Советтик келечектин шаары же тарыхтын шарттуу ыңгайы (Алмата ш.)

шаар шаар 04.10.2017

Советтик келечектин шаары же тарыхтын шарттуу ыңгайы (Алмата ш.)

Анна Гураевская

Иллюстрация: Тото Мурзахметов

Бул материал “Шаар: made by…” журналынан алынды.

Тарыхын баяндап бергим келген микрорайон менин жүрөгүмдү өзгөчө жылытат, жана күнүгө ар бир көчөсүнөн басып баратканда, эгерде 1991-жылы дүйнөдөгү эң чоң өлкө жоюлуп кетпегенде Самал үчүн баардыгы кандай болуп калаарын балача кыялданам. Бирок биздин билишибизче, тарыхтын шарттуу ыңгайы болбойт, ошондуктан мен долбоор боюнча кандай болуусу керек болгондугу менен чындыгында кандай болуп калганы арасында паралель жүргүзөм.

80-жылдардын башында Алма-Атада, бир түрдүү жатак микрорайондорунун курулушун токтотуу үчүн жаңы турак жай районунун курулушу башталган. Самалдын курулушу боюнча долбоор бир топ эле кымбат болгонунан баштасак. Анын ишке ашуусу, Казахстандын КПнын Борбордук Комитетинин секретары Динмухамед Кунаевдин СССРдин жетекчиси Леонид Брежнев менен болгон жакшы жеке мамилелерине байланыштуу болгон. Архитектор Алмас Ордабаевдин эскерүүсүндө, ал долбоорду союздун деңгээлинде бекитишкен. Бул жерде алдыңкы турак жай курулушу менен, бир катар маданий, спорттук, коомжук жана башкармалык объектилери бар, шаардын жаңы борбору түзүлөт деп божомолдонгон. Архитекторлор бул жерле бир гана жогорку сапаттагы жашоону камсыздаган үйлөрдүн жаңы типтерин санап көрүштү. Үйлөрдөгү батирлердин тиричилик аянты бир киши үчүн 12-20 квадраттык метрге чеийн чоңойтулат деп божомол кылышкан. Бул көрсөткүч ошол учурдагы нормативдерден эки эсе чоң –  ал убакта бир кишиге 9 квадрат метр болгон. Үйлөрдүн конструкциясы бекемдүүлүгү менен айырмаланган.

Самалдын архитекторлору жашоочуларга техникалык жана тиричилик кызматынын көптөгөн новатордук чечимдерин иштеп чыгышкан. Таштандыны пневматикалык жоготуу сыяктуу эң эле чечкиндүү идеялар, ошентип ишке ашпай калган, бирок кээ бир нерселерди ишке ашыруу мүмкүнчүлүгү болду. «Райондун баардык коммуникациясы, анын ичинде жарык, суу жана газ жер астындагы каналдарга орнотулуусу планданган. Ал тоннелдер киши боюндай болуп, сыртка чыгуучу жолдору бар болгон. Ошентип, түтүктөрдү оңдоп-түзөө үчүн бүгүнкүдөй болуп, курулушчулар короолорду жана көчөлөрдү казып чыкпайт болчу. Уста, жөн гана тоннелге кирип, керектүү участокту алмаштырпып коймок. Самал-1 районунда бир нече тоннель ошондой болуп жасалган», – дейт архитектор Мэлс Сафин.

