мүмкүн кошумча жумушка алардын алы жетпейт.

Нини: Ооба, мен сиздин көз карашыңызды түшүнөм, бирок, менимче, мындай долбоор башталып жатканда эки тараптык макулдашуу болуш керек. “Биз келебиз, кылабыз, биз кеткенде эмне болсо ошол болсун” эмес, а “биз бак үчүн бир нерсе кылабыз”. Администрация ушуга макул болгон. Ар бир объект сүйлөшүлдүбү, билбейм, бирок оранжерея менен көлмө жөнүндө сүйлөшүү болгон. Алар бул долбоорлорго сүйүнүп, өздөрү каалап, кийин аларды карамак болушкан. Бул жерде ресурс жетишпээрин, бул аларга кошумча жүк экенин түшүнүп жатам. Бирок мен бир айдан бери Бишкектемин, бул жерде эмне болуп жатканын, алардын кантип иштегенин ичинен көрүп жатам. Мен биринчи жолу келгенде бул жер бүт бойдон чөп баскан, жайнап өсүп кеткен экен. Ботаникалык бак каралган, багылган эмес. Бул Кыргызстанда гана эмес, Грузияда да, бардык постсоветтик өлкөлөрдө байкалат – биз бир нерсени үзгүлтүксүз карап, бага албайбыз. Ал эми начар абалдагы кароосуз ташталган бакты карагың да келбей калат. Ошондуктан маселе биз аларга “жумуш көбөйткөнүбүздө” эмес, алар да өз ресурстарын 100% колдонбогондугунда.

Диана: Сиз айтып жаткан нерсе Ботаникалык бакка гана эмес, биздин баарыбызга тийиштүү. Ботаникалык бактын учурдагы абалы – көптөгөн процесстердин натыйжасы, анын ичинде бул мейкиндикти элдер өзүнүкү катары сезбегендигинде, алар бул жерге келип, бир нерсе кыла алышпайт. Бул көптөгөн кырдаалдардын айкалышы. Айланада жашаган эл сейилдегени келиши мүмкүн, бирок жалпысынан бак – бул шаар мейкиндигиндигин ичинде көрүнбөгөн бир зона. Бул жагын эсепке алганда, бактын ичинде бул жерди коомдук жай катары белгилеп баштаган ар кандай кызыктуу окуялардын болуп турушу маанилүү. Мүмкүн, бул жерде иштеген адамдарда белгилүү бир бук болуу бардыр – жер толтура, кыла турган иш толтура, ал эми ресурстар аз, каалоо жок, анткени алардын негизги милдети – бул жердеги бар  коллекцияларды сактап калуу. Бул ушундай бир жыйынды маселе.

Нини: Бул комплекстүү маселе экендигине макулмун, чындыгында бардык нерсе аз деп ойлойм: мамлекет тараптан колдоо, дем, убакыт жетишпейт. Бул Ботаникалык бакка эле эмес, жалпы баарыбыздын абалыбызга тийиштүү аябай проблемалуу суроо, баары айкалышкан. “Маянасын көтөрсөк, алар иштей баштайт” деп гана айтууга болбойт. Өтө көп нерсе жумшоо керек: каржы, адам ресурстарын, билим берүүчү программаларды.

Диана: Дем берүүчү, түрткү берген сезимдерди ойготуучу бир нерсе түзүлбөсө татаал болот. Мисалы, биз экөөбүздүн иш маянабыз жакшы болсо да, эгерде Ботаникалык бактын бүгүнкү мааниси жөнүндө түшүнүктөрүбүздү талкуулабасак, талкуунун, мазмундун деңгээлин көтөрбөсөк, алдыга жылуу, мамилени өзгөртүү кыйын болот, баары жөн гана көнүмүш жумуш бойдон калат.

