Сергей Шабохин: “Художник-активист жана активист-художник бар – алардын айырмасы орчундуу”

интервью маданият 14.12.2017

Сергей Шабохин: “Художник-активист жана активист-художник бар – алардын айырмасы орчундуу”

2017-жылдын сентябрь айында Бишкек шаарынын Ботаникалык багында CEC ArtsLink колдоосу менен ArtEast коомдук уюму уюштурган “Арт Проспект – Бишкек: жашыл зоналар – жаңы дем” аттуу эл аралык public art фестивалы болуп өттү. Фестиваль эл аралык Арт Проспект” долбоорунун бир бөлүгү болуп саналат . Фестивалдан кийин биз анын катышуучусу – Белоруссиядан келген художник, куратор, арт-активист Сергей Шабохин менен фестиваль жөнүндө, анын ST()RE аттуу көркөм долбоору жөнундө, жалпы элдик мейкиндик жана маданият кызматкерлеринин жоопкерчилиги жөнүндө сүйлөштүк.

Бул маек  “Зымырыт шаар” журналынан алынды.

Диана Ухина: Public art фестивалына (“Арт Проспект – Бишкек: жашыл зоналар – жаңы дем” эл аралык public art фестивалы – авт.эск.) карата жасаган өзүңдүн ST()RE аттуу долбооруң жөнүндө айтып берсең. Ал ар кайсы шаарларда жана өлкөлөрдө сен ишке ашырган чоң көркөм долбоордун бир бөлүгү экен. Бул эмгегиңде кайсы негизги көркөм ыкма колдонулду?

Сергей Шабохин: ST()RE долбоору – бул мен 2010-жылы баштаган саякатчы-художниктин узакка созулган долбоору. Долбоор тарыхтын көрүнбөгөн катмарларына арналган, мен ал катмарларды “музей” конструкциясынын жардамы менен жалпы элдик мейкиндиктерде витрина түрүндө ачыкка чыгарганга аракет кылам. Мында витрина – эң негизги образ. “Store” англис тилинде – дүкөн, жана ошондой эле history деген сөзгө да ишараты бар. Витрина ар кандай болушу мүмкүн жана долбоорго жараша өзгөрүп турат: коммерциялык витрина, диний, билим берүүчү, музейдик, илимий, саясий ж.б.

Витрина ар түрдүү объектти ичине салып койсо боло турган кутунун образы катары маанилүү. Ал кандай болбосун, көрүүчү менен өзүнүн ортосунда аралыкты пайда кылат, ичиндеги объекттердин маанилүүлүгүн күчөтүп, адамды өзүнө тартат. Мындай ыкма менен катылган бир нерселер жөнүндө айтып берсе болот. Мен ар кайсы өлкөлөргө, шаарларга барып, тынчымды алган кандайдыр бир окуяларды табам. Көбүнчө мындай нерселер ачык айтылбай, унутулуп калган болот. Мисалы, Краков шаарында витриналар шаардын үч жеринде жайгашкан декоративдүү эстеликтерге кадалды. Бул эстеликтер тарыхый контекстке толгон, жадагалса трагедиялар да болгон жерлерде орнотулган. Анан туруп-туруп эле ал жерге декоративдуү эстеликтер, скульптуралар коюлуп калган, болбосо ал жерде алар турбаш керек эле. Мен аларга өзүмдүн “паразит витриналарды” тагып койдум. Кандайдыр бир мааниде алар ошол эстеликтердин бир бөлүгү болуп калды. Бирок анын ичинде көп ар кандай объекттер, сүрөттөр, кандайдыр бир тарыхый иш кагаздардын репродукциясы болгондуктан, бул витриналар эстеликтерге тарыхый касиеттерди берет. Анан шаардын жашоочулары аны бир трагедияга же тарыхый окуяга арналган деп кабыл алып калышат. Ар бир долбоордун өзүнүн номери бар. №1 ST()RE көрүүчүлөргө трагедия болгон жер көрүнүп, алар витринага гүл, шам алып келе башташты, анткени бул аларга түшүнүктүү бир белги болду. Экинчи витрина Скаргенин эстелигинин (польшалык католицизмдик теолог, жазуучу – эск.) жанында жайгашып, фаллогоцентризмди сынга алган эле. Кээ бирлер аны религияга каршы акция катары кабыл алып, бир жолу кечил аялдар (монахинялар) витринаны жыгып салууга аракет да кылышты. Үчүнчү витрина болсо базар аянтындагы фонтанга орнотулган эле. Көптөр аны коммерциялык сатып түгөтүүчү витрина деп ойлоп алышыптыр. Ичинде тарыхтын коммерцияланышы жөнүндө сөз болгон эле. Дагы бир витрина адрондук коллайдердин прототибинин ойлоп табылышына арналып, Швецияда студенттер шаарчасында (ST()RE №5) коюлган эле. Ушул эле “Арт Проспект” долбоорунун алкагында 2015-жылы Санкт-Петербургда өрт өчүргүч куралдар илинчү объектти элестеткен саясий витрина жасагам. Ал Россия тарыхынын акыркы он жылдыктарынын символу катары Новороссийская көчөсүндөгү кашаанын акыркы бөлүктөрүн өзүнө камтыган чарчы объект. Мунун баары Москвада Немцовго коюлган көпүрөдөгү эстеликти элестетет. Мен дагы ошого окшош стихиялык эстелик эстетикасын колдонуп жасап, кайра өзүм алтын түстөгү спрей менен боёп салдым. Бул “Немцов көпүрөсүндөгү” эстелик кара чачма боек менен жок кылынышынын образы. Немцовдун эстелигин бузгандар бул Путинди, мамлекетти, империяны жактагандар. Бүгүнкү күндө Россияда цензура ыйык нерсеге айланган, анда баарын биротоло алтын менен жаап салбайлыбы? Бул  “Алтын цензура” деп аталган №7 ST()RE болду. Сегизинчи объект дал ушул Бишкекте.

