“Искусство жана эмансипация: О. Мануилова жана замандаштары” көргөзмөсү

гендер 18.05.2017

“Искусство жана эмансипация: О. Мануилова жана замандаштары” көргөзмөсү

“Искусство жана эмансипация: О. Мануилова жана замандаштары” көргөзмөсү 2015-жылдын май айында Бишкек шаарында О. Мануилованын Эстелик үй-музейинде болуп өттү. Көргөзмө советтик сүрөтчү аялдардын эмгектери жана 1920-30-жылдардагы Борбордук Азиядагы эмансипация жөнүндөгү архивдик материал (фотосүрөттөр, гезиттердин жана Советтик доордун расмий иш кагаздарынын көчүрмөлөрү) аркылуу аял затынын коомдогу орду жөнүндөгү маселени көтөрдү. Көргөзмөнүн алкагында “Искусство жана Советтик Кыргызстандагы аялдардын эмансипациясы”, “Искусство/Феминизм/Социалдык тартип” деп аталган эки ачык лекция окулду.

“Искусство жана эмансипация: О. Мануилова жана замандаштары” көргөзмөсүнүн каталогу.

«Искусство/Феминизм/Социалдык тартип» лекциясы.

“Маданият кызматкери, жаран, активистканын добушу” макаласы.

Лидия Александровна Ильина (1915-1994-жж.) Кыргыз ССРинин Эл сүрөтчүсү (1963-ж.), СССР Мамлекеттик премиясынын лауреаты (1971-ж.). Л. А. Ильина улуттук сүрөт искусствосунун башатында турган жана кыргыз графикасынын негиздөөчүсү деп эсептелет.

Ольга Максимилиановна Мануилова (1893-1984-жж.) – Кыргыз ССРинин Эл сүрөтчүсү (1954-ж.), Эмгек Кызыл Туу ордени менен сыйланган (1954-ж.). Монументтик-декоративдик скульптуранын чебери; эмгектеринин арасында портрет жана майда пластика да бар. Советтик кыргыз скульптурасынын өнүгүшүндө чоң роль ойногон.

Мануилова О. М. “Жылдыз кармаган кыз”, 1950-ж. Гипс, О. Мануилованын үй-музейи
Мануилова О. М. “Эскиз”, 1924-1927-жж. Калем, кагаз, О. Мануилованын үй-музейи

Бул эскизди биз сүрөт, чиймелер тартылган көптөгөн альбомдор, кыркынды кагаздар, Ольга Максимилиановнанын географиялык карталарынын үзүндүлөрүнө тарта салган элестерди карап жатып, таап алдык. Ал өзүнүн мазмуну – жаңы мүмкүнчүлүктөрдү алып келген жаңы дүйнөнүн келүү идеясы менен биздин көңүлүбүздү бурду. Эскиз сүрөтчүлөрдүн күчү жана чеберчилиги карапайым калк менен иштөөгө багытталган мезгилге – 1920-жылдарга караштуу. Ал убакта плакат искусствосу катуу өнүгүп, сүрөтчүлөрдүн эмгектери менен кооздолгон үгүт поезддер иштеп, ошол эле сүрөттөр массалык майрамдарда колдонулуп жаткан кез эле.

Мануилова О. М. “Эскиз”, 1924-1927-жж. Калем, кагаз, О. Мануилованын үй-музейи

О. М. Мануилова 1920-жылдын 1-майында Ташкент шаарына келип, ошол эле жерден басмачылык, интервенттер менен күрөшүү, аял затына азаттык жана эркиндик берүү темаларында плакат даярдоо жумуштарына жөнөтүлгөн. Ошол эле жылы ал Чыгыш аял затын бошотуу темасында плакат тартып, ал плакат өзбек тилиндеги ыр саптары менен коштолуп, Ташкенттин көчөлөрүндө жана мекемелеринде кеңири тарайт. Тилекке каршы, бир да плакат сакталып калган эмес. Мүмкүн, ушул эскиз ошол плакаттын кандайдыр бир прототиби болгондур. Бул жерде Ольга Мануилова аял затын эркектин кысуусунан бошогон жумушчу катары сүрөттөгөн. Сүрөтчү башкы каарманын улуктап, аны бийиктикке жайгаштырып, аялга болгон жаңыча мамиленин символу кылып – чыгып келе жаткан күндүн нурунда тарткан. Сүрөттүн стилистикасында авангардист сүрөтчүлөрдүн таасири билинип турат. Буга ошол мезгил, өлкөдөгү абал, Ольга Мануилованын Владимир Маяковский менен тааныш болгондугу таасир эткен. Живопись, скульптура жана архитектура училищесинде окуп жаткан мезгилде Мануилова Маяковскийдин жетекчилиги астында башка студенттер менен бирге бир топ плакаттарды жасаган.

Мануилова О. М. Спортсменкалар (эскиздер), 1930-жж. Калем, кагаз, О. Мануилованын үй-музейи.

