Чыгармачыл жаңсоо зарылдык катары (Алмата ш.)

шаар шаар 09.10.2017

Чыгармачыл жаңсоо зарылдык катары (Алмата ш.)

Алмаз Исаков

Бул материал “Шаар: made by…” журналынан алынды.

Астананын тургуну Несипкүл Уябаева, бузууга кете турган жеке менчик үйдө турат, ошондуктан ал үйүнүн дубалдарын Казахстандын президенти Нурсултан Назарбаевдин портерттерин түстүү принтерден чыгарып, чаптап чыккан. Ал аялдын айтуусу боюнча, үйүнүн дубалына президенттин 91 портетин чаптоо аркылуу «Майский»[1] деп аталган мурдагы бак өстүрүү чарбасынын шериктигиндеги үйүн бүгүнкү бузуусун токтотууну каалаган.

Несипкүл Уябаева, укуктук жолдор менен күрөшүүдөн үмүт үзүп, чоң мамлекеттик күчтүн алдында күчсүздүктү сезип, көнүл бурбоого мүмкүн болбогон иштелип чыккан чыгармачыл жаңсоо жасады. Несипкүл, түздөн түз презиндентке эмес, анын образына кайрылып жатат. Мындай жаңсоо, биринчиден «абага тараганды» кармап калып, экспонаттап жатат – тоталитардык режимде диктатордун образы абсолюттук, талашсыз бийликти билдирет. Экинчиден, бул жаңсоо бийлик образынын партизандык катышуусу болуп калат. Несипкүл, бийлик/президент тарабынан санкциаланган өзүнүн үйүн бузуудан сактап калуу үчүн Назарбаевдин портерттери менен чаптап чыгууда.

Фото: informburo.kz

«Мен эмне үчүн бул портертти илип койдум, анткени чиновниктер Кудайдан коркушпайт, эч кимден коркушпайт, жок дегенде биздин президенттен коркушсун. Биздин презиндент эл жакшы жашасын деп, келечегибиз, баардыгы жакшы болсун, бийик деңгээлде болсун деп өзүнүн саясатын кармап келатат го, а бул жакта биздин жерлерибизди тартып алып, көчөгө ыргытып жатышат» Несипкүл Уябаева

Несипкүл айткан президенттин саясатын кыскача, анын, президенттин өзүнүн сөзү менен мындай мүнөздөсө болот: «бетти жуудук, көчүк жыртык»[2]. Бул кырдаалда президентти анын Астана долбоорунун эстетикалык курамы тынчсыздандырат. Мындай тынчсыздануу анын «Астана Экспо» долбоору менен дагы күчөтүлүп атат. Андай иш-чаралар туристтердин,ишкерлердин/потенциалдуу инвесторлордун чоң агымын өлкөгө келүүсүнө түрткү болот, жана шаар улуттук сыймыкты укмуш кылып көрсөтө турган чон сахнаша айланат. Мындай окуялардын контексттинде, жана негизи эле шаар жөнүндө (бийликтин) элестетүүсүндө, Несипкүлдүн үйү сыяктуу имараттар, «маскаралыкты» жашыруу үчүн жаап кое турган, жанагы «жыртык көчүк» болуп чыга келишет. Белгилей кетчү нерсе, мындай кырдаал архетиптүү жана либералдуу оптиканын ыраатсыздыгын ачып көрсөтүүдө. Президент, «маскаралыктан» коркуп, ал «маскаралыкты» күчөтө турган, азыркы кырдаалда – бул Несипкүлдүн үйү, ар кайсы факторду жок кылуу чечимин кабыл алды. Бирок бул үй Казахстандын жаранынын үйү. Эгерде бул үй ушунчалык начар болсо (биз үчүн «начар/эстетикага жатпаган» жана «жакшынакай/эстетикага жаткан» нерселер эмне экенин териштирбей эле коелу), бул мистер президенттин күнөөсү. Ал жарандын ыйлатаарлык кырдаалы, бийликтин жүргүзүп жаткан саясатынын түздөн түз натыйжасы. Бирок, бийлик муну «ар ким өз ийгилиги үчүн жоопкер» маанисинде либералдык чеберликти колдонуу аркылуу кылдаттык менен теңдеп (нивелирдеп) коюуда.

Жогоруда айтылгандар Несипкүлдүн чыгармачыл жаңсоосун саясий билдирүү катары дагы да ачыгыраак кылууда.  Алматыда болуп өткөндөй, тилектештик көрсөтүүгө мүмкүн болгон саясий билдирүү. Алматынын шаардык мейкиндиктеги кээ бир объетилеринде, биздин түшүнгөнүбүзгө караганда ал объектилер коркунучтуу аймакка киришет же шаар тургундары менен бийликтин кызыкчылыктары кагылышкан учуру болгон аймактарда Назарбаевдин портети менен стикерлер жана ага, Назарбаевге тиешелүү деп берилген цитаталар пайда болгон. Чындыгында болсо, ал цитаталар сол көз караштагы шаар теоретигдерине, А.Лефевр, Д.Харви ж.б. тиешелүү. Цитаталар президенттин/бийликтин көз карашына таптакыр карама-каршы келген шаардын концепцияларын көргөзөт. Бийликтин бекитилген образы эми субверсия болуп калды. Бул иште сүрөтчүлөрдүн топторубу, же бир сүрөтчүбү, же болбосо көңүл кош карабаган жарандар катыштыбы белгисиз, бирок форманын иши борбордоштурулган экен. Концепциялардын  карама-каршылыгынын негизинде, Назарбаев үчүн мамлекет жана шаар жалпысынан анын жана ресурстарга ээ ар кандай өнөктөштөрдүн элестетүүлөрү менен макулдаша турган, жеке долбоору катары көрүлөт. Ошол эле учурда сол көз караштагы теоретигдер үчүн, бийликтин эсептеше турган ар бир шаар тургунунун шаарга болгон ажырагыс укугу бар.

Ушунун баарын эске алганда, концептуалдык сүрөтчүлөргө жана заманбап искусствонун кураторлорлоруна ( өздөрүн куратор, сүрөтчү эсептегендер жана репрезентациалагандар) гана «силер кайдасыңар?» деген суроо жаралат. Саясий күрөшкө болгон потенциал түгөнүп калгандай сезимдер жаралат. Мындай сезимдерди, кээ бир кураторлордун келбетин жеке байкоо тастыктоодо. Алар үчүн саясий маанидеги искусство каржылоо алуу үчүн, тазалыкчыларды жалдоо менен ыңгайлуу шарттарда жашоо үчүн жөн гана тема. Ошондуктан ар чыгармачыл/саясий билдирүү өлүү түшкөн сыяктуу. Башка акторлор тарапка, жаратылып жаткан материалдардын төмөн сапаттулугуна тиешелүү ар бир асылуу сындагандардын өздүк жасалмалуулугун билдирет. Бул жерде маселе сын ыргытылган тарапта эмес, сын айткандар тарапта болуп, сын айткандар символикалык түрдө искусство тармагында капиталга ээ болгондор. Азыркы замандын балакети өзүн башкача тааныткан буржуазияда жатат дешет, бирок ал андай эмес. Азыркы замандын балакети сол көз караштагы сүрөтчүлөр, кураторлор жана активисттердин мимикриясына жамынган буржуазияда.

[1][Ожидающая сноса астанчанка обклеила дом портретами Назарбаева

https://rus.azattyq.org/a/28477852.html]

[2]Ожидающая сноса астанчанка обклеила дом портретами Назарбаева.https://rus.azattyq.org/a/28477852.html.