Алмаз: Иштин кийин улануусу жөнүндөгү суроого: искусство жана public art фестивалынын, ошону менен бирге site specific паблик-артынын милдети жөнүндө ой жүгүртө турган болсок, дароо эле Мартин Хайдеггер эске түшөт. Ал мейкиндикти табигый-илимий, жөнөкөй логикага түшүнүктүү, физикалык, көз алдыңда турган кандайдыр бир нерсе эмес, боштукту, ээндикти пайда кылган мейкиндик, көркөм мейкиндик катары түшүнүү маанилүү деп эсептеген. Башкача айтканда, искусство чыгармасынын маңызы Хайдеггердин оюнча мейкиндиктин ичинен өзү келип чыгышы керек. Бул жерде искусство өнөр жайлык дизайнга айланып, биз мейкиндикти public art аркылуу өзгөртүп, аны ыңгайлуулап жатып, “биз башканын ишине кийлигишип жаткан жокпузбу?” деген суроо туулат. Site specific паблик-арты, Хайдеггер айткандай, маңызы курчаган мейкиндиктин өзүнөн келип чыккан искусство чыгармасы катары айтылышын каалайт элем. Бул паблик-арт горизонтту көрсөтүп, суроо берип, маселе козгосо, мейкиндикке башкача маани берип, аны өздөштүрүүнүн ыкмасы болсо. Фестиваль кандай болуп өткөндүгү жөнүндө түшүнүктөр түрдүүчө болгон жокпу? Бишкек үчүн public art бул, жалпысынан алганда, жаңы тема, ошондуктан биринчи фестиваль public art-тын астына так ушул милдетти койсо, ал кийин да ушундай эле түшүнүлөт деген ниет бар.

Нини: Башкача маани берүү – бул өзү татаал тема. Азыр художниктер, архитекторлор, дизайнерлер Ботаникалык бакка башкача маани берүүнүн үстүнөн кантип иштешет, билбейм, эгерде Ботаникалык бак жөнүндө жөн гана коомдук парк катары жөнүндө сүйлөбөсөк. Ал жер өзгөчө бир бөтөнчө, изилдөөлөр жүргүзүлүүчү жер, анан да, биринчи кезекте, илимий мекеме болуп жатпайбы. Ошондуктан башында, коомдук мейкиндик эмне экенин түшүнүү пайда болуп жаткан кезде ага башка маани берүү эрте деп ойлойм. Биринчи коомдук мейкиндик деген эмне экенин, ал кантип иштеши керек экендигин түшүнүү керек. Мында биздин ролубуз кандай, эмнени жакшы жагына өзгөртө алабыз? Азыр биз коомдук мейкиндиктер жок болуп бараткандыгын байкап жатабыз. Силерде Грузияга салыштырганда абал али жакшыраак. Бизде парктардын ичине имараттар курулуп, эчтеке калбай, бак-дарактар кыйылып, толтура үйлөр салынып жатат. Бул жайда шаарда таптакыр кислород жоктугун сездик. Бак-дарактар кооздук үчун гана эмес да, алар кычкылтек иштеп чыгарат, нымды соруп алат ж.б.

Алмаз: Ботаникалык бакка башкача маани берүү жөнүндө тактай кетейин дедим эле: бул шарттуу түрдө ойлоп таап, Ботаникалык бакка жаңы функцияларды бөлүү эмес, коомдук чөйрөдө белгилүү бир башкача маани берүү болуп жатат. Ботаникалык бак – сейилдөөчү жай, парк зонасы катары түшүнүлүп баратат. Бул деген Ботаникалык бак биринчи кезекте илимий мекеме болсо да, башкача мааниге ээ болуусу. Мына бул учурда site specific жөнүндө сүйлөй турган болсок, бул Ботаникалык бакка башкача маани ойлоп таап, чаптоо эмес, тескерисинче, анын илимий башаты жөнүндөгү ой-пикирди кайтаруу. Анткени биз Ботаникалык бакты мисалы Горький паркы сыяктуу паркка айландыралы деген сунуштарды угуп жатабыз. Бул илимий мекеме экендиги жөнүндө түшүнүк таптакыр жоголсо, каржылоо проблемалуу абалга айланат, бул жерде каржылоочу структура башкача. Бул бак тааныштуу болгон Илимдер академиясы өзү да кароосуз калган, дээрлик өлүм алдындагы абалда турат. Аны таратып, бөлүп-бөлүп жиберүү маселеси биринчи жылы козголуп жаткан жок. Жана кайрадан ошол суроолорду берүүгө кайткым келет. Дал ошол public art фестивалы ушул мааниде «advocacy» аянтына чыгып жатпайбы, чечим кабыл ала тургандардын кабинеттеринде айтуу татаал болгон нерселерди искусство айта алат. Бул дагы да искусствонун милдеттери жөнүндөгү суроого байланыштуу.