1918-жылдан баштап социалисттик өлкөдө спортко алдыңкы тарбиялоочу роль бөлүнөт. Дене тарбияны күчтүү пропаганда кылган физкультура параддары, ар кандай спорттук майрамдар өзүнө камтылган идеялык багытты даана көрсөтүп турат. 1920-30-жылдары советтик мезгилдин искусствосунда спорт темасы популярдуу болуп, “жаңы” адамды жана анын жетишкендиктерин, жаш Советтик өлкөнүн күч-кубатын мактаганга арналган. Бул убакта Мануилова спортсменкаларга арнап бир катар набросок тарткан. Анын спортсменкалары “назик” көрүнбөгөндүгү кызык: муну менен Мануилова аял затынын ички түзүмүн ачып көрсөтүп, илгертен көнүмүш элесин бузгансыйт.

Мануилова О. М. Стахановчу аял, 1968-ж. Боёлгон гипс, О. Мануилованын үй-музейи.

Социализм курулуп жаткан жылдар аялдарды коомдук өндүрүшкө кеңири тартуу менен мүнөздөлгөн. Экономиканын жалпы көтөрүлүшүнүн негизинде жумушчулар табынын саны өсүп, эл чарбасында, негизги кесиптерди талап кылган коомдук өндүрүштө аялдар көбөйгөн. Стахановчу аялдар көмүр, токой жана башка өндүрүштөрдө пайда болгон.

            *Стахановчулар кыймылы (А. Г. Стахановдун жолун жолдоочулар) 1935-жылдын август айында өндүрүштө коюлган нормалардан ашып, өндүрүмдүүлүктү жогорулатуу үчүн социалисттик жарыштын кандайдыр бир түрү катары пайда болгон.

Ильина Л. А. Студент кыздар. “Кыргызстан жаштары” сериясынан, 1966-ж. Линогравюра, Г.Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм өнөр музейи Ильина Л. А. Кочкордогу телефонист кыздар. “Кыргызстан жаштары” сериясынан, 1966-ж. Линогравюра, Г.Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм өнөр музейи
Ильина Л. А. Дың айдоочулар, 1963-ж. Линогравюра, Г.Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм өнөр музейи
Ильина Л. А. Тянь-Шандан келген делегат аялдар. “Кыргызстан адамдары” сериясынан, 1960-ж. Линогравюра, Г.Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм өнөр музейи, Бүткүл союздук көркөм өнөр көргөзмөсү, 1961-ж.

1960-жылы Лидия Ильина республиканын Жогорку Кеңешине катышат. Ага Кыргыз ССРинин бардык облус, райондорунан делегаттар, делегат аялдар келип катышат. Сүрөтчү ошол жерден көптөгөн сүрөттөрдү тартып алып, алардын негизинде “Тянь-Шандан келген делегат аялдар” линогравюрасын жаратат.

Мануилова О. М. Тынчтык үчүн, 1954-ж. Боёлгон гипс, О. Мануилованын үй-музейи
Ильина Л. А. Дүйнө аялдары. “Тынчтык үчүн” сериясынан, 1964-ж. Линогравюра, Г.Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм өнөр музейи

Эки сүрөтчүнүн “Тынчтык үчүн” деп аталган эки эмгегин көргөзмөгө бирге коюп көрсөтүү менен биз аял затынын маданияттагы жана коомдогу образына кайрылабыз. Аң-сезимге сиңип калган пассивдүүлүк жана момундук аял затына позициясы жок, күрөшүүгө эрки жок объекттин гана образын берүүнү бекемдейт – эгерде ал бир нерсе үчүн ачык күрөшө турган болсо да, абстракттуу, бейтаасын дүйнө (тынчтык) үчүн гана күрөшөт.

Мындай көз карашты анын арасында аялдар өздөрү да кайталашат: мына бул жерде ушул сүрөтчүлөр өздөрү коомдук процесстерге активдүү катышканына карабастан, баары бир бийликтин тилинин ченемдүүлүгүнүн ичинде калып калышкан. Жадагалса эмгектердин аттарында да активдүүлүк, аракет жок – жөн гана “Тынчтык үчүн” деген үнсүз ураан бар.

Тынчтык үчүн күрөшүү ниетин биз тескери мааниге гана ээ деп карабайбыз. Бул ниет мында бул сөздү айткандардын согушсуз дүйнө болоруна ишенбегендигин, алардын саясаттан четтегендигин көрсөткөнсүйт. Ал эми биздин айтаарыбыз – мүмкүн биздин коомдо аял заты согуш абалында болгону туурадыр? Мүмкүн ал өз укуктары, мүмкүнчүлүктөрү үчүн жана коомдун калыссыз түзүлүшү, дискриминация, патриархатка каршы күрөшүшү керектир.

Мануилова О. М. Эгин боолоп отурган кыз. Эгин жыйноо, 1960-жж. Гипс, О. Мануилованын үй-музейи.

