“Шаарды издөө” изилдөө көргөзмөсү

маданият шаар шаар 28.11.2017

“Шаарды издөө” изилдөө көргөзмөсү

Үстүбүздөгү жылдын 21-ноябрында “Асанбай-центр” галереясында “Лаборатория СИ” уюмунун билим берүү программасынын жыйынтыктары боюнча “Шаарды издөө” изилдөө көргөзмөсү ачылды.

Социологиялык теорияга таянып, шаарды түшүнүүнүн үч тилин белгилесе болот: бийик модернизм, хипстердик жана жаңы урбанизм. Бул оптикага ылайык, шаар, биринчи кезекте, анын өзгөрүүсүнө жана өнүгүү логикасына шарт түзгөн үстөмдүк кылган негизги сүрөттөө тилинде калыптанат.

Ушул тилдерге ылайык элементтерди/мейкиндиктерди Бишкектен тапса болот. “Шаарды издөө” көргөзмөсүндө эки ай ичи изилденген үч объект көрсөтүлгөн. Алардын ар бири шаарды сүрөттөөдө тигил же бул тилдин бир аспектин бир канчалык деңгээлде түшүндүрөт: “Ала-Тоо” аянты, жатакана (“общежитие”), 105-сериядагы типтүү батир. Объекттер архивдик сүрөттөр, видео-арт инсталляция түрүндө тартууланды.

Көргөзмө 2017-жылдын сентябрь айынан ноябрь айына чейин Бишкекте өткөн  “Шаарды издөө” көркөм-изилдөө программасынын натыйжасында жаралган. Программанын катышуучулары: Мунара Корпотаева, Улугбек Садыбакасов, Элина Самыйбек кызы, Дара Турмагамбетова, Рейхана Турдиева, Алима Токмергенова, Юлия Чалова, Алтынай Абдрахманова. Көргөзмөнүн кураторлору: Алмаз Исаков, Джошик Мурзахметов, Диана Ухина.

Ошондой эле, көргөзмөнүн алкагында 22-ноябрда саат 19:00-21:00 арасында “Ала-Тоо” аянтында борбордук фонтандын жанында аянттын түптөлүшүнөн бери азыркы учурга чейин болуп өткөн окуялардын архивдик-тарыхый жазууларын камтыган аудио-инсталляция угузулду.

“Шаарды издөө” изилдөө көргөзмөсүнүн каталогу.

Долбоор Швейцария Өкмөтү тарабынан Өнүктүрүү жана кызматташтык боюнча Швейцариялык башкаруу (SDC) аркылуу каржыланат.


“Шаарды издөө” көргөзмөсү 26-ноябрга чейин созулуп, экспозициянын иштөөсү учурунда Джошик Мурзахметов үч куратордук экскурсияны өткөрдү.