Шаардын башка райондорунан Самалдын башкы айырмачылыгынын бири үй курулуштарынын кварталдык тибине аз-аздап өтүүсүндө. Микрорайондук курулуш үйлөрдүн аймак боюнча бөлүк-бөлүк болуп, эркин жайгашуусун жана ал үйлөрдүн ортосунда, конкреттүү үйлөргө байланбаган чоң коомдук мейкиндиктерди түзүүнү билдирет. Көптөгөн жылдар бою мындай ыкма акталды деп эсептелинип келген, бирок, убакыт өткөн сайын бул мейкиндиктер жашоочулар тарабынан «эч кимге таандык эмес» деп кабыл алынып, жайлаштырылбай, ээн жерлерге айлууда, же чаржайыт кашаалар менен бекитилүүдө. Микрорайондуктан айырмаланып, кварталдык пландоо принциби райондун чоң эмес участкаларга тор түрүндө кварталдын ички өтмөктөрүнө, жөө жүргүн жана шаар көчөлөрүнө бөлүнүүсүн божомолдойт. Периметр боюнча жайгашкан кварталдын үйлөрү жабык короолорду түзөт. Самалды пландап жатканда архитекторлор ички короолорду рационалдуу пландоого абдан чоң көңүл бурушкан. Ал короолор так спорттук жана оюн зоналарына, ошондой эле автоунааларга орун бөлүнгөн. Самалга мүнөздүү дагы бир өзгөчөлүк – жашылдандырылган кенен тротуарлар. Ал тротуарларды көчөлөрдүн кызыл чегинен турак жай курулушунун жетпеген жеринин эсебине салышкан. Мындай ыкманын эң эле көрүнүктүү мисалы Самал-1 микрорайонундагы Жолдасбеков көчөсүнүн боюндагы кенен аллеяда көрсө болот, ал аллеяда тротуар, веложол, эс алуучу жайлар жана оюн аянтчалары жайгашкан.

80-жылдардын ортосунда бул жерге 10500 орунга ылайкталган универсалдуу спорттук-көрүнүктүү комплекс куруу чечими кабыл алынган. Ал комплекстин проектисин «Алматыгипрогор» А.С. Кайнарбаев жана М.Ф. Жаксылыков атту архитекторлор түзгөн. Комплекстин залы ар кандай мелдештерди өткөрүүгө, хоккей матчы үчүн муз аянтчасына жана муз бийине, масштабдуу концерттерди уюштурууга ылайыкташтырылган. Курулуш уникалдуу конструкцияга ээ болгон – асма чатырлар төрт таянычка бекитилип, имаратка оордук келтирген эмес. 1995-жылы курулуш токтоп калган. Имарат черновой оңдоп-түзөөдө турган, трибуналар даяр болуп калган. Ага карабастан, 2006-жылы ал имарат бузулган. Анын ордуна DostykPlaza оюн-зоок-соода борбору  курулуп, ал соода борбору 134 000 квадраттык метр аянтка ээ, ар бир дем алыш күнү 35 миңге чейин киши барат.

Дагы бир ишке ашырылбай калган долбоор – Фурманов жана Жолдасбеков көчөлөрүнүн бурчунда жайгашуусу пландалган комсомол мектеби. Долбоордун ишке ашырылбай калышын түшүндүрсө болот – доор алмашты жана ВШКнын (Высшая школа комсомола- комсомолдун жогорку мектеби) өзүн өзү аныктоосу биздин заманда архаизмдей сезилет: «Комсомолдун жогорку мектеби – комсомолдук уюмдарда, аймактык жана республикалык комсомол мектептеринде, жаштар газеталарында, редакцияларында, радио, телевидение ж.б. жерлер үчүн адистерди даярдоочу жогорку окуу жай».

Биринчи жогорку комсомолдор мектеби 1969-жылы Бүткүл союуздук лениндик  комсомолдук жаштар союзунун Борбордук  Комитетинин  (1945-жылы ачылган, ЦК ВЛКСМ) Борбордук Комсомол Мектебинин базасында ачылган. ВШКга союздук өлкөлөрдүн ЦК ЛКСМдеринин, комсомолдун обком жана крайком бюролорунун рекомендациялары аркылуу кабыл алуу жүргүзүлгөн. ВШКнын биринчи курамында бир канча факультет болгон: тарых жана коммунисттик тарбия факультети, комсомолдук иш факультети; аспирантура жана 14 кафедра (анын ичинде комсомолдор ишинин теориясы жана практикасы, ВЛКСМдин, массалык-саясий жана маданий-агартуучу иштин, пионердик иштин тарыхы ж.б.). Андан сырткары, мектеп конкреттүү социологиялык изилдөөлөрдүн, маалыматтарды жана ВЛКСМдин тарыхын жалпылоолордун жана анализдөөнүн (эсептөөчү борбор менен) илимий-изилдөөчү лабораториялары менен жабдылган. Мектептин аймагында спорттук комплекс – стадион, сүзүүчү бассейн, жайкы спорттук лагерь, китепкана (300 миңден ашык том китеп). Тарых жана коммунисттик тарбия факультетинин бүтүрүүчүлөрү дипломдук иштерин жактап, мамлекеттик экзамен берип, тарых жана коом таануу, коммунисттик тарбия берүү боюнча методист квалификациясы ыйгарылгандыгы тууралуу диплом алышкан.