Нини: Искусствонун милдеттери жөнүндө сүйлөө татаал. Искусстводо жакшы ниеттер болуп, бирок бир нече жылдан кийин баары тетирисинче болуп калган учурлар, мисалы джентрификация жүргөн учурлар көп кездешет. Бул нерсенин кантип алдын алса болот, билбейм. Бирок искусствонун кандайдыр бир механизмдери бар. Ал өтө маанилүү маселелерди эч кандай цензурасыз козгой алат. Искусство кыска мөөнөттө бир нерсени өзгөртө алат деп ойлобойм. Искусствонун таасирин түшүнүү үчүн көп жылдар керек, өзгөчө социалдык искусствону айта турган болсок. Ал башынан эле бир нерсеге түшүндүрмө берүү же бир нерсени узак мөөнөттө акырындык менен өзгөртүү максатын көздөйт. Бирок, албетте, бак Горький паркына же көңүл ачуучу жайга айланып калбашы керек. Анын алгачкы маңызын сактап калуу маанилүү. Бул үчүн бириктешип иштеген көптөгөн адистер керек. Аны кантип изилдөөчү илимий жай катары сактап калуу керек, кантип калкты паркка гана эмес, ал жерде изилденип жаткан нерселерге тартып, кирүүгө мүмкүндүк берсе болот? Долбоордо (“Арт Проспект – Бишкек: жашыл зоналар – жаңы дем” эл аралык public art фестивалы – авт.эск.) ботаника жөнүндө бир гана эмгек болгондугу аябай кызык. Грузиялык художник кыздардын өз долбоорунда тегерек стол жана өсүмдүк жөнүндө маалымат таба ала турган puzzle-тактайларды жасашыптыр. Ботаника боюнча башка эмгектер болгон жок. Бул жөнүндө эч ким ойлонбогондугу да кызык нерсе. Мүмкүн, көңүл бурдуруу маселеси биринчи планга чыгып, ал эми билим берүүчү программалар, сактап калуу, коргоп калуу боюнча иштерди кошо алпаруу кийинки кезекке туруп калгандыр. Ушундай долбоорлордун дагы бир жаман жагы – сырттан келген бизге окшогон кураторлор, художниктер ж.б. кетип калышат, ал эми ошол жер, ага байланыштуу маселелер кала берет. Бирок куратордун ролу да бир эле долбоордо, бир эле темада иштей берүү эмес. Бир жагынан, “эми силер уланта бергиле” деп кетип калуу да туура эмес. Андан ары алар менен кантип иштөө керек, кантип байланышта болуу керек экендигин ойлонуп, алтын аралыкты издөө керек.

Диана: Искусство активисттик практикаларды үйрөнүп, коомго көбүрөөк жалданып калгандыгы дагы бир кызык окуя. Ошол эле мезгилде, сен келип, шаар темасында, коомдук мейкиндиктер, коомчулук менен иштеп жатам десең, сенден дароо эле кандайдыр бир “пайданы” күтүшөт. Сиз айткандай, алдыңа кыска мөөнөттүк натыйжаны алып келүүнү максат койбойсуң да, анткени бул иш узак убакыт жана маанилүүлүктү талап кылган башка деңгээлдеги нерсе. Бир жагынан өз жоопкерчилигиңди түшүнүп, бир жагынан, мисалы, “биз силерге корооңорду жакшылаганы келген жокпуз, биз башка максаттар менен келдик” деп кантип дароо белгилеп, бул мейкиндикке кандай жол менен кириш керек – бул ушундай сектор аралык өңүт. Ошентсе да, кээ бир художниктер мына ушул нерседе карьера жасашат. Келишет, мейкиндик менен иштешет, адамдар менен бир нерсе кылышат, кетишет, анан көргөзмөлөрүн өткөрүшөт же аларды көргөзмө өткөргүлө деп чакырышат. Бул искусствонун татаал чөйрөлөрүнүн бири болсо керек: бир кирип алгандан кийин, кантип сен бере албаган нерсени, сенин компетенцияңа кирбеген нерсени күтүшпөгөндөй кылып, кантип чыгып кетүүнү билбейсиң. Нини, мисалы сиз, коомдук мейкиндиктер менен иштеп жатып, мындай нерсени кантип чечесиз? Бул жерде бир гана туура жооп жок экендигин, ар кимдин өз ыкмалары гана бар экендигин түшүнүп турам.