Аялдардын эмансипациясында коллективдештирүү чоң роль ойноду. Согуш баштала электе эле СССРдин калкынын курамында аялдардын саны 20 миллионго көп болгон. Мындай сан жагынан басымдуулук көбүнчө эркектердин өмүрүн алып кеткен массалык репрессиялардын айынан пайда болгон. Индустриалдаштыруу жана коллективдештирүүнүн башталышы менен эркектердин көпчүлүк бөлүгү канал, жол, электростанция, шаарларга фабрика жана заводдорду курууга керек болгон. Колхоздордо жумушчулар катары аялдар калган. 1940-жылы колхоздук жумушта 19 миллион аял иштеген. Алардын ичинен 100 миңи айыл чарба машиналарын айдап, 40 миңи мал чарбасын башкарып, 14,5 миңден ашыгы бригадаларды башкарып, 14 миңден ашыгы колхоздун төрайымы жана төрага/төрайымдын орун басары болуп иштеген.

Архивдик сүрөттөр

1920-30-жылдары Советтик Азияда жана Кыргызстанда аялдардын эмансипациясы бир маанилүү болгон эмес. Бийлик көптөгөн декреттерди жана токтомдорду чыгарып, Советтик айымдын эркиндигин жарыялап, расмий отчеттордо жана гезиттерде “миңдеген аялдар” боштондукту талап кылып жатат деп жазылганы менен, жаңы киргизүүлөр дайым эле жана толугу менен ишке аша берген эмес. Эмансипация процесстери жай жүргөн, анткени расмий иш кагаздары жер-жерлердеги абал, аймактарда ар кандай деңгээлдерде системалык иш жүргүзүүнү эске албай кабыл алынган. Райондордо адам жана акча ресурстары жетишпей, калктын калың катмары бул закондорду жактырган эмес, активист аялдарды өлтүрүп коюшкан кездер болгон. Бардык эле жерде чындап азаттык алуу үчүн ылайыктуу шарттар – аялдарды окуткан, коомдук эмгекке жана жашоого тарткан уюмдар жана демилгелер түзүлгөн эмес.

Кыргыздын пионер кыздары, 1929-ж.

Улуу Октябрь Революциясынын Кыргызстан аялдарына боштондук алып келүүсү (1917-1937). Иш кагаздардын жана материалдардын жыйнагы. /Ж. С. Татыбекованын редакциясы астында. Фрунзе, Кыргызстан, 1973-ж.

Каракол округунун Талды-Суу айылында аялдар клубунда уюштурулган сабатсыздыкты жоюу мектебинин отличница окуучулары, 1925-ж.

Улуу Октябрь Революциясынын Кыргызстан аялдарына боштондук алып келүүсү (1917-1937). Иш кагаздардын жана материалдардын жыйнагы. /Ж. С. Татыбекованын редакциясы астында. Фрунзе, Кыргызстан, 1973-ж.

Фрунзе шаарындагы педтехникумдагы сабатсыздыкты жоюу ийриминдеги сабак, 1932-ж.

Улуу Октябрь Революциясынын Кыргызстан аялдарына боштондук алып келүүсү (1917-1937). Иш кагаздардын жана материалдардын жыйнагы. /Ж. С. Татыбекованын редакциясы астында. Фрунзе, Кыргызстан, 1973-ж.

Аялдардын Советке катышуусу, 1925-ж. 8-2760, КР БМА
Активистка Рахима Закированын өлтүрүлүшү, 1932-ж. 0-24981, КР БМА
Аялдар бөлүмүндөгү консультация (Пишпек), 1927-ж. 2-2765, КР БМА
Паранжыны өрттөө, сүрөтчү О. Татевосяндын сүрөтүнөн, 1930-ж.0-34518, КР БМА
Кара-Кыргыз автономдук облусунун эмгекчи аялдарынын I съездинин катышуучулары, 1925-ж.

Улуу Октябрь Революциясынын Кыргызстан аялдарына боштондук алып келүүсү (1917-1937). Иш кагаздардын жана материалдардын жыйнагы. /Ж. С. Татыбекованын редакциясы астында. Фрунзе, Кыргызстан, 1973-ж.

Швейная фабрика Илбирс. ЦГА КФФД КР
Атактуу кызылчачы Зууракан Кайназарова өз тобуна тапшырма берип жаткан учуру

Улуу Октябрь Революциясынын Кыргызстан аялдарына боштондук алып келүүсү (1917-1937). Иш кагаздардын жана материалдардын жыйнагы. /Ж. С. Татыбекованын редакциясы астында. Фрунзе, Кыргызстан, 1973-ж.

Кураторлор:

Оксана Капишникова

Диана Ухина

Алима Токмергенова

Экспозиция: Николай Черкасов

Инфографика: Джошик Мурзахметов

Буклеттин дизайны жана вёрсткасы: Максат Болотбеков

Каталогдун дизайны жана вёрсткасы: Алмаз Исаков

Лаборатория си (ОФ АртФакт)

Бишкек, 2015