Мындай долбоор үчүн 80-жылдары «базис да, надстройка да» жок болгону түшүнүктүү. Өз маанилүүлүгүн жоготкон комсомолдор мектебинин ордунда пайда болгон имаратты тандоо мезгил менен таңууланды – соода борбору. Ошентип, Самалда «Рамстор» пайда болду. Долбоор революциялык болду, жаңы имарат кишилердин соода кыла турган жер тууралуу ойлоруна таптакыр туура келбейт эле. «Рамсторго» барган Алматылыктар жана шаар коноктору сүйүнүү менен: «Соода борборунун ичинде кинотеатр бар экен! Муз аянтчасы дагы!» – деп айтып берип жатышты. Казакстандыктар таң калып жана кубанып жатышты, ал эми келген чет өлкөлүктөрдүн реакциясы башкачараак болду. Аларды кинотеатр, муз аянчасы, казакстандыктарга ошол учурда тааныш эмес товарлары бар витриналарга таң калтырган жок. Алардын көңүлүн таптакыр башка нерсе бурду – супермаркетте автоматтар менен күзөтчүлөр турчу. «Бул эмне үчүн?», – деп, коркуу менен чет өлкөлүк коноктор сурап жатышты. «Уурулук болбосу үчүн», – деп жергиликтүүлөр түшүндүрүштү. Мындай жооп дагы башка жаңы жоопту жаратты: «Эгер бирөө колбасаны жула качса эмне болот? Аны автомат менен аткылап салышабы?».

Ушул кичинекей мисал көрсөткөндөй, конкреттүү мезгил жана ошол мезгилге мүнөздүү өзгөчөлүктөрү бир гана курулуш долбоорлорун тандоодо эле эмес, ошондой эле курулган имараттар кандай жайланыштырылат жана ичинен кандай болуп көрүнөт экенине сөзсүз чагылдырылат.

Самал микрорайонундагы дагы бир имарат №131 Б.Момышулы атындагы мектеп тууралуу сөз кылсам. СССРде көптөгөн мектептер бир типтүү долбоор менен курулчу. Жыйынтыгында, кимде ким Советтик мезгилде мектепке барган болсо, өздөрүн «Ирония судьбы» («Тагдыр тамашасы») тасмасынын каармандарынын ордунда сезүүсү оңой эле болгон, улам бир мектепке көчүп, же бир шаардан экинчиге көчүүдө, окуучулар классташтар менен мугалимдерди эле алмаштырышчу. Мектептин имараты, ал мектептин ички түзүлүшү, керек болсо парта жана отургучтар бирдей эле болчу. Мындай көрүнүш жаңы мектепке көнүүнү оңой кылчу беле? Балким. Мындай көрүнүш окуучулардын ой жүгүртүүсүн бир типтүү кылчу беле? Толугу менен мүмкүн. Мындай көрүнүш (ачык түстөрдүн жок болуусу менен бирге) окуп-үйрөнүүнү жадатма жана аз таасирдүү кылчу беле?

Алматылык архитектор Марат Жаксылыков, №131 Б.Момышулы атындагы мектептин долбоорунун үстүндө иштеп жатканда ушул маселе тууралуу ойлонуп калганбы, айтор. Бир типтүү эмес мектеп имараты 44 класстык бөлмөгө эсептелген, мектептин ортосунда ички короо бар болгон, мектеп жарык фонарлары менен жабдылган.

1990-2000-жылдары Самалда баштапкы курулуштарга таптакыр туура келбеген бизнес-борборлор жана турак-жай комплекстери тургузула баштады. Курулушчулар кадыр барктуу райондордон ар кайсы бош жаткан жер тилкелерин сатып алып жатышты.

Үлгүлүү «кыялдагы микрорайондон» Самал акырындык менен эч нерсеси менен айырмаланбаган турак-жайга айланды. Мындай советтик келечектин шаарынын үлгүсү чындыкка айланган жок, бирок таптакыр башка тарыхтын башталышы болуп калганы чындык.

 

Булактар:

  1. Антонов, Святослав. 2016. «Алма-Ата, которой не было: Микрорайон Самал». Алматы.
  2. Ордабаев, Алмас. Фотографии и эскизы из личного архива.