Диана: Бишкектеги №8 ST()RE-дун өзгөчөлүгү эмнеде?

Сергей: Бул жерде дагы көрүнбөгөн окуялар маанилүү. Эгерде Краковдо бул Аушвиц, Смоленскте – Польша президентинин учагынын кулашы жана башка сюжеттер болсо, Бишкекте активисттер жана экологдордун көрүнбөгөн эмгеги мени кызыктырды. Алар, албетте, коомдук мейкиндиктерде жайгашып, көзгө көрүнүп турат. Бирок аны ачык-айкындыкка чыгарып, көрүнүктүүрөөк кылып, белгилүү бир граждандуулуктун пайда болушун ушундай парниктин образы аркылуу көрсөтүүнү кааладым эле. Коргоого жана күчөтүүгө муктаж болгон экзотикалык өсүмдүктөр өскөн парник – бул Бишкекте али аз граждандык күчтөр. Болбосо, президенти жакпай калса тез эле кетирип жиберген кыргызстандыктардын – мына мен белорустукуна карама-каршы – мүнөзүн билип турам. Анан ошол эле адамдар, Бишкектин тургундары көтөрүлүп чыгып, шаарды жашылдандыруу боюнча, таштандылар боюнча чечкиндүү мыйзамдардын кабыл алынышын талап кылып, өз ден-соолугун, жакындарынын жана балдарынын ден-соолугун сактап калуу үчүн шаардык бийликке өздөрүнүн кызыкчылыгын таңуулай алышпайт. Экологдордун, активисттердин бирин-серин үндөрү кез-кезде угулуп турат, бирок, менимче, бул жетишпейт. Мүмкүн меники туура эместир, анткени мен баарын интернет аркылуу изилдедим. Бирок мага алардын кылып жаткан жумушу шаардын өзү үчүн жат сыяктуу көрүндү – аларды камап салышып, эл бул аябай маанилүү нерсе экенин, активисттик формалар жалпыга керектигин түшүнбөгөндөй. Парник – бул сырттын жапайылыгына туруштук берүүгө, тирүү калууга, өзүнүн идеясын күчөтүүгө аракет кылып жаткан граждандуулуктун образы.

Ботанический сад им. Гареева. Фото: www.shabohin.com

Диана: Мен граждандык коом боюнча кыскача пикиримди айта кетейин. Менин оюмча, кээ бир чөйрөлөрдө ал бир топ күчтүү эле. Мисалы, бизде мамлекеттик процесстерге кандайдыр бир таасирин тийгизе алган гендердик активисттер жана граждандык коом бар. Ошого жараша, кайсы бир маселе курчуп, чегине жеткенде граждандык коом жообун берет, же процессти токтотуп калат деп күтөсүң. Мисалы, чет элдик агенттер боюнча мыйзам долбоору ишке ашпай токтоп калды, себептердин арасында граждандык коомдун аракеттери да болду. Ооба, мыйзамдын долбоору иштеп бүтүрүүгө жөнөтүлөт, бирок ошол мыйзам жыйынтыгында беш жылдан бери кабыл алына элек. Ал эми шаар жана жашылдандыруу боюнча баары туруксуз болуп чыкты. Болбосо, ар кандай демилгелер шаар темасы боюнча иштеп жатат, урбан-форумдар өткөрүлүп жатат. Алардын уюштуруучулары мэрия, Шаарды өнүктүрүү агенттиги, ар кайсы институттар менен биргелешип иштешет. Бирок аныгына келгенде, шаардык мейкиндиктер боюнча айкын иш-аракетке келгенде, процесстерге таасир бере турган бул чөйрөнүн анча деле ыкмалары жок экендиги билинди. Эми эмне кылыш керек калды? Түшүнүү, маани берүү. Билгеним, шаардын көрүнүшүн калыптандыруу үчүн, айкын, конкреттүү багытта иш саясатын түзүп чыгуу үчүн, айына эки жолу жолугуп туруучу бир демилге пайда болгон. Бул жерде маселе, мүмкүн, шаар тургундарынын көбү жашылдандыруу курч, маанилүү экендигин кабыл албагандыгында. Ошондуктан бак-даракты кыюуну токтотконго аракет кылган он адам – жактап, кошулуп чыга турган адамдар эмес, “фрик”, апенди сыяктуу көрүнөт. Бул жерде суроолор көп. Анын арасында шаардык бирдейлик жөнүндө суроо турат: ал канчалык татаалдашкан. Сен үйүңдөн, жумушуңдан, дагы бир-эки коомдук жайдан сырткары, шаарды кандай деңгээлде кабыл аласың? Шаардагы бак-дарактарды кыюу Душанбинкадагы окуяга чейин эле үрөй учурган темп менен жүрүп келе жаткан. Бирок ал нерсе борбордук башкы көчөлөрдө болгондуктан, кандайдыр бир проблемалуу нерсе катары кабыл алынбады окшойт. Андан сырткары, бул шаарды модернисттик логикада кабыл алуу. Бак-дарактар кыйылып жатканда бул саясатты колдогондордон: “Бизге жолдор, бийик бизнес-центрлер, заманбап шаар керек. Жашыл шаар – бул замандан артта калган шаар”, – деген аргументтерди уктум. Бул капиталисттик элес менен калыптанган шаар жөнүндө түшүнүк: аны киреше чыгаруучу, демек, тездетүүчү жана тыгыздоочу мейкиндик катары көрүү.

Сергей: Мен бул долбоорду алыстан, интернет аркылуу даярдаганымды тактап кетейин дегем. Ар бир долбоорду өлкөгө барардан мурда жергиликтүүлөр менен сүйлөшүүгө таянып даярдайм. Экологдор, тарыхчылар, бул жерде жүргөндөр менен сүйлөштүм. Бишкекке келээрде кураторлор менен сүйлөштүм, биз алар менен өтө көп материал таптык. Жарандык биргелик жөнүндө түшүнүк чоочун экен деген таасир калды. Бишкекте кандай абал экенин билген эмесмин, бирок сен айткандарың менен түшүнүктүүрөөк болуп калды. Активисттердин символу болгон экзотикалык өсүмдүктөрдүн образын гана эмес, алардын ичинде пайда болуп, күчтөнүп, сыртка атылып чыккан идеялардын символун түзүү да мен үчүн маанилүү. Бишкектеги долбоордун экинчи аты – бул “Оранжереяны кайра куруу (Айкындуулук теплицасы)” №8 ST()RE – бул байланыштын, жигердендирүүнүн жана күрөшүү, билим алуу, сабатсыздыкты жоюу стратегияларынын жаңы ыкмалары туулган ачыктыктын теплицасы, мунун мааниси баа жеткис.

Диана: Бул доолбордо сен үчүн көрүүчү канчалык деңгээлде маанилүү?

Сергей: Бул долбоордо көрүүчүнүн реакциясы болушу зарыл. Мен айтып өткөндөй, Краковдо көрүүчүлөр гүл алып келишип, ал эми башка витринаны жок кылышкысы келген. Көрүүчүнүн реакциясы ар дайым белгиленчү. Бирок бул фестиваль (Бишкектеги – эск.) өтө эле кыска болуп, витрина биринчи коюлган кездегисин баары көрбөй калды. Ошондуктан мен үчүн ар кандай порталдардын да киришүүсү, активдендирилиши маанилүү. Мисалы, сиз менден интервью алып жатканыңыз, ал материал интернетте болгону. Бул профессионал көрүүчүнү, активисттерди, бул нерсе көңүлүнө тийчү адамдарды тартканга жардам берет, анткени анын ичиндеги маалымат же жинди келтирип, же шыктандырышы мүмкүн. Дагы мага көрүүчүнү бир аз алдап коюу маанилүү, анткени көбүнчө долбоор “көркөм эмгек” деп астына жазылбайт. Көрүүчү кокусунан гана аны кезиктирип калышы мүмкүн, ал (объект), мисалы, дүкөндүн витринасы сыяктуу көрүнүшү мүмкүн. Бишкекте болсо жазуулар оранжереянын өсүмдүктөрүнүн сүрөттөрүнө жазылып, өсүмдүктөр, аны сугаруу, ж.б. жөнүндө маалымат сыяктуу таасир калтырат. Жана ошол карточкаларга келип окуган адамдар такыр башка нерсени, Бишкектеги экологиялык кыйроого арналган интернеттеги сын макалалардан үзүндүлөрдү таап жатышты.

Диана: Оранжерея боюнча техникалык суроо. Биз эмгекти фестиваль күнү эмес, башка күнү көрөлү деп келсек, витринанын ичи бош экен, бүт өсүмдүктөр алынып салыптыр. Сен мындай долбоорлорду пландаштырып жатканда, же конкреттүү ушул долбоорду пландаштырып жатканда, кийинкисин ойлодуң беле, кандай колдоо күттүң эле? Аны ким кылыш керек, канча убакытка созулушу керек жана витринанын ичиндеги өсүмдүктөр канчалык деңгээлде маанилүү? Же маани аларда эмес, оранжереяга окшош витрина жана ичинде жазылган маалымат гана керекпи?

Сергей: Фестиваль бүтөөрү менен кайра алынаарын өсүмдүктөр ал жерге жайгаштырылгандан кийин гана билдим. Биз башында антип сүйлөшкөн эмеспиз. Ооба, фестиваль бүттү, кураторлор колунан келгенин жасашты, бирок Ботаникалык бак менен сүйлөшүүдө витрина дайындалган нерсе үчүн колдонулат деп айтылган. Азыр алар “өсүмдүктөрдү ичине калтыруудан коркобуз, анткени аларды коргой турган кулпу, тор жок” деп айтышты. Ошондой эле алардын айтымы боюнча жакында суук түшөт, өсүмдүктөр жабыркап калышат экен. Бирок алар жөн гана өсүмдүктөрдү алып калыш жөнүндө ойлоп жаткандары көрүнүп турду. Эми өзүмдөн сурап жатам: эмне үчүн анда ошол витринаны ошолор менен кошо жасап жаткан кезде айтышкан жок, конструкцияны жасап жатканда талкалап кетүүдөн сактоочу ичинен тор, сыртынан кулпу тагып койгула деп айтышкан жок? Баса, эмгек бул нерседен утмак дагы. Образ кайгылуураак болуп калмак. Бирок сүйлөшүүлөр боюнча витрина кийин өсүмдүк өстүрүү үчүн колдонулат. Бул дагы мен койгон маселелердин бири болчу: чыгарма пайдалуу да болсун деген. Жалпысынан бул фестивалдын мүнөздүүлүгү – дээрлик бардык жасалган эмгектердин утилитардык, пайдалуу болушу, алардын бул жерде калып, андан ары Ботаникалык бакка кереги тийиши. Фестиваль бүтөөрү менен өсүмдүктөрдун алынып салышы, бир жагынан түшүнүктүү болсо, экинчи жагынан түшүнүксүз.

Диана: Витрина-оранжерея техникалык жактан ал жерде өсүмдүктөрдү сактоого болчудай жасалган деп жатасыңбы?

Сергей: Туптуура, алар дал ошондой түрдө жасалган. Администрация өзү жер тандап берип, конструкция тандашып, күндүн жарыгы, суугаруу, шамалдатуу – баарын эске алып жасаганбыз. Баарын алар менен чогуу жасаганбыз. Менин концепциям боюнча бул парник чоң оранжереянын пропорцияларын кайталайт, бул анын кичирейтилген көчүрмөсү. Оранжерея өзү эски, авариялык абалда турат, долбоордун алкагында ушул нерсеге да көңүл бурдурууну кааладым эле.

Диана: Сенин эмгегиң, белгилүү бир деңгээлде, күнүмдүк турмуш  менен искусствонун ортосундагы чекти бузат. Ал пайдалуу, коомдук мейкиндиктин күнүмдүк практикасына киргизилген. Жана бул жерден аныктап кетчү нерсе: жалпы элдик мейкиндиктерди сен кандайча түшүнөсүң?

Сергей: ST()RE долбоору дал ошол мейкиндиктердеги искусство жөнүндө. Концепциянын алкагында мен объекттерди художник жасабагандай нерсе сыяктантып жаратканга аракет кылам. Бул нерсе ар дайым ошол жерде болгондой ой калтырып. Мүмкүн ал нерсени активисттер, экологдор же жөнөкөй эл жасагандыр. Объект күнүмдүк турмуш менен жуурулушуп, ага окшошуп, ал эми адамдарда искусство менен кезигишкендей сезим пайда болбогондой кылып. Адамдар көбүнчө искусство менен көрүүчүнүн ортосунда аралык бар деп эсептешет, бирок кокусунан келген көрүүчү үчүн бул нерсе көркөм пикир экенин дароо билдирбесе, анын реакциясы ээн-эркинирээк болот (вандализмге чейин да жетиши мүмкүн). Эмгек көркөм чыгарма катары берилбесе, көрүүчү аны менен өз ара аракеттешет. Ал учурда көрүүчү кадыресе болчу нерсе – искусствого карата түшүнүксүз кошумчаланган бир ыйыктыкты сезбейт. Жалпы элдик мейкиндик – бул миңдеген көз, миңдеген акыл-эстин мейкиндиги. Альфред Хичкок өз тасмаларын дайыма аябай кылдаттык менен жасап, ар кандай адистер менен кеңешип жаратаарын айткан. Голливудда көрүүчүнү келесоо катары көрүп, аны алдап койсо болот деп эсептешет көбүнчө. Бирок Хичкок көрүүчүнү толтура кесиптен турган эң акылдуу организм катары санайт. Тасмада орой катаны байкап калган баягы “хирург” сөзсүз учурда табылат. Хичкок көрүүчүнү өтө интеллектуалдуу организм катары кабыл алат.

Диана: Сен эмгегиңди көркөм чыгарма катары кабыл алынбагандай кылып жасап жатканыңда, художниктин жоопкерчилиги жөнүндө түшүнүк өзгөчө орчундуу болуп калат. Объект ошол жерде өзүнөн-өзү жаралган нерсе катары кабыл алдырып, искусство менен “искусство-эместин” (не-искусство) ортосундагы сызыкты өчүрүү – художниктин кайрылуусу жана ал кайрылууга реакция жөнүндө суроого алып барат.

Сергей: Улам-улам маданият кызматкерлеринин бирөөнүн астындагы жоопкерчилиги жөнүндө көп айтылат. Бирок художниктен сырткы факторлор боюнча жоопкерчиликти азыраак талап кылыш керек го дейм. Художникте ансыз да ички жоопкерчилик көп. Ар кандай деңгээлдеги жоопкерчиликтер бар: өз жолуң жана көрө алууң астында, искусствонун логикасы астында, түмөн маданият кызматкерлери жана башкалар астында, жана, албетте, аларды бузуп коюш оңой. Көрүүчүнүн астында жоопкерчилик маанилүү, анткени чыгармалардын баарын басып чыгарып, көрсөтүүгө коюп, чыгарма катары билдирүү керек. Баары художник кантип иштегенинен көз каранды. Мисалы, бирөөгө моралдык жоопкерчилик жөнүндө айтуу керек, бирөөгө кереги жок. Кээ бирлер принциптүү түрдө моралсыз, уятсыз нерселер менен иштейт. Ал эми художник-активисттин контекстинде моралдык жоопкерчилик жөнүндө айтуу, албетте, маанилүү жана керектүү. Художник-активист колдонгон стратегиялардын эффективдүүлүгүн баалоо маанилүү. Бирок бул жерде да художник-активист жана активист-художник бар, жана алардын ортосундагы айырма орчундуу. Мисалы, мен коомдук мейкиндикте эстеликтин жанына сын эмгек жараттым. Бул эми менин бардык эмгектерим ошол табылган образды кайталайт дегенди түшүндүрбөйт. Тетирисинче, башка мындай эмгектер болбойт. Ал эми активист-художниктер өздөрүнүн чыгармачылыгы аркылуу художниктер тапкан инструментарийди куралданып, аны такай колдонуп, көркөм билдирүү эмес, көбүрөөк саясатка байланышкан нерселерди жаратса болот. Ошондуктан мен үчүн активисттик искусствонун маңызы – бул жаңы көркөм, таасирдүү, эффекттүү, сын образдарды, стратегияларды, курч жана эффективдүү билдирүүлөрдү жаратуу. Болбосо, эффекттүүлүк  жана эффективдүүлүк да шарттуу түрдө. Анткени художниктер көбүнчө эффекттүү эмес, эффективдүү да эмес билдирүүлөрдү жаратышат. Эмгек эффективдүү эмес болуп, бирок автор үчүн программага айланышы мүмкүн.

Искусствого карата эффективдүүлүк жана жоопкерчилик маселеси өтө татаал, анткени ал ушуга окшош догмаларды кабыл албоого аракет кылат. Ошентсе да, пайдалуулук категориясы да кээде жаман эмес. Бул фестиваль толугу менен ошондой “пайдалуу” эмгектерден турат. Бул – долбоорду каржылаган кураторлор жана уюштуруучулардын көз карашы болчу. Баары Ботаникалык бактын кайгылуу абалын көрүп турушат. Ошондуктан көбүнчө искусствого эмес, архитектура, дизайнга тийиштүү чыгармалары бар художниктерди чакырабыз деп чечилген. Бул чыгармалар сын чыгармалар эмес экендиги анык. Бул жол менен фестиваль искусство гана эмес, кененирээк, визуалдык маданият, тигилген бак-дарактардын архитектурасы, шаар маданияты жана башка көп нерселер жөнүндө фестивалга айланды. Ошондуктан бул фестивалды классикалык түшүнүктөгү “паблик-арт фестивалы” деп так белгилесе болот деп айта албайм. Бул жалпы элдик мейкиндиктеги экология жана маданият фестивалы го дейм.

Диана: Фестиваль ачылгандан кийин кесиптештерибиз менен аны ойлонуштуруп жатып, биз да ушундай түшүнүккө келдик. Бул көбүрөөк Ботаникалык бакты шаардын заманбап контекстинде жаңыча сунуш кылууда маанилүү активисттик, экологиялык, маданияттык иш-аракет. Кээ бир эмгектерге карата “эмне үчүн бул”, “эмне үчүн бул жерде” деген суроолор бар дечи, бирок, жалпысынан алганда, бул жерде аракет өзү маанилүү.

Сергей: Ооба. Мен дал ошондой пайдалуу сыяктанып көрүнгөн чыгарма жаратууга аракет кылдым. Ошондуктан ал эки маанилүү болуп калды: бир жагынан, кийинки колдонууга керектүү, экинчи жагынан, менимче, бул шаар үчүн күрөштүн жаңы башталган тарыхын бекемдеген, фестивалга керектүү контексттерди киргизген, сын потенциалы бар эмгек эле.

Диана: Сенин жумушуң – шаарда конкреттүү мейкиндик же болуп өткөн окуя жөнүндө көрүүчү көбүрөөк ой жүгүртө баштаган белгилүү бир чекит болуп чыкты. Дал ошондуктан биз сага маектешип кетүүнү сунуш кылдык. Биздин оюбузча, мындай нерселерди талкуулоо, айтып өтүү маанилүү, анын ичинде долбоорго кошулган художниктин позициясын, ниетин угуу. Аны эмгектин өзү аркылуу деле көрсө болот дечи, бирок майда-чүйдөсүнө чейин айтып чыгуу маанилүүрөөк көрүнөт.

Сергей: Балким, менин долбоорумдун алсыздыгы – анын туристтик долбоор болушунда. Мындайча айтканда, мен Борбордук Азияга келип, кээде болуп жаткан нерселерди ката көз караш менен карайм, андыктан мен үчүн бул чыгарманын булагы интернет болду. Мен буга чейин Бишкекте болгон эмесмин, келип, узак изилдөө жүргүзө алган жокмун. Дал ошон үчүн концепциянын алкагында мен “экология”, “Бишкек”, “Ботаникалык бак” деген жана башка сөздөрдү терип, эртерээк таба алган маалыматты интернеттен чогулттум; ботаникалык бактагы өсүмдүктөрдүн сүрөтүнө мени ыза кылган так ошол макалаларды жайгаштырдым. Алар ачууну келтирген, мен үчүн кайгылуу, бирок бир жагынан шыктандырган, кандайдыр бир үмүт берген макалалар.

Диана: Балким, сен айткандай, долбоордун алсыздыгы ушундадыр, бирок долбоордун артыкчылыгы да бар. Сен бул мейкиндиктин сыртында туруп, күнүмдүк турмуштун айынан тунарган көз карашыбыз менен биз байкабаган нерселерди/көрүнүштөрдү/өзгөчөлүктөрдү байкай аласың.

Сергей: Мен ага макулмун. “Алсыздык” жөнүндө айтып жатып, мен, албетте, амалдап койдум окшойт. Анткени башынан ST()RE долбоорунун концепциясы боюнча башка контексттер менен мен алыстан таанышышым керек. Бул көбүнчө мага художник катары материалдарды тандоодо кыйла эркиндик жана прогрессивдүү аралыктын позициясында сүйлөөгө жөндөмдүүлүк берет.

Диана: Менде акыркы суроо “тема боюнча” эмес. Сен художник катары иштегениңден сырткары, “Арт активист” жана “Коллектор” порталдарынын редактору жана демилгечилеринин бири экенсиң. Кыскача карап чыккандан кийин алар белорустук заманбап искусство, ага маани берүү жана белгилүү бир түрдө архивдөө жөнүндө экенин белгиледим. Сен эмне үчүн порталдарды өнүктүрүү ишине кириштиң жана алардын максаты эмнеде?

Сергей: 2011-жылы белорустук искусство бир топ чегине жетип, граждандык коомдон алыстап кеткен эле. Ал өзүнүн ички көркөм маселелери боюнча гана иштеп, саясий окуяларга эч кандай мамилесин көрсөтчү эмес. Болбосо, искусство деген эң алдыда, анын ичинде саясий ой-пикирдин да авангардында болуш керектиги баарыбызга түшүнүктүү. Мен үч жылдын ичинде өзүмдүн уникалдуу көркөм тилимди жаратуудан баш тартууну, көңүлүмдү бүт активизмге, даяр ак-кара-кызыл активисттик эстетикага коюуну чечтим. Ошол убактын ичинде “Арт активистти” жасадым, анын максаты – белорустук искусствонун парадигмасын өзгөртүү, аны саясатка көңүл бурдуруу, белорустук көркөм коомчулук тоотпогон “квир-феминизм”, “постколониалдык теория”, “коомдук мейкиндиктеги искусство”, “саясий искусство” сыяктуу заманбап искусствонун негизги түшүнүктөрү жөнүндө айтуу болчу. Бүт ушул терминдер аз айтылчу жана үч жылдын ичинде портал белгилүү бир максаттарга, болгондо да практика жүзүндө, жетти. Белорустук визуалдык искусствосунда чынында дискурс алмашканын практикадан байкаса болот. Мындан ары кесиптештер менен кошо, конкреттүү түрдө Сергей Кирющенко жана көп башка маданият кызматкерлери менен, белорус искусствосунун музейин, архивин, энциклопедиясын түзүү керектигин талкуулаганбыз, анан бирөөгө арызданбаш үчүн биз муну өз алдыбызча эле жасайбыз деп чечкенбиз. Биз мунун үстүнөн бир нече жылдан бери иштеп келе жатабыз, бир катар ири изилдөөчү көргөзмөлөрдү өткөрдүк. Азыр белорустук заманбап искусствосунун энциклопедиясынын бир бөлүгү түзүлдү. Биз негизги чыгармалар жөнүндө жазабыз, архив түзөбүз. Мунун баары биз каалаган белорус заманбап искусствосунун толук кандуу музейин жасоо үчүн иштеп жатат. Биздин мамлекет авторитардык, башкаруунун тике формасын колдонот, ошондуктан бүт искусство жана маданият официоздуу, декоративдик, курч эмес, мокок болуп калган, музейлер да ошондой. Официалдык коллекцияда чогултулган нерселер, а анда өтө көп чыгармалар чогулган, искусствого эч кандай таандыгы жок. Ошондуктан биз заманбап искусствону, анын тажрыйбасын өз алдыбызча анализдөөгө кириштик. Бул баарыбыз үчүн чоң иш.

Диана: Силер, сен айткандай, чоң иш жасап жатыпсыңар, бул түшүнүү, пикир берүү үчүн маанилүү. Бирок силер тандоо өткөргөндөрдүн позициясына турдуңар. Энциклопедияны түзүп жатып, өзүңөрдүн позицияңарга жана түшүнүктөрүңөргө жараша бир нерсени киргизесиңер, бир нерсени киргизбейсиңер, бул түшүнүктүү да.

Сергей: Ооба, албетте. Дал ушул жерде жоопкерчилик жөнүндө, объективдүү көрүнүшкө жетиш үчүн же жок дегенде ага жакындаш үчүн биз колдонгон инструмент тандоо жөнүндө сүйлөсөк болот. Биз заманбап искусство дүйнөдө кандай каралса, бизде да ошондой контекстте караганга аракет кылабыз. Чыгармаларды жараткандардын тажрыйбасын анализдеп, кандайдыр бир маанилүү нерселерди тандайбыз. Башында бул кыйла жеңил, анткени биринчи тандоо анык, талашсыз. Ал аздыр-көптүр объективдүү көрүнүшкө талаптанат, мындайча айтканда, ал жерде өтө белгилүү аттар, чыгармалар бар жана алар заманбап искусство музейинде болбой коё албайт. Эч болбосо, кандайдыр бир “өтө баалуу” көркөм белгилери гана бар эмес, жаратылган мезгилдеги аябай маанилүү тарыхый, саясий контекстти чагылдырган чыгармаларды тандайбыз. Бул чыгармалар жөн гана бир касиеттүү болушу аз, ошондуктан бул ушундай кошумча, артыкча максат. Ошентсе да, мисалы, художник чыгарма үчүн соттолуп, жаза институттарында жана психологиялык диспансерлерде көрбөгөн тозокту көргөн болсо, анда ал чыгарма сөзсүз түрдө бизге түшөт, анткени бул ошол мезгилдеги коомду, тарыхый контекстти, анын ден соолугун жана эмоцияларын да чагылдырууга жардам берет. Биз чыгармалар жөнүндө жөн гана жазбайбыз. Биз тигил же бул чыгарма Белоруссия үчүн, биздин контекст үчүн, искусство үчүн, мүмкүн, жалпы искусство үчүн эмнеге маанилүү экендигин түшүндүргөн чакан изилдөө жүргүзөбүз. Өзгөчө, ал пайда болгон мезгилдин тарыхый контексти үчүн жана художниктин өзүнө жана анын замандаштарына канчалык маанилүү болгондогун айтабыз. Биз ар бир изилдөөчү текстте ушундай суроолорго жооп бергенге аракет кылабыз.