Нини: Ооба, ар ким буга ар кандай мамиле жасайт. Жогоруда айтып өткөндөй, мен эң башында предметтин маңызын түшүнүүгө аракет кылам, эмне үчүн азыр ушундай, мындай абалга эмне алып келди. Андан кийин, жумуш башталганда ошол жердеги адамдар менен болушунча жакындоого аракет кылам. Эгер ал парк болсо, аны ким карайт, жанында кимдер жашайт, ким жөн гана сейилдегени барганын аныктайм. Түшмө өтмөктөрдө болсо бул бир жагынан муниципалитет, экинчи жагынан формалдык эмес топтор, ал жерде жашаган же иштеген адамдар (анткени бул алардын мейкиндиги) болду. Мен аларга бир идея менен барам. Шахмат ордосу менен иштеген учурда аябай кыйын болду. Алты ай аларга оюмду жеткире албай чуркадым – таанышып, түшүндүрүп, суроо жана сунуштар менен үзгүлтүксүз каттадым. Ошондо да аягында, долбоор ишке ашып бүткөндө деле: “булар эмне жүрүшөт, эмне керек буларга” деген сөздөрдү уктум. Долбоор бүткөндө жолум болбой калды окшойт, максаттарыма жетпей, коюлган маселелерди чече албай калдым го деп ойлодум. Башкысы адамдардын ишенимине кирүү эле, ал адамдарга сонун, укмуштай имараты бар экендигин, аны карабагандарын түшүндүрө албай койдум. Бирок, бир жагынан, ал жердеги кичинекей жумушчуларга, ал жерде ойногондорго оюм жетти, мен алардын баары менен сүйлөшүп, катташып, алар үчүн “present” болдум. Сени таанып, ким экениңди билишкени абдан маанилүү. Ал эми “мына мен келдим, баарын билем, мунуңарды кылып берем” дегендей чоочун мамиле кылуу, үстүртөн көз караш таптакыр туура эмес. Бирөөнүн мейкиндигине кире турган болсоң, демек алар менен тил таап, ошол жердеги адамдар эмнени каалайт, ал жер алар үчүн кандай мааниге ээ экендигин түшүнүшүң керек. Мен кээде көркөм жана интеллектуалдык идеяларым менен келип, аларга бул таптакыр кызыксыз экендигин түшүнөм. Мен да түшүнө алам. Алар үчүн бул имараттар же парктар күндө көргөн көнүмүш мейкиндик. Алар аны өзүнө ыңгайлуураак, оңоюраак, пайдалуураак кылып жайлаштыргысы келет. Аларга бул имарат же жай коомдук экендигин, жөн гана жеке талаптар үчүн колдонбош керек экендигин жеткирип, ортодо макулдук табыш керек. Мен ушинтип иштегенге аракет кылам, бирок, албетте, бардык эле учурда алар менен байланышта боло албайм. Өзүң жөнүндө эскертип, алыстан байланышып туруш керек. Мисалы, Тбилисидеги Шахмат ордосундагы көргөзмөдөн кийин бир жыл өтүп, Берлинде көргөзмө уюштурдук. Мен Шахмат ордосуна барып, көргөзмө өткөрүп жатканымды айтып, флаерлерди таштадым. Мен бир кылган ишимди унутуп калбаганымды, дагы эле ушул жайытта иштеп жүргөнүмдү, дагы эле Шахмат ордосун ойлоорумду алар билиши керек. Албетте, коомдук мейкиндиктер менен да, коомчулуктар менен да иштөө кыйын.

Алмаз: Шахмат ордосунун колдонуучуларынын өздөрүнө анын баркын түшүндүргөнгө аракет кылганыңыз – бул биздикине аябай окшош проблематика жана, чынында, жалпы эле проблематика. Бул жерде да ошого окшош эле маселе турат: Ботаникалык бакка кандайдыр бир барктуулук берүү. Бул жагынан караганда мейкиндикти “социалдык демек саясий” деген даражада түшүнүктү кайтаруу маанилүү көрүнөт. Ботаникалык бак Бишкектин ичиндеги килейген чоң территория катары так белгилүү бир коомдук-саясий процесстердин, советтик убакта келип чыккан белгилүү бир позициялардын натыйжасы болуп эсептелет. Азыр болсо, эгемендүүлүктү алгандан бери, негизги парадигмалар ордунан кыйла жылып, илим, чынында, мамлекет үчүн алдыңкы орундарда турбай калган. Шаарды кайра түзүүдөгү башкы приоритет модернисттик логикага негизделген: жолдорду жаңыртуу, адам, ресурс, товар агымдарын тездетүү үчүн транспорттук каттамдарды жакшыртуу. Коммерциялаштыруу коомдук мейкиндиктеринин кыскарышына барабар болуп калган. Ошондо мейкиндикти саясий мейкиндик катары айтып чыгуу аябай маанилүү. Мисалы, Ханна Арендт үчүн жаратуучу искусство менен иш-аракетчи искусствону ажыратуу маанилүү. Искусство жаратуу катары, б.а. ыңгайлуу нерселерди жасоо – курч болуп көрүнбөйт. Ал эми адамдарга багытталган искусство – бул бир нерсе жөнүндө кабар берген, келечекте социалдык өзгөрүүлөрдү жасоого максат койгон искусство.

Биздин оюбузча, бул Ботаникалык бактын абалы боюнча иштей турган багыт. Кантип заманбап шарттарда Ботаникалык бакты ошол эле бирдейликте сактап калса болот? Мүмкүн аны саясий жактан күчтөндүрүп коюш керектир. Мүмкүн бул мейкиндикти жалпыга таандык кылып коюу. Бирок ошол Ботаникалык бактын айланасында активдүү колдонуучусу болгон, коомдук чөйрөдө анын агенти болгон коомчулукту кантип түзүү керек, бул чоң суроо.

Нини: Муну кайра эле дисциплиналар арасында түшүнүү керек. Анткени азыркы чындыкта илим өзү менен өзү жашай берет, өзүн өзү бага алат деп ойлоо бул куру кыял. Бирок коммерция бир нерсени сактап калат деп ойлоп, ал жерди оюн-зоок жайына айландырууга да болбойт. Мындай жолдун турушсуздугун далилдеген көп долбоорлор бар. Сергей Шабохиндин эмгеги Дискурсивдик платформа сыяктуу эле Ботаникалык бактын абалына түшүндүрмө берип жатып, бул жөнүндө талкууларга түртөт. Бирок, мүмкүн, бул платформада эч ким талкуулаганга али даяр эместир. Бирок жорук катары бул аябай кызыктуу. Анткени коомчулук, “Арча демилгеси” жана Ботаникалык бак дагы деле сүйлөшүшө элек. Талкуу учурунда Ботаникалык бакка сейилдөөгө келген аялдын активдүү чыгып сүйлөөсү мен үчүн аябай кызыктуу болду. Ал өзүнүн жардам берүүгө даяр экендигин айтып жатты, ал эми “Арчанын” өкүлү болсо салкын эле угуп койду. Өзү кошулам деп жаткан адамга мүмкүнчүлүк берип койбойбу дегеним. Мүмкүн кийинчерээк сүйлөшүп алышкандыр. Чын дилинен жардам берүүнү каалаган ушундай кичинекей аракет аябай маанилүү. Жаңсоо катары, биринчи кадам катары фестиваль көңүлдөгүдөй болуп өттү. Ойлонууга негиз берген эмгектер бар. Эч жакка алып барбаган, дубалга барып такалган “Лабиринт”, мисалы. Аны секирип аттап кеткендер аябай аз болду. Биз баарыбыз берилген, бирөө чийип койгон жолдор менен басабыз. Биз ал жолду өзүбүз тандабайбыз. Геннадий Попескунун эмгеги орчундуу жана поэтикалуу. Ошол бардык өлүк дүмүрлөрү, аларды бузган күчтөрү менен кошо. Фестиваль көркөм да, пайдалуу да долбоорлордун болушун талап кылган. Мен өзүм утилитардык искусство объекттерин жактыра бербейм. Бирок бул эмгек Ботаникалык бактын администрациясына көпүрө болду: биз силерге фонтан, туалет, скамейкаларды жасап беребиз, бирок ошол эле учурда Сергей Шабохиндикиндей кээ бир жараларды козгогон эмгектер болот.

Бул долбоордо мага жаккан дагы бир нерсе – бул эмгектердин ошол жерде калышы. Келип, жасап, үч күндөн кийин баарын бузуп, көтөрүп кетип калбай. Булардын өмүрү узак болушу керек. Көбүнчө мындай долбоорлорго аябагандай көп акча коротулуп, арты жок болуп кетет. Бул да жасап жаткан жумушуңду түшүнүү. Эгер сен өзүңдү социалдык-саясий мааниси бар искусстводо иштеген художник катары эсептесең, анда долбоордун “узак жашоосун” да эске алышың керек. Ошондуктан баарын жакшылап ойлонушуң керек: эмне кылыш керек, кантип кылыш керек, ким үчүн кылыш керек? Ботаникалык бакта мындан ары кандай өнүгүү болот, көрө жатарбыз. Бул аябай оор экенине ишенем, өзгөчө ушундай чоң масштабда, анткени чынында адам ресурсу жетишпейт. Бирок кичинекей кадамдар менен алдыга жылса болот: алар үчүн бир нерсе жасалса, же алар менен чогуу. Башкысы, ошонун баары жоголуп кетпесе экен, ошол эле скамейкалар чирип баштабаса. Искусство бардык нерсени чече албайт, бирок биздин биргелешкен жумушубуз – чече алат. Көпчүлүк элдин “искусство эстетикалык, карап суктана турган гана нерсе” деген түшүнүгүн өзгөртүү керек. Искусство иштей алат. Мисалы, бизге бир жолу силердин жумушуңар социалдык кызматкерлердин жумушунан айырмаланбайт деп айтышты. Сураган да жок, “Аа, силер соцкызматкерлер турбайсыңарбы”, – дешти. Болбосо, алар жасаган жумуш менен биздин жумуштун ортосунда абдан зор айырмачылык бар. Ошондо да “Аа, силер соцкызматкерлер турбайсыңарбы” деген сөз тоотпостук, текеберлик менен айтылды, а бирок социалдык кызматкер деген барктуу кесип да.

Диана: Бул көп нерселердин кабаттанып калышы. Акыркы 25 жылда адамдын ийгиликтүүлүгү жөнүндө көз караштар өзгөрүп, трансформацияланып, азыр негизинен ал нерсе коммерциалык ченөлчөм менен, өндүрүш менен керектөөнү көбөйтүүдө сенин катышууң менен өлчөнүп калган. Ал эми эгерде сен социалдык чөйрөдө, айрыкча искусстводо иштесең, сенин жумушуң ошондой деңгээлде маанилүү, ошондой деңгээлде “өнүктүрүүчү” деп кабыл алынбайт. Ошондуктан ар кандай позицияларды, бул жайытта болуп жаткан окуяларды айтуу биз үчүн маанилүү көрүнөт. Бири-бирибизди толугу менен түшүнө албасак да, башкысы, биз бул жөнүндө сүйлөшө алабыз. Жолугууга келгендигиңиз үчүн сизге чоң рахмат.

Нини: Сиздерге